Жакынкы Чыгышта, Кавказда жана Түштүк Азияда эки жаңы аскердик альянстын жаралышы

33
0

Жакынкы Чыгышта, Кавказда жана Түштүк Азияда эки жаңы аскердик альянстын жаралышы

2024-жылдын жайында өткөн саммиттен кийин Пакистан, Түркия жана Азербайжан ортосундагы саясий жана аскердик альянс ирээттүү формада калыптана баштады. Бул саммитке Түркиянын президенти Эрдоган, Пакистан премьер-министри Шахбаз Шариф жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев катышкан. Үч тараптуу бул жыйында үч өлкөнүн саясий алакалары талкууланып, Газа, Кипр, Кашмир жана исламофобия сыяктуу аймактык жана глобалдык маселелер каралды. Буга чейин парламент төрагалары жана тышкы иштер министрлери деңгээлинде өткөн үч тараптуу кызматташуу жыйындарын мамлекет башчылары деңгээлине чыгаруу чечими кабыл алынды. Достук жана бир туугандык байланыштарда деп сыпатталган бул үч өлкөнүн кызматташуусун өнүктүрүү, элдеринин гүлдөп-өсүшүнө салым кошуу, ошондой эле аймактык жана дүйнөлүк тынчтык менен туруктуулукту бекемдөө максат кылынды.

Саммитте бул үч өлкөнүн улуттук чек аралардан тышкары коркунучтарга, өзгөчө “терроризм” деп аталган көрүнүшкө каршы күрөшүүдө өз ара кызматташуусунун маанилүүлүгү баса белгиленип, бул коркунуч баары үчүн жалпы коркунуч экени жана ага каршы биргелешкен чечкиндүү мамиле зарылдыгы айтылды.

Тарыхый жактан алганда Түркия менен Пакистандын аймактык маселелердеги координациясы 1950-жылдардан бери байкалат. Мисалы, Түркия Кашмир маселесинде Пакистанды колдогон. Кийинчерээк бул эки өлкө Ирак менен бирге Багдад альянсына кирген. Бул альянс Британия тарабынан колдоого алынып, ошол убактагы Жакынкы Чыгышта АКШ менен Британиянын ортосундагы күрөштө Египеттин башкаруучусу, АКШнын агенти саналган Жамал Абден Насырга каршы багытталган болчу. Бирок Түркия менен Пакистандын ортосундагы чыныгы аскердик алакалар 2015-жылдан кийин башталган. Бул алакалар коргонуу жаатындагы координацияны камтып, эки өлкө ортосунда биргелешкен аскердик өндүрүш эки эсе көбөйтүлдү. Мындан тышкары, өзгөчө Кытайдын Жибек жолу долбоору аркылуу Кытайдан товарларды Пакистанга, андан Түркияга, андан ары Европага жеткирүү боюнча экономикалык кызматташуу да жанданды.

Ал эми Батыш мамлекеттери, өзгөчө Америка үчүн бул эки ири регионалдык мамлекеттин ортосундагы тыгыз кызматташуу анчалык кооптонуу жаратпайт. Анткени Түркия НАТО уюмунун мүчөсү жана аталган аскердик альянстын эрежелерине толук баш иет. Бул жагдай Пакистанды да кыйыр түрдө аталган альянска көз каранды абалга түртүп, анын Батыштын таасирине түшүүсүнө алып келет. Бирок АКШда Пакистандын Кытай менен болгон алакасынын тереңдешине байланыштуу бир аз нааразычылык бар. Анткени Кытай менен кызматташуу Индиянын эсебинен жүрүүдө. Индия болсо Батыштын жана Американын союздашы болуп саналат жана АКШ, Индия, Япония жана Австралия кирген «КУАД» деп аталган эл аралык саясий альянстын маанилүү мүчөсү. Ошентсе да, бул нааразычылык Пакистан жана Түркия менен болгон эл аралык мамиленин өзөгүнө таасир этпейт. Бул тең салмаксыз абалды, өзгөчө жакында болгон Индия менен Пакистандын кагылышуусун эске алуу менен Пакистан–Түркия–Азербайжан альянсына теңдеш союз катары Индия Иран жана Армения альянсын түзө баштады.

