Согуштар учурунда көмүскөдө калбаган Газа

37
0

Согуштар учурунда көмүскөдө калбаган Газа

Газа өтмүштө да, бүгүн да өрт ичинде бомбалоого дуушар болуп, курчоого алынып, ачкачылыкка учурап келет. Ачка, камоодо калган элди «гуманитардык жардам» деген шылтоо менен тузакка түшүрүп, андан кийин кырып жок кылуу аракети уланууда. Ушул учурда, яхудий түзүмү Иранга кол салып, абадан жана башка жолдор менен чабуул баштады. Муну менен Иран да ракеталык жооп кайтарып, түзүмдүн шаарларын аткылап баштаганда, дүйнө көңүлүн Иран менен болгон согушка буруп, Газага көңүл бурулбай, саясий жана медиа талкуулардын чордонунан чыгып калды. Бирок Газада кыргын жана кылмыш токтогон жок, тескерисинче күн сайын шахид кеткендердин саны өсүп жатат.

Яхудий түзүмүнүн Газада жүргүзүп жаткан согушуна жана анын чегинде аймакта болуп жаткан окуяларга баам салган киши, бул түзүм АКШнын толук колдоосу менен «каршылык күчтөрүн» деп айтылган блокту талкалап, жок кылууга аракет кылып жатканын көрөт. Бул аракет «нөл суммалык оюн» формасында жүргүзүлүп жатат. Нетаньяху аталган согуштан «толук жеңишке» жетүүнү көздөп, аны менен кошо Трамп да текеберчилик жана менменсинүү менен аралашууда. Алар Ортоңку Чыгышта «жаңы реалдуулук» орнотууну — бул жерде яхудий түзүмүнүн үстөмдүгү жана сокку уруучу күч болушун каалап жатышат. Бирок, түзүм аймакты кеңири масштабда кыруу менен чабуулга өтсө да, Газа өзгөчө каршылык көрсөтүп, Нетаньяхунун «жеңиш жарыясына» же ага жакындашына жол бербей келүүдө. Туткундар маселеси, согуштун узак убакытка созулуп, жихадчыларды түп-тамыры менен жок кыла албаганы, дүйнөлүк коомчулуктун басымы — баары биригип, күн сайын анын өкмөтү үчүн баш ооруткан маселелерге айланды. Өзгөчө, ачкалыкты колдонуп, жардам борборлорунда кыруу кылмышын жасагандан кийин дүйнө коомчулугу бул түзүмдүн бетин ачып, эл аралык деңгээлде аброюн түшүрдү. Бул арада түзүмдүн ичиндеги саясий кризистер да күчөп, өкмөттү таркатуу жана кайра шайлоо сунуштары коюлду. Ушул татаал абалдын ортосунда Нетаньяху Газа маселесинен качып, көптөн күткөн Иранга каршы сокку урууга киришти.

Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү Газадагы согуштан Иран менен болгон согушка бурулса да, Ирандагы согуштун мүнөзү Газага да түздөн-түз таасир этүүдө. Иран тараптан буга чейин кездешпеген соккулардын берилүүсү яхудий түзүмүнө жана анын коомчулугуна чоң зыян келтирди. Эгер буга Газадагы согуш алып келген армиясынын чарчоосу, экономикасынын төмөндөшү жана жашоого жабышкан, коркок коомунун тынчы кетиши кошулса, анда Газадагы согушту улантуу түзүм үчүн ого бетер оор жүк болуп калууда. Себеби аскерлеринин күн сайын курман болуп жатканы, согуштук жоготуулардын уланышы анын жүгүн улам оорлотууда. Иран менен узакка созулган кагылышуу да түзүмгө басым болууда. Бул шартта Нетаньяхунун өжөрлүгү — көп фронтто туруп, жоромолдонгон «жеңишке» жетүү аракети — чындыгында түзүмдү кыйратып жатат. Анын бүгүнкү күнгө чейин турушунун жалгыз себеби, АКШнын түз колдоосу. Ушуну түшүнгөн Нетаньяху Трампты Ирандагы согушка тартууга ашыгып, аны менен согушту кыскартууну көздөдү жана бул план ишке ашты.

Ошентсе да, эгер Иран тараптан бул соккулар Газадагы согуштун башында берилип, демилге өзү тарабынан көтөрүлгөндө, ал кыйла натыйжалуу болмок. Бирок Иран бул соккуларды яхудий түзүмүнүн ичтен жана аймактан өзүнө каршы урган оор соккуларына жооп катары гана берди. Ал тургай яхудийлер текебердик менен бүткүл аймактын жүзүн өзгөртөбүз деп мактанышты. Чындыгында, Газадагы жана Батыш Жээктеги согуштарга түзүм бүт күчү менен киришкен учурда, ага каршы катуу сокку уруу үчүн ылайыктуу учур бар болчу, себеби анын алсыздыгы ачык көрүнүп калган.

