Орто Азия-Кытай саммити: Уйгур мусулмандарынын маселеси бул жолу да көтөрүлгөн жок!

54
0

 Орто Азия-Кытай саммити: Уйгур мусулмандарынын маселеси бул жолу да көтөрүлгөн жок!

2025-жылы 17-июнда Астана шаарында “Орто Азия – Кытай” экинчи саммити болуп өттү.

Комментарий:

Биз бул саммитте кол коюлган келишимдерден, расмий билдирүүлөрдөн жана кол алышуулардан тышкары эч ким көтөрбөгөн абдан маанилүү бир маселеге көңүл бурууңуздарды каалайбыз. Ооба, бул тема эч ким тарабынан козголгон жок жана бир ооз сөз да айтылган жок. Чынында, Кытай менен мамиледе бул маселе биринчи орунда турушу керек эле жана бардык башка маселелер экинчи планга коюлушу абзел болчу. Мусулмандык таза көз караш дал ушундай болушу шарт. Сиз бул маселе кайсы деп сурашыңыз мүмкүн?

Бул — Чыгыш Түркстан маселеси. Бул Кытайдын атеист режими тарабынан уйгур мусулмандарына жасалып жаткан жапайычылык менен кыргынга каршы туруу маселеси.

Ооба, азыркы учурда Иордан өрөөнүндө жана Газа тилкесинде яхудий түзүмүнүн (Аллах аларды лаанаттап, жүздөрүн кара кылсын) жасап жаткан кыргындары башка бардык маселелерди экинчи планга түртүп койду. Бул азыр ар бир мусулман үчүн жүрөктү ооруткан эң чоң маселе экени шексиз. Бирок бул саммитте уйгур мусулмандарынын азап-тозоктору жана алардан чыккан ачуу кыйкырыктар четке сүрүлбөшү керек болчу, ошондой эле Кытайдын ыплас акчаларына шилекейин агызган Орто Азия режимдеринин чыккынчылыгы да унутулбашы керек эле. Чынында, бул режимдер өздөрүн «мусулман калкынын кызыкчылыгы үчүн ири державалар менен кызматташуудабыз» деп көрсөтүшөт. Эгер чындап эле ошондой болсо, эмнеге бардык маселелерди четке коюп, уйгур мусулмандарынын маселесин негизги тема катары көтөрүшкөн жок?! Бул маселе аймактагы өздөрүн «мусулмандардын лидерибиз» деп көрсөткөн президенттерди ойготушу керек эле. Эгер мусулмандардын кубанычы жана кайгысы бир болсо, анда уйгур бир туугандарыбызды адамдык эмес мамиле кылган бул каргышка калган Кытай режими менен кандай кызматташуу жөнүндө сөз кылууга болот?! Кантип алар менен бирге күлүп, кучакташып, түбөлүктүү дос, жакшы коңшу боло аласыңар?! Бул эң жийиркеничтүү чыккынчылык жана коркоктуктун белгиси эмеспи?!

Чынында, Кытай бизге дос да, жакшы коңшу да эмес, анткени ал Чыгыш Түркстанды басып алган жана ал жактагы мусулмандарга алар мусулман болгону үчүн ырайымсыз кысым, зомбулук көрсөтүүдө.. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَا نَقَمُوا مِنْهُمْ إِلَّا أَن يُؤْمِنُوا بِاللهِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ﴾

«Алар (момундардан) жалаң гана ал (момун)дар кудурет жана мактоо Ээси болгон Аллага – асмандар жана Жердин падышалыгы Өзүнүкү болгон Затка ыйман келтиргендери үчүн гана өч алышты!» (Буруж сүрөсү, 8-аят)

Ошондуктан, Кытай сыяктуу ыплас нажас түзүм бизге кантип жакшы коңшу же дос боло алат?! Аллах Таала дагы айтат:

﴿قَدْ بَدَتِ الْبَغْضَاءُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ﴾

«Алардын силерди жаман көрүүлөрү ооздорунан ашкере болду. Дилдериндеги душмандыктары болсо андан да чоңураак». (Али Имран сүрөсү, 118-аят)

Кытайдын мусулмандарга душмандыгы ачык көрүнүп турган учурда аны менен достошуу — бул эң чоң чыккынчылык болуп эсептелет. Эгер мусулмандар Кытайдын нажас акчалары үчүн таштап коюлса, анда бул андан да чоң күнөө! Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٞ﴾

«Момундар эч шек-күмөнсүз ага-инилер». (Хужурат сүрөсү, 10-аят)

Пайгамбарыбыз ﷺ  айтат:

«المُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ، لا يَظْلِمُهُ وَلا يُسْلِمُهُ»

«Мусулман — мусулмандын бир тууганы; ага зулум кылбайт жана аны душмандын колуна таштабайт.»

Орто Азия режимдеринин Аллахтын буйруктары ачык-айкын турганда, уйгур мусулмандарынын маселесин уялбастан соодалашуусу — кечирилгис кылмыш! Бул аймактагы мусулмандар, айрыкча лидер болууга татыктуу өзбекстандык мусулмандар, бул режимдердин, өзгөчө өзбек режиминин кылмыштарына катышуудан сак болушу зарыл. Анткени көрүп туруп унчукпай коюу да кылмышка катышуу болуп эсептелет.

Биз мусулмандарга кайрылабыз: бул коркок режимдер уйгур маселесин жашырганда, аны эч качан унутпаңыздар! Тескерисинче, бул маселени көтөрүп чыгууга, аны Кытай менен мамилелерде артыкчылыктуу маселе кылуу үчүн өкмөткө катуу басым кылыңыздар! Эң азы, уйгур мусулмандарына каршы зулумду токтотмоюнча жана Чыгыш Түркстан мусулмандары жалгыз калбай, колдоо сезмейинче Өзбекстан режиминен Кытайга карата бардык долбоорлорду жана мамилелерди токтотууну талап кылыңыздар! Албетте, Чыгыш Түркстанды кытай оккупациясынан бошотуп, чыныгы эркиндик жана коргоону камсыздай турган Халифалык мамлекети кайра орногонго чейин бул убактылуу гана чара!

Фарук ал-Өзбекстаний

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here