Басма сөз баянаты
Дамаскта өткөн “улуттук ынтымак” конференциясы мурунку режимдин кылмыштарын актай турган кадам
2025-жылы 10-июнь, шейшемби күнү Дамасктагы Маалымат министрлигинин имаратында “Улуттук коопсуздук комитети” өткөргөн маалымат жыйыны калктын нааразылыгын пайда кылды. Айрыкча, Хасан Суфан жетектеген бул иш-чара сириялыктардын арасында, өзгөчө шахиддердин үй-бүлөлөрү, дайынсыз жоголгондордун жакындары жана революциянын тарапкерлери арасында күчтүү нааразычылык жана ачуулануу толкунун жаратты. Бул жыйын, көпчүлүк тарабынан курман болгондордун жакындарын маскаралоо, көтөрүлгөн элдин курмандыктарын тебелөө, шахиддердин канын «арзандатуу», айкын окуялар менен даанышман чындыкты жокко чыгаруу, согуш кылмышкерлерин актоо жана “улуттук коопсуздук”, “мамлекетти куруу”, “кан төгүүнү токтотуу” деген ураандардын артында жашырынган мурдагы режимдин өкүлдөрү менен мамилени нормалдаштыруу аракети катары бааланды.
Бул жалпы нааразычылык Суфандын конференциядагы сөздөрүнөн кийин күч алды. Анткени ал мурдагы режимдин кээ бир офицерлерин бошотуу жана аларды мыйзам алдында ачык-айкын соттобоо саясатын ачык коргоду. Алардын арасында эң көрүнүктүүлөрдүн бири Фади Сакр бар. Суфан бул адамдардын кандуу өтмүшүн толугу менен көз жаздымда калтырып, айрымдарын “жеңишке шерик” деп атап, “сириялыктардын канын төгүүнү токтотууга” жана “боштондук салгылаштарындагы аскерий операцияларга көмөктөшкөн” деп сыпаттады. Ал тургай, бул адамдарды айыптагандардан аларды кылмыштарга тиешеси бар экенин “ишенимдүү далилдер менен тастыктап берүүнү” талап кылды.
Суфан өз сөзүндө, бошотулган офицерлер 2021-жылдан бери кызматта болуп, Ирак чек арасынан өз эрки менен “коопсуздук кепилдигине” таянып багынып беришкенин белгиледи. Анын айтымында, кармалгандар мыйзамдык териштирүүдөн өтүшүп, алардын согуш кылмыштарына катышы бар экени далилденген эмес. Ошондуктан аларды кармап турууну Суфан “улуттук кызыкчылыкка каршы келет” жана “мыйзамдык негизге ээ эмес” деп мүнөздөдү. Бирок, Суфандын бул билдирүүсүнөн кийин эле социалдык тармактарда жана маалымат баракчаларында бошотулгандардын? өзгөчө Фади Сакр жана Сукрата ар-Рухайя баштаган айрым адамдардын карапайым жарандарды өлтүрүү жана оор укук бузууларга тиешеси бар экенин тастыктаган видео далилдер жана документтер жайыла баштады.
Суфан, мындан тышкары, Фади Сакр сыяктуу адамдар өлкөдө татаал маселелерди чечүүдө, кризистерди жоюуда жана кооптуу кырдаалдарга каршы туруу багытында “ролу бар” деп билдирди. Ал мындай деди: “Шейиттердин үй-бүлөлөрү тарткан азап менен ачууну түшүнөбүз, бирок бул этапта өлкөгө белгилүү бир туруктуулукту камсыз кылуучу чечимдерди кабыл алууга аргасызбыз”.
Ошондой эле, ал бошотулган адамдар “сириялыктардын канына булганган эмес” деп ырастады жана бул кадам “улуттук коопсуздук жараянынын бир бөлүгү” экенин билдирди. Суфан: “Өткөөл адилеттүүлүк деген режимде кызмат кылгандардын баарын жапырт жоопко тартуу эмес, ал эми чыныгы кылмыш кылгандар оор кылмыштарга баргандар гана жоопко тартылышы керек. Адилеттүүлүк процессин шашылыш жүзөгө ашыруу же жеке аракеттер менен ишке ашыруу баш аламандыкка алып келет жана мамлекет өз милдеттерин аткара албай жаткандай таасир калтырат, бул болсо тышкы кийлигишүүгө эшик ачат”, — деди. Ошондой эле, өч алуу өткөөл адилеттүүлүктү камсыз кылбай турганын, ал эми талаштуу адамдарды элдешүү жараянына тартуу, өлкөдөгү кризистерди чечүүнүн бир жолу катары караларын белгиледи. Анын айтымында, Фади Сакрга берилген “коопсуздук кепилдиги” кырдаалды жалпысынан баалоонун негизинде кабыл алынган чечим. Аны камакка албастан кепилдик берүү, чыңалган аймактарда кан төгүүнү алдын алуу жана коомдук чөйрөлөрдү тынчтандыруу аракети болуп эсептелет.
