Үй-бүлөлүк саясий мурас
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёева президенттик администрациянын башчысы болуп дайындалды. Ал эми, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомалинин саясий карьерасы активдүү жүрүп жатат. Буга кошумча, алардын Владимир Путин менен жолугушуусу — Борбор Азияда бийликтин мураска берилишинин династиялык багытта уланып жатканын көрсөтөт. Бул авторитардык режимдерге мүнөздүү адат болуп, бийлик тар чөйрөдө бир үй-бүлөнүн колуна топтолгонунун белгиси.
Бул көрүнүш Түркмөнстандагы жагдайды да эске салат. Мурдагы президенттин уулу расмий шайлоолорсуз эле жогорку бийликти ээлеп, реалдуу саясий атаандаштык институттарынын кыйроосун жана республикалардын жекече автократияга айланышын айгинеледи. Мындай башкаруу формасында бийлик демократиялык легитимдүүлүккө ээ болбойт. Батыш буга чейин демократиянын ийгилиги катары көрсөтүп келген мисалдар өз маанисин жоготкондон тышкары, бийлик үй-бүлөлүк кызыкчылыктарды сактап калуу куралына айланууда.
Бул өлкөлөрдөгү мындай саясий төмөндүк эл башкаруу жараянына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн дээрлик айрылганынан кабар берет. Шайлоо, саясий партиялар сыяктуу түшүнүктөр формалдуу гана болуп калууда. Чыныгы талапкерлер такыр эле шайлоого жакындабайт. Бул элдин ишенимин солгундатып, ирээнжитет жана акырында социалдык башаламандыкка түртөт. Албетте бул көрүнүш диктатуранын табигый натыйжасы. Калк өз максаттары менен үмүттөрүнө жетүүдө тыюулар тосугуна дуушар болот.
Бийлик башындагылардын жакын туугандары жогорку кызматтарга дайындалышы, учурда ЖМКлар элди ишендирүүгө аракет кылып жаткандай, туруктуулуктун белгиси эмес, тескерисинче, бүдөмүк келечек, кооптонуу жана колунда бар байлыгы менен таасирин коргоо аракети. Бул мамлекеттик институттардын алсыз экенин, башкаруучу үй-бүлөнүн каалоосунан сырт өз алдынча иштей албаганын көрсөтөт.
Тарых тастыктагандай, мындай режимдер элдин кыжыры кайнап, тынч жолдор түгөнгөндө кыйроого учурайт. Араб жазы (Тунистен Сирияга чейин) дал ушундай болгон. Бирок бул процесстер көп учурда жарандык согушка же Ливиядагыдай, Сириядагыдай башаламандыкка алып келет. Акыр-аягында бийликке жаңы автократиялык режим келип, бийлик ээсинин аты гана алмашат, эл мурдагыдай эле зулум алдында калат.
Мындай режимдер кыйрашы үчүн олуттуу шарттар керек. Калктын сөөгүн сыздаткан экономикалык кризис, элиталар ичиндеги ажырым. Ошондой эле элдин нааразычылыгы да эч жакка сиңип кетпейт, ал кайнап топтоло берет. Кокустан кырдаалды кескин силкинтүүчү окуя (мисалы, коррупциялык жаңжал, баалардын өсүшү, тышкы кысым) жүз бергенде режим кыйроого бет алат.
Эгер эл кор болуп жашоо же каршылык көрсөтүү тандоосу алдында калса, ал көтөрүлүүнү тандайт. Бирок мындай жол өтө кооптуу жана окуялар эмне менен аяктайт алдын ала айтуу мүмкүн болбойт. Эгер коом даярдыксыз, институтсуз, лидерсиз жана максатсыз абалда болсо анда толкундоо кайра эле жаңы диктатура же башаламандык менен аякташы ыктымал. Ошондуктан келечектин ийгиликтүү болушу коом тандаган идеологияга жана саясий багытка жараша болот. Аны ишке ашыруу үчүн коомчулук курмандыкка барып, күрөш жолуна түшүүсү керек.
Аллах Таала айтат:
“Эгер силерге бир кырсык жетсе, ал силердин колуңар менен кылгандардан…”. (Куран, 42:30)
Дагы Аллах айтат:
«Акыйкатта, коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Аллах аны өзгөртпөйт». (Куран, 13:11)
Бул аяттар коомдук жана саясий абал элдин ички абалына көз каранды экенин түшүндүрөт, алар: ишеним, дүйнө тааным, максаттар жана аларды ишке ашыруудагы жоопкерчилик. Коомдун өнүгүүсү — руханий жана пикирий жаңылануудан башталат. Бул Аллах Таала тарабынан кадарланган мыйзам ченемдүүлүк.
Ошондуктан Борбор Азия элдери үчүн жалгыз туура жол — өзүнүкү болгон исламий идеологияны үйрөнүп чыгып, ислам башкаруу түзүмүнө кайтуу. Ислам идеологиясы бул адилеттүү шариаттын алкагында чыныгы саясий атаандаштыкты камсыздаган, Аллах Таала тарабынан берилген башкаруу жолу. Аллах Таала айтат:
«Эгер, чындыгында, айылдардын тургундары ыйман келтиришкенде, такыба болушканда Биз аларга берекелерди асмандан жана жерден да ачмакпыз (жибермекчибиз)…» (Куран, 7:96).
Бул аятта Аллах Таала коомдун бакубат жана жыргалчылыкта өмүр сүрүүсү ыйман жана такыбалыктын натыйжасы экенин так айтууда. Башкаруудагы адилеттүүлүк, коомдук бейпилдик жана гүлдөп өнүгүү жалгыз ушул жол менен келет.
Латыфуль Расых