Басма сөз баянаты
Эй мусулмандар! Душманыңар силердин күчүңөрдү силерден да жакшы билет жана силерден коркуп, миң эсе эсеп жүргүзүшөт!
Күн өткөн сайын болгон окуялар менен саясий абалдар үммөттүн күчүнөн колонизатор мамлекеттердин, анын ичинде жийиркеничтүү яхудий түзүмүнүн, канчалык коркорун көрсөтүп жатат. Алар мусулмандарды эсепке албай коё алышпайт! Халифалык мамлекетинин кулатылганына, мусулмандар алсырап, саткын майда режимдерге бөлүнгөнүнө, алардын акылы бууланып, Ислам дининен алыстатылганына, байлыктары тонолуп, колонизаторлордун таасири астында калганына — бүт бул окуяларга бир кылымдан ашуун убакыт өттү. Мусулмандар кор болуп, кемсинтилген учурлардан кийин, кээ бирөөлөр: «Мусулмандар үчүн эми өнүгө турган заман жок!» — дешкен. Бирок мунун баарына карабастан, бүгүнкү күндө биз Батыш жетекчилеринин жана яхудий түзүмүнүн исламдан жана мусулмандардан азыркы алсыз абалдарына карабастан канчалык коркуп жатышканына күбө болуудабыз!
Мисалы, Франциянын Тышкы иштер министри Жан-Ноэль Ирандын ядролук программасынан коркуп жатканын билдирип: “бул «Израилге» жана Европага коркунуч жаратат” деди. Мунун баары Иран да, башка мусулман өлкөлөрүндөй эле, Ислам менен башкарылбаганына карабастан айтылууда. Ал эми жийиркеничтүү яхудий түзүмүнүн премьер-министри Ирандын ядролук коркунучун жок кылам жана согуш максаттарына жетем деп жатат. Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен болсо өзүнүн билдирүүсүндө, Европанын Иран ядролук куралга ээ болушуна каршы экенин баса белгиледи. АКШ болсо улам-улам аймакка согуш кемелерин жана учак ташуучу флотторун жөнөтүп келет. Акыркы мисал, «Нимиц» учак ташуучу кемеси жана кошумча түрдө 24 май куюучу аскердик учактар жөнөтүлдү. Бул кадамдар аймактагы кырдаал курчушу мүмкүн деген коркунучтан жана яхудий түзүмүн тынчтандыруу максатында жасалууда. Анткени ал түзүм ар дайым Американын жана Батыштын жиптерине байланган абалда мусулмандарга каршы согуш жүргүзүп келет.
Бул алардын мусулмандардын биримдигинен, Халифалык мамлекетинин кайра курулушунан жана мусулман өлкөлөрүндө армияларды кыймылга келтирүү чакырыктарынан корккон билдирүүлөрүнө кошумча болду. Анткени алар жакшы билишет, эгер мусулмандар бир мамлекетке бириксе, Батышка жана анын хазаратына чоң коркунуч туулат. Ошондуктан бул коркунучка миң эсе көп эсеп жүргүзүшөт. Алар бар күчү, амал-айласы, кутуму жана мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучулар сыяктуу малайлары аркылуу Халифалык мамлекетинин кайра курулушун болтурбоого аракет кылып келишет. Бирок бул мамлекет мусулмандардын үмүтү болуп калды, жүрөктөрү менен көздөрү тигилген улуу максаты болуп калды. Анын кайра орношу азыр эки кадам аралыкта эле турат!
Ооба, эй мусулмандар! Силердин душманыңар арасынан кээ бирөөлөрүңөр куралга ээ болуп калуудан да коркушат. Душманыңар силердин чыныгы күчүңөрдү билет. Ал силердин күчүңөрдүн сыры акыйдаңарда жана нурун чачкан мабдаңарда экенин билет. Бул акыйда силерди адамдар арасында эң мыкты үммөт кылган. Бул акыйда силерди адамзатка Исламдын рисалатын жеткирүүгө күбө кылган. Бул акыйда силерге биримдикти парз кылган, согушуңарды да, тынчтыгыңарды да бир кылган. Бул акыйда силердин жашооңорду Аллах Таалага байланыштырып, ага таянып, Анын жардамын суранууга жана ошол жардамы менен душманыңарга каршы жеңишке жетүүгө үндөгөн.
Эй мусулмандар! Араңардан кээ бирөөлөр сөзсүз айтышат: «Биздин башкаруучулар бизге согуш жана жихад кылууга тыюу салып жатат. Биздин өлкөлөрдөгү армиялар ошол башкаруучулардын буйругуна баш иет». Бул болсо силер азыркы абалыңардын себебин түшүнгөнүңөрдү көрсөтөт.
Силер эми өз абалыңардын себептерин түшүндүңөр, силердин башыңардан өткөн жеңилүүлөрдүн, кайдагы бир чунак яхудийлерден турган майда топко каршы туруштук бере албай калгандыктын себеби ушул экенин түшүндүңөр. Силер Батыштагы колонизатор мамлекеттердин өлкөлөрүңөрдү башкарып калышынын себебин билдиңер. Эми жебеңерди ошол рувайбиза башкаруучуларга карата бургула! Аларды жок кылуу үчүн аракеттериңерди бириктиргиле! Бир халифти, Аллах Тааланын Китеби жана Анын элчиси Мухаммад ﷺ алып келген Сүннөтү менен өкүм жүргүзө турган жетекчини дайындагыла!
Бул чакырык, өз элине калп айтпаган жол башчы, Халифалык долбоорунун ээси болгон Хизб ут-Тахрирдин чакырыгы. Ал силерден биримдикти тикелөө, Раббиңерди ыраазы кылуу жана абийир менен улуулукту кайра кайтарып алуу үчүн жардам сурайт. Андыктан аны колдогондордун катарында болгула!
Хизб-ут-Тахрирдин Борборду маалымат бөлүмү
17.06.2025