Кимде-ким “Улуттук коопсуздук комитети” өткөргөн маалымат жыйынынын жүрүшүнө кылдат көз салса, бул жыйын учурдагы башкаруунун өткөөл этаптагы жалпы саясатынын жана багытынын ачык көрүнүшү экенин көрөт. Өткөн режимдин калдыктары менен жүргүзүлүп жаткан мамилесинде болобу же революциянын принциптери менен максаттарына болгон көз караштагы өзгөрүүдө болобу, же революциячыл элдин талаптарына адилеттүүлүк орнотуу жана күнөөсүз кан төгүүгө тиешеси барларды жоопко тартуу маселесине карата мамилеси болобу айырмасыз. Бул жагдай көптөрдү мындай жыйынтыкка алып келди. Эч ким, эч бир тарап курман болгондордун укугунан баш тартып, алардын каны же ар-намысы үчүн кечирим сурай албайт жана жазалоочу менен жабырлануучуну тең коюу чоң адилетсиздик. Курман болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун жакындарынын сезимдерин тебелөө, айрыкча кылмышкерлердин биринен кийин бири бошотулуп жатканын көрүп жатышканда, жаңжалдын күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Эл бул амнистияны “кылмышка шериктештик” катары кабыл алууда.
Андан тышкары, санкцияларды алып салуу маселеси, АКШ жана Европанын азыркы башкарууга кысым көрсөтүүчү негизги инструментине айланган. Алар Сириядагы башкаруу системасын өз көз караштарына ылайык калыптандырууну көздөшөт. “Терроризмге каршы күрөш” деген ураандан тартып, толугу менен секулярдаштыруу, Сирияны Батышка көз каранды абалда калтыруу, Батыштын талаптарына жана чечимдерине баш ийүүгө мажбурлоо жана акырында мурдагы режимдин калдыктарын мамлекеттик түзүмдөргө жана бийликке акырындык менен интеграциялоо, ушулардын бардыгы ар кандай шылтоолор жана жалган ураандар менен ишке ашырылууда.
Кылмышкер Фади Сакр жана ага окшогондорду эл алдында эч уялуусуз “агартуу” сириялыктардын сезимдерин ачык маскаралоо болуп эсептелет. Айрыкча ал Дамасктын губернатору менен чогуу коомчулукка чыгып, бул көрүнүш аркылуу коомго өтө маанилүү жана терс “белги” берүүдө.
Ачык жана ыкчам жаза мыйзамынын негизинде кылмышкерлерди сотко тартуунун ордуна, “улуттук диалог”, “коомдук ынтымак”, “жарандык тынчтык”, “элдик элдешүү” деген ат менен азгыруучу жана маңызсыз демилгелерге кайрылуулар жасалууда. Ушунун баары менен өтүп кеткен 14 жылды, адамзат тарыхындагы эң улуу көтөрүлүштөрдүн бири болгон революцияны жөн гана жарандык согуштай көрсөтүүгө аракет жасалууда!
Ошондой эле эскерте кетүү керек, бүгүнкү күндө революцияга каршы кылмыштуу таржымалы бар көптөгөн адамдар коомдук майданда алдыңкы орунду ээлеп жатканда, даъватты көтөрүп чыккандар, ой-пикири үчүн камалгандар, көтөрүлүшчүлөр жана мужахиддерден көптөгөн адамдар жылдар бою Идлиб түрмөлөрүндө мыйзамсыз кармалып келүүдө. Ошондой эле, жер которуп, качкын абалында жашап жаткан элдин көпчүлүгү өз үйлөрүн кайра курууга жетчү каражаттан да куру калган, бул үйлөрдү бузгандар болсо, бүгүн “терисин алмаштырып”, жаңы жүз менен аренага чыккан мурдагы зулумчулар.
Ушул эле алкакта, Фади Сакр жана мурунку режим тушундагы көптөгөн жетекчилер “улуттук коопсуздуктун” чакыруучулары катары алдыңкы планга чыгып жатышы, алардын коопсуздугу корголуп жатышы, ошондой эле мурунку режимдин тушунда белгилүү болгон ири соодагерлер жана согуш кылмышкерлери кайра Дамаскка кайтып келиши, алар менен катар көп жылдар бою диктаторду жактаган ырчылар, артисттер жана башка коомдук фигуралар “улуттук ынтымак” деген шылтоо менен эч кандай жоопкерчилик тартпай коопсуз жашап жатышы, булардын баары шейиттердин жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрүнүн ичиндеги кек жана ачууну күчөтүүдө.
Алла Таала зулум кылууну тыят жана зулум кылуучуларды катуу эскертет. Шам революциясы эч качан токтобойт, мурдагы режим кулатылгандан кийин пайда болгон көйгөйлөр да, революциянын түпкү принциптери орундалмайынча чечилбейт. Анткени ошол режимдин кулатылышы, адилеттик, коопсуздук жана бейпил жашоого жол ачуу үчүн башталыш болушу керек. Бул максатка Батыш мажбурлап жаткан секулярдык түзүм аркылуу жетишүү мүмкүн эмес, себеби ал динди жашоодон, мамлекеттен жана коомдон ажыратат. Тескерисинче, биздин өз акыйдабыздан келип чыккан мабда гана үммөттүн үмүтүн актай алат жана көтөрүлүштүн максаттарына жеткирет. Исламдын өкүмдөрү, мыйзамдары жана мамлекети баары кыялданган адилеттүүлүккө, коопсуздукка жана тынчтыкка жетүүнүн эшиги болот. Ушундай улуу жакшылык үчүн аракет кылуучулар, аракет кылышсын!
Хизб-ут-Тахрирдин Сирия вилаятындагы маалымат бөлүмү
11.06.2025