Түркиянын Азербайжанга курал-жарак жеткирүүсүнө жооп кылып, Индия Арменияга курал жеткире баштады. Бул кадам Россиянын Тоолуу Карабак согушунан кийин региондон чыгып кетип, Армениянын Азербайжанга утулуп калгандан кийин Арменияны колдоодон баш тартып, бейтарап позицияга өтүшү менен байланыштуу.

Индия Арменияга курал экспортун көбөйтүүгө киришти. Бул Түркия, Азербайжан жана Пакистан ортосунда калыптанып жаткан стратегиялык альянска каршы турууну көздөгөн ачык кадам. Индия бул үч тараптуу альянсты өзүнө ачык душмандык катары кабыл алып, анын курамында аскердик жана саясий максаттар бар деп эсептейт. Бул альянс Индиянын региондогу кызыкчылыктарына түздөн-түз коркунуч жаратып, өзүнө каршы түзүлгөн ачык майдан катары бааланууда, айрыкча Индия менен Пакистандын ортосундагы акыркы жаңжалдан кийин.

2022-жылы Индия менен Армениянын ортосунда 244,7 миллион долларлык келишим түзүлгөн. Ага ылайык, Индия Арменияга көп ок атуучу “Пинака” ракеталык системаларын жана ар кандай ок-дарылар менен көмөкчү жабдууларды берүү милдетин алган. Бул келишим боюнча кеминде 4 батарея жеткирилет деп бааланууда. Келишимге минометтик снаряддар, танкка каршы ракеталар жана башка ок-дары түрлөрү да кирет.

2023-жылы Индиянын “Каляани Стратегиялык Системз” компаниясы Арменияга 155 мм калибрдеги замбиректерди жеткирүү боюнча 155,5 миллион долларлык келишим түздү. Бул келишим эки өлкөнүн аскердик алакаларын чыңдоо максатын көздөгөн. Ошол эле жылы, тактап айтканда, 2023-жылдын октябрь айынын аягында, Индиянын аскердик симуляторлорду жана учкучсуз учактарга каршы системаларды өнүктүрүү боюнча адистешкен “Зен Текнолоджиз” компаниясы мындай жабдууларды Арменияга 41,5 миллион долларлык келишим менен экспорттоону жарыялады. Ал эми 2024-жылы Армения Индиядан белгисиз көлөмдө «Акаш» үлгүсүндөгү абадан коргонуу системаларын сатып алуу боюнча дагы бир келишим түздү. Натыйжада Армения Индиянын коргонуу өнөр жай продукцияларынын эң ири импортчуларынын бири болуп калды жана Индия Армениянын негизги курал жеткирүүчүлөрүнүн катарына кирди.

Ал эми АКШ ар дайым Пакистанга каршы Индияны ачык колдоп келет. Ал Пакистанга берилген америкалык F-16 сыяктуу учактарды колдонууга катуу чектөөлөрдү койгон. Бул чектөөлөр Пакистанга бул учактарды Индияга каршы колдонууга тыюу салып, аларды көбүнчө коргонуу максатында же болбосо жихадчыл кыймылдарга каршы колдонууга гана уруксат берет. Ал эми, Иран Пакистан–Түркия–Азербайжан альянсына каршы турган Индия жана Армения альянсынын жанында турат. Жакында эле Иран Түркия менен Азербайжанды туташтыра турган Зангезур коридорунун долбооруна тоскоолдук кылып, бул коридор аркылуу Түркиянын Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан сыяктуу Борбор Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттер менен түз байланыш түзүүсүн алдын алды. Иран бул кадамы менен аталган өлкөлөрдүн биригүү мүмкүндүгүнө тоскоол болгон геосаясий тоскоолдукка айланды.

Мына ушинтип Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Түштүк Азия аймактарында бири-бирине карама-каршы жана касташкан эки үч тараптуу альянс түзүлдү. Булардын бири, Пакистан–Түркия–Азербайжан альянсы, экинчиси, Индия–Иран–Армения альянсы. Ар бир альянста бирден ири мамлекет жана өзөктүк куралга ээ өлкө бар, ага бир чакан мамлекет кошулган. Бул блоктордун түзүлүшү менен, Россиянын региондон чыгып кетишинен кийин, аймакта туруксуздуктун күч алышын алдын алган аймактык тең салмак пайда болду.

Роя гезити

Абу Хамза ал-Хатвани

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here