Адамдар арасында шыбырашуу

81
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Адамдар арасында шыбырашуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنِي مَالِكٌ عَنْ نَافِعٍ، عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عُمَرَ، أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «إِذَا كَانَ ثَلَاثَةٌ فَلَا يَتَنَاجَى اثْنَانِ دُونَ وَاحِدٍ». (موطأ مالك 1816)

Малик мага Нафиъден, ал Абдуллах ибн Умардан риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Эгер үч адам болсо, бирөөсүн кошпой, экөө шыбырашпасын”. (Муватта’ Малик 1816).

Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү,  туура жолдун эң жакшысы Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын хидаяты. Бул асыл хадисте адамдар арасында жана коомубузда кеңири жайылып, салтка айланып кеткен көрүнүшкө тыюу салууда. Тигил же бул себептен улам жанында турган адамды кошпой өз ара шыбырашуудан, күнөөгө жана оор кесепеттерге алып келген көйгөйлөрдөн четтетүү.

Бир адамды обочолонтуп  башкаларыбыз өз ара шыбырап сүйлөшсөк, шайтан биздин ортобузга кирип, васваса кылып, жек көрүү жана шектенүүлөрдү пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, Ислам буга тыюу салган. Биздин напсилерге шайтандын кирип келүү жолун тосуп, өзүбүзгө жана башкаларга ишенимди бекемдешибиз керек. Бул өкүм шайтандын жолун бууп, напсилерди шайтандын васвасасынан коