Министрлердин кезектеги жыйыны
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда уюмдун адаттагы максаттарын колдой тургандыгын дагы бир жолу ырастады. Мурдагыдай эле, талкуунун борборунда терроризм, экстремизм жана киберкоопсуздук багыттары болду. Бул чакырыктар бүтүндөй регион үчүн жалпы коркунуч катары белгиленип, кыргыз бийлигинин көз карашы боюнча, «биргелешкен жана координацияланган мамилени» талап кылат.
Бирок бул чогулушутар расмий макамына карабастан, барган сайын жөн гана саясий жөрөлгөгө айланып, маңызы жактан натыйжасыз болуп бараткандай. Коркунучтар тууралуу билдирүүлөр көбүнесе кагаз жүзүндө калып, конкреттүү фактылар менен тастыкталбай келет. «Тышкы чакырыктардын» көпчүлүгү абстракттуу мүнөздө болуп, аймактын реалдуу динамикасына дал келбейт жана жылдан жылга “какшама” адатка айланууда. Расмий билдирүүлөрдү кулак сыртында калтырып, маңызы жагынан караганда ЖККУнун ишмердүүлүгү коопсуздукту камсыздоо эмес, «сырткы коркунуч — ички биримдик үчүн» формуласын ишке ашырып жатканы анык болууда. Бул айла-амалдын борбордук элементи ислам дааваты же баягы эле «радикалдашууга» ислам идеологиясынын таасиринин өсүшүн ооздуктоого каратылган күрөш болуп саналат.
Акыйкатта, ислам фактору (камоолор, радикалдашуу боюнча айыптоолор, диний топтордун ишмердүүлүгү ж.б.у.с.) болбогондо мындай жолугушууларда талкуулай турган тема калмак эмес. Киберчабуулдар же болбосо «светтик экстремизм», «саясий экстремизм» делген нерселер бул аймактарда өзгөчө реакцияны талап кыла турган денгээлде байкалбайт. Чындыгында бул уюмдун биргелешкен коопсуздук инфраструктурасы кармоолор жана күч түзүмдөрүнүн «пропаганданы алдын алуу боюнча иштериндеги» кээ бир эпизоддорго гана таянат. Муну менен уюм туруктуу иш алып баргандай көрүнгөнү менен, болгону «коркунучтар жомогун» актоого мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда мүчө өлкөлөрдүн, айрыкча Орусиянын аскерий жана тышкы саясий багытынын легитимдүүлүгүн бекемдейт.
Бул Москвага постсоветтик мейкиндикте ЖККУнун тышкы саясий таасирин сактап калууга мүмкүндүк берет. Кыргызстан, уюмга төрагалык кылып жаткан чакта, бир жагынан киберкоопсуздук жана чалгын маалымат алмашуу сыяктуу бир катар демилгелерди сунуштады. Бирок, экинчи жагынан, бул демилгелердин ишке ашырылышы Кремль тарабынан белгиленген саясий чектердин алкагында гана ишке ашат. Коркунучтар абстракттуу, чечимдер формалдуу болуп, аракеттер саясий чектен чыкпашы керек.
Ал тургай киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференцияларды өткөрүү, аналитикалык борборлорду түзүү жөнүндө сунуштар, биргелешкен машыгуулар — мунун баары реалдуу коркунучка жооп берүү үчүн эмес, символикалык мааниге ээ болуп, атайын сценарийдин алкагында ишке ашырылууда. Бул жерде негизги максат чыныгы чакырыктарга туруштук берүү эмес, лоялдуулук архитектурасын бекем сактоо жана бирдиктүү сырткы көрүнүштү түзүү болууда.
Бул жагынан алганда ЖККУ көбүнесе сөз жүзүндөгү долбоор бойдон калууда, анын ишмердүүлүгү Кремль тарабынан белгиленген күн тартибине көз каранды. Көз карандысыз аналитиканын жоктугу, институционалдык өнүгүүнүн начардыгы жана идеологиялык багыт (биринчи кезекте исламга каршы күрөш) уюмдун беделин түшүрөт. Натыйжада, «жамааттык коопсуздук» аталышы артында Орусия өзүнүн саясий тартибин таңуулоо жана «Батышка каршы» жана исламга каршы күрөштүн жалгыз лидери катары тышкы саясий образын калыптандыруу жатат.
Ошентип, Кыргызстан төрагалык кылып жаткан уюмда кандай гана сунуштар сунушталбасын, ЖККУ эски иштөө моделинин чегинен чыкпайт. Ал чектелген автономия, ритуалдык саясий риторика жана «радикалдык» деп аталган жана далилденбеген учурларга таянуу аркылуу «коркунучтарга» каршы биригүү зарылдыгынын элесин актоого аракет кыла берет.
Худжад Джамиа