Балким Газадагы согуштун узап кетишинин өзү да Иран менен болгон согуштун жер бетинде эмес, аба мейкиндигинде жүрүп жатканы себеп болду. Эгер мусулмандардын башкаруучулары душманга кызмат кылган саткындар эмес, чыныгы эркектер болгондо, бул тарыхый мүмкүнчүлүктү пайдаланып, бул лаанаттанган түзүмдү тамырынан жок кылып, анын жамандыгынан кутулмак.

Ооба, мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок бул болбоду. Кантип болсун, Ирандын долбоору Палестинаны бошотуу үчүн болгон эмес. Ал Палестина маселесине өз кызыкчылыгын көздөп, өзүнүн пайдасы үчүн гана аралашкан. Палестинаны бошотуу долбоору болсо Ирандын Шамда кылганы сыяктуу сөзсүз түрдө үммөткө кылмыш жасоого, алардын каны төгүлүшүнө негизделбейт. Бул долбоор Американын «улуу шайтан» менен кызматташып, Ирак менен Ооганстанды басып алууга көмөктөшкөндөй, өзүн күчтүү географиядан ажыратып, кийин өзүнө кезек келгендей аракетке негизделбейт. Ал үммөттү жек көрүндү мазхабчыл долбоор менен бөлүп-жарып, анын эң чоң пайдасын АКШ жана яхудий түзүмү көргөн жана пайдаланып жаткандай болбойт.

Бул кантип мүмкүн болсун, калгандары яудийлер менен насараларды бийликке алып келүү долбоорун жарыялап, яхудийлердин жана Американын түзүмүнө баш ийип жатышса?! Алар бул долбоор аркылуу өз таажыларын, бийлик аянтчаларын сактап калууну гана көздөшөт, эгерде бул үчүн элдеринин каны, жеринин ар-намысы жана келечеги курмандыкка айланса да, маани беришпейт. Алар акмактарга таңуулап жаткан «коопсуздук жана тынчтык» деген жалган ураандар убактылуу гана алданып туруучу курал, андан кийин кыргынга айланары анык.

Бүгүнкү күндө ислам үммөтү башынан өткөрүп жаткан окуялар өтө тыгыз, кандын көптүгү менен, душмандардын текеберлигинин күчтүүлүгү менен, режимдердин беттеген кордугу менен, алардын ачык-айкын чыккынчылыгы менен өзгөчөлөнүүдө. Бул күндөр ар түрдүү жийиркеничтүү жүздөрдү ачыктады. Бирок, Аллах кааласа, булардан жакшы жактары да чыгат деп үмүт кылабыз. Аз дегенде үммөттү алдап турган жалган үмүттөр, бурмалоолор жоголду, жана үммөттү алаксыткан жасалма долбоорлор талкаланды. Мунун натыйжасында үммөт чыныгы, түшүнүктүү абалга келип, өзүнүн бөлүнүп-жарылуусу, улутчулдугу жана аймакчылдыгы аны жок кылуунун гана жолуна алып барганын түшүнүшү керек. Бул нерселер душмандын чабуулун жеңилдетти. Үммөт эми тандоо алдында турат: же улуу ислам долбоорун, Ислам мамлекетин курууну, ал бүт үммөттү бириктирип, таркаганын чогултуп, кайра жаратуу жолун тандайт. Же — Аллах сактасын — Америка менен яхудийлерге баш ийген жаңы доордо мурдагыдан да жаман абалда жашоого мажбур болот. Эгер үммөт жалгыз туура жол болгон Исламды тандап, аны менен көтөрүлүүнү чечсе, анда Аллах Таала аны жеңишке жеткирет, душмандарынан коргойт, алардын согуш отун өчүрөт:

﴿كُلَّمَا أَوْقَدُوا نَاراً لِّلْحَرْبِ أَطْفَأَهَا اللَّهُ وَيَسْعَوْنَ فِي الْأَرْضِ فَسَاداً وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُفْسِدِينَ﴾
«Алар (сага каршы) согуш отун жагышса, Алла аны өчүрөт. Алар Жерде бузукулук кылып жүрүшөт, Алла болсо бузуку адамдарды сүйбөйт». (Мааида сүрөсү, 64-аят).

Роя гезити

Устаз Юсуф Абу Зар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here