Иудей жана христиандарга ээрчүү

23
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Иудей жана христиандарга ээрчүү

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

“Сахих Муслимде” “Жөөттөрдүн жана христиандардын жолуна, каада-салттарына ээрчүү бөлүмүндө айтылат.

حَدَّثَنِي سُوَيْدُ بْنُ سَعِيدٍ حَدَّثَنَا حَفْصُ بْنُ مَيْسَرَةَ حَدَّثَنِي زَيْدُ بْنُ أَسْلَمَ عَنْ عَطَاءِ بْنِ يَسَارٍ عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: “لَتَتَّبِعُنَّ سَنَنَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ شِبْراً بِشِبْرٍ وَذِرَاعاً بِذِرَاعٍ حَتَّى لَوْ دَخَلُوا فِي جُحْرِ ضَبٍّ لَاتَّبَعْتُمُوهُمْ، قُلْنَا يَا رَسُولَ اللَّهِ آلْيَهُودَ وَالنَّصَارَى قَالَ فَمَنْ

Сувайд ибн Саид Хафс ибн Майсарадан, ал Абу Саид ал-Худрийден риваят кылды. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Силер, албетте, силерден мурункулардын жолдорун карышма-карыш, кадам-кадам ээрчийсиңер. Эгер алар кескелдириктин ийинине кирсе, силер дагы алар менен кошо артынан киресиңер”. Биз: Оо, Аллахтын Элчиси, сен яхудий жана христиандарды айтып жатасыңбы? дедик. Ал: “Анан ким болмок эле”? деди.

Карышма-карыш кадам-кадам ээрчийсиңер, кескелдириктин ийинине киресиңер дегенден максат, силер  алардын жолун каада-салтарына ушунчалык деңгээлде ээрчийсиңер, силердин алардан айырмаңар жок болуп калат. Башкача айтканда, каапырлыкты эмес, күнөөлөрдү жана чектен чыгууларды жактыруу, тууро аркылуу окшошуу назарда тутулган. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) алдын ала айткан нерсесине бүгүнкү күндө ачык-айкын күбө болуп жатабыз.

Мусулмандардын каапырлардын жолуна түшүүсү, алардын ишенимдеринде, ибадаттарында, үрп-адаттарында, каада салтарында жана майрамдарында аларга окшошууга ашыгуусунан көрүнүп турат. Маселе андан да олуттуураак. Кээ бир мусулмандар чектен чыгып, христиандар ыйык санай турган түн жарымы деп аталган жыйынга катыша турган болуп калышты. Алар Рождество деп атаган нерсе келгенде, мусулмандардын бул христиан жылын майрамдоо үчүн жарышып жатканын көрөсүз. Жаңы жылда,  ойноштук, ичкилик жана бузукулук аралашкан көрүнүштөр буга жетиштүү. Бул түнү мусулман өлкөлөрүнүн асманынын жарык болгонун көрөсүз жана таңга чейин алар менен бирге болгонуна күбө болосуз.

Оо мусулмандар! Эгер Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) алар менен окшошуп орозо кармабообузду талап кылса, бүгүн алардын бузукулуктарына ээрчип жатканыбызды кандай түшүнүү мүмкүн? Үммөттү  ушул кыйроого алып келген мусулман акимдерге Аллахтын наалаты болсун. Келгиле, эй мусулмандар, бул ыплас акимдерден кутулууга, үммөттү Аллах ыраазы болгон, адамзат үчүн жаралган эң жакшы үммөт абалына кайтарууга аракет кылалы. Мына ошондон кийин жөөттөр жана христиандар пайгамбарыбыз Мухаммаддын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун ) сүннөтүнө (жолуна) ээрчишет.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 21-зул хижжа.

2025-ж, 17-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here