Келишимди жандоо
Пакистан премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Исхак Дар Стамбулда өткөн Ислам кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-жыйынында Иранга каршы яхудий түзүмүнүн чабуулун кескин айыптап, аны эл аралык укуктун одоно бузулушу жана аймактык туруктуулукка олуттуу коркунуч деп мүнөздөдү. Дар мусулман өлкөлөрүнүн биримдигин күчөтүүнүн зарылдыгын белгилеп, Ислам кызматташтык уюмун бул кризистерди чечүүдө чечүүчү ролду ойноого үндөдү.
Комментарий:
Пакистандык тышкы иштер министри Исхак Дар 75 жаштагы мусулман. Пакистандын негизделгенине 77 жыл болду жана ал ушул өлкөдө жашаган адам. Ал 56 жыл мурун, 1969-жылы Аль-Акса мечитине болгон кол салууга жооп катары түзүлгөн уюмга кайрылууда. Ислам кызматташтык уюму түзүлүшү боюнча Бириккен Улуттар Уюмуна окшош, ал дүйнөгө мусулмандардын жалпы үнүн жеткирүү аракети катары пайда болгон. Бириккен Улуттар Уюму экинчи дүйнөлүк согуштан кийин «дүйнө эми башкача башкарылышы керек» деген ишеним менен, согушту мыйзамсыз деп жарыялоо жана согуш жүргүзүү укугун аз сандагы тандалган күчтөрдүн колуна берүү максатында түзүлгөн. Мусулмандар да, улуттук мамлекеттерге бөлүнүп кеткенине карабай, Палестина элинин кайгысын сезишкен. Ошентсе да, Аль-Акса чабуулуна чейин Ислам кызматташтык уюмун түзүүгө 24 жыл жана Палестинадагы эки согуш керектелген.
Жаңы дүйнөлүк тартипте каршылык көрсөтүү көп учурда улуттук мамлекеттер концепциясына чыккынчылык катары сыпатталат, ал эми зомбулук кылуу укугу эл аралык консенсус тарабынан «мыйзамдуу» деп табылган тараптарга гана берилет. Он жылдар бою кандуу кыргындар жана адилетсиздиктер Батыш уюмдарын гана эмес, эч кандай ролду аткара албаган Ислам кызматташтык уюмунун чыныгы жүзүн да ачыкка чыгарды. Анын мүчөлөрү өз ара согуштарда жүрүшөт же айрымдары башка мамлекеттердин союздашы болушат. Бул уюмда чечимдер кабыл алынып, сөздөр айтылганы менен эч нерсе аткарылбаган. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун кичирейтилген версиясына айланды. Буга негизги себеп — бул уюмда исламий мүнөз жок, болгону катышуучулары өздөрүн мусулман деп аташат.
Ислам кызматташтык уюмунун негиздөөчү хартиясында көрсөтүлгөн негизги максаттар жана милдеттенмелер — мүчө мамлекеттер арасында исламдык достукту жана тилектештикти бекемдөө жана чыңдоо; Ислам дининин чыныгы жүзүн коргоо, каралоо аракеттерин токтотуу; цивилизациялар жана диндер ортосундагы диалогду өнүктүрүү; толук жана туруктуу адамдык өнүгүүнү камсыз кылуу, мүчө мамлекеттердин жыргалчылыгын сактоо. Мындан тышкары, хартия мүчө мамлекеттердин өз алдынчалыгын, ички иштерине кийлигишпөөнү, эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн сактоону да көздөйт.
Бирок, Ислам кызматташтык уюму түзүлгөндөн бери мусулман өлкөлөрү туш болгон ар бир кризисте иштен чыкты. Жыйын өткөрүп, өкүлдөрү Иранга болгон чабуулдарга же Газадагы кыргынга нааразы экенин билдирсе да, бул уюм иш жүзүндө ишке ашпаган, ийгиликсиз түзүм бойдон калууда. Мусулмандар Батыш моделинде жаңы платформаларды түзүүгө муктаж эмес, аларга Пайгамбарыбыз ﷺ алып барган тарикат боюнча чыныгы Ислам мамлекетин куруу зарыл.
