Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Дүйнөдөн өткөн мусулмандын башка тирүү мусулмандарга болгон акысы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: «مَنْ شَهِدَ الْجَنَازَةَ حَتَّى يُصَلَّى عَلَيْهَا فَلَهُ قِيرَاطٌ، وَمَنْ شَهِدَهَا حَتَّى تُدْفَنَ فَلَهُ قِيرَاطَانِ، قِيلَ: وَمَا الْقِيرَاطَانِ؟ قَالَ: مِثْلُ الْجَبَلَيْنِ الْعَظِيمَيْنِ». رواه مسلم برقم 1633
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Ким жаназа окула электе жаназага барса, ага бир кыраат, ал эми ким көмүүгө чейин барса ага эки кыраат алат”. Эки кыраат деген эмне?,- деп айтылды. Ал айтты: “Эки чоң тоодой”.” Муслим риваят кылган 1633.
Урматтуу бир туугандар!
Жаназага катышуу мусулмандын өлгөн мусулман бир тууганынын алдындагы акысы. Чындыгында, бул соопко ээ болгон ибадат. Аллах Таала үчүн жаназага мындай мамиле кылуунун максаты, сабак алуу жана акыретти эстөө. Ошондой эле жүрөктө хушуу (коркуу) бейпилдиги, ой жүгүртүү жана өлүмгө көңүл буруу. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, мактоосу болсун) сахабалары ушул маанилерде жашап, өлүмдөн насаат алышкан.
Эй мусулмандар!
Аллах өлгөндөргө тирүүлөрүнүн үстүнөн укук берген бул диндин улуулугун айтып жатып муну сурамакчыбыз. Бүгүнкү күндө адам чыгарган мыйзамдардын арасында бул укуктун орду кайда? Адам укугу менен мактанган Батыш цивилизациясында өлгөндөрдүн тирүүлөргө болгон укугу барбы? Ал эми тирүүлөрдүн өлгөн акимдердин үстүндөгү укуктары кайда? Ислам өлгөндөргө укук берген сыяктуу, тирүүлөргө да укук берген. Ал эми тирүүлөр өлгөнгө караганда көбүрөөк укукка ээ. Жаназа намазы мусулмандар үчүн жалпы милдет (фарз кифая). Мусулмандардын акимдердин үстүндөгү укуктары акимге милдет жана фарз. Бул укуктардын эң негизгиси, үммөт акимдерге моюн сунуусу үчүн аларды Куран жана Сүннөткө ылайык башкаруусу. Бирок, батышка малай акимдер мусулман дүйнөсүндөгү бийликти узурпациялап, үммөттү четке каккандан кийин эмне дей алабыз? Алар үммөттүн укугунан гана ажыратпастан, аны наадандык чордонуна да батырышты. Ооба, биз аларды кулатып, урандыларына Куран жана Сүннөт менен өкүм жүргүзө турган, кол астындагылар арасында адилеттикти орното турган, алардын өлүктөрүнүн да, тирүүлөрүнүн да укуктарын тааный турган имамды тикелөө керек деп гана айта алабыз.
Оо, Аллахым чачылган мусулмандардын башын бириктирип, алардын башына түшкөн балээден арылтуучу Пайгамбарлык жолундагы туура жолдогу Халифалыкты тикелөөнү бизге тездет. Оо Аллахым, жерди асыл жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Амиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 27-зул хижжа.
2025-ж, 23-июнь.