Исламда бизде Акабадагы ант берүү мисалы бар. Ибн Исхак мындай дейт: алар ант берүү үчүн чогулганда, Аббас бин Убад бин Нодла мындай деди:
هَلْ تَدْرُونَ عَلَامَ تُبَايِعُونَ هَذَا الرَّجُلَ؟ قَالُوا: نَعَمْ، قَالَ: إِنَّكُمْ تُبَايِعُونَ عَلَى حَرْبِ الْأَحْمَرِ وَالْأَسْوَدِ مِنَ النَّاسِ، وَإِنْ كُنْتُمْ تَرَوْنَ أَنَّكُمْ إِذَا نَهَكَتْ أَمْوَالَكُمْ مُصِيبَةٌ، وَأَشْرَافُكُمْ قَتْلَى أَسْلَمْتُمُوهُ، فَمِنَ الْآنَ فَهُوَ وَاللهِ إِنْ فَعَلْتُمْ خِزْيُ الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ، وَإِنْ كُنْتُمْ تَرَوْنَ أَنَّكُمْ وَافُونَ لَهُ بِمَا دَعَوْتُمُوهُ إِلَيْهِ عَلَى نُهْكَةِ الْأَمْوَالِ وَقَتْلِ الْأَشْرَافِ فَخُذُوهُ، فَهُوَ وَاللهِ خَيْرُ الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ، قَالُوا: فَإِنَّا وَاللهِ نَأْخُذُهُ عَلَى مُصِيبَةِ الْأَمْوَالِ وَقَتْلِ الْأَشْرَافِ، فَمَا لَنَا بِذَلِكَ يَا رَسُولَ اللهِ إِنْ نَحْنُ وَفَّيْنَا؟ قَالَ: «الْجَنَّةُ»، قَالُوا: ابْسُطْ يَدَكَ فَبَسَطَ يَدَهُ، فَبَايَعُوهُ.
«Бул адамга кандай ант берип жатканыңарды билесиңерби?»
Алар: «Ооба, билебиз», — дешти.
Ал: «Силер кызыл-кара түстөгү адамдар менен согушууга ант берип жатасыңар. Эгер мал-мүлкүңөргө зыян тийип, улуу башчыларыңар өлтүрүлсө, аны таштап кетесиңер деп ойлосоңор, азыр эле токтогула, анткени антты бузсаңар, бул дүйнөдө да, акыретте да шерменде болосуңар. Эгер мал-мүлкүңөр жоголсо да, улуу башчыларыңар өлсө да, чакырган ишине толук ишенсеңер, анда кабыл алгыла. Анткени Аллахка ант берүү, эки дүйнөнүн тең жакшылыгы!»
Алар: «Аллахка ант, биз аны мал-мүлкүбүздүн жоголушуна, башчыларыбыздын өлүшүнө карабастан кабыл алабыз. Эгер антты аткарсак, эмне алабыз, оо, Аллахтын Элчиси?» — дешти.
Пайгамбар ﷺ айтты: «Жаннат.»
Алар: «Колуңду сун!» — дешти. Ал колун сунганда, алар пайгамбарга баят беришти.
Исламдагы келишим — бул жөн гана сөздөр жана чогуу жашоо тууралуу убадалар эмес, ал — толук берилүү, милдеттенме. Пайгамбарыбыз ﷺ алган бул ант аны акыркы пайгамбар катары коргоого, анын миссиясын жана динди колдонууга жана коргоого багытталган. Бул анттын маанисин түшүнгөн мусулмандар сөз менен оюн ойнобойт, ондогон жылдар бою күтүп, өзүнүн аз жашоо мөөнөтүн мусулмандардын каны менен узартууга аракет кылбайт. Биз, мусулмандар, бул жалган убадаларды, шоу аракеттерди жана жасалма уюмдарды четке кагабыз, сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ га берген антты жаңылоону талап кылабыз жана армияларды жихадга чыгууга чакырабыз. Анткени жихад, дал ошол аркылуу гана ишке ашат.
Аллах Таала айтат:
﴿وَقَالُواْ رَبَّنَا لِمَ كَتَبْتَ عَلَيْنَا الْقِتَالَ لَوْلا أَخَّرْتَنَا إِلَى أَجَلٍ قَرِيبٍ قُلْ مَتَاعُ الدَّنْيَا قَلِيلٌ وَالآخِرَةُ خَيْرٌ لِّمَنِ اتَّقَى وَلاَ تُظْلَمُونَ فَتِيلاً﴾
«Дагы (ал тургай):«Раббибиз неге бизге согушту парз кылдың? Бизге бул ажалды кийинчерээк жиберсең кана» дешти. Аларга айткын: «Дүйнө жыргалчылыгы аз гана. Алладан корккон кишиге Акырет жакшыраак, Силерге кылчалык зулумдук кылынбайт». (Ниса сүрөсү, 77-аят).
Ихляк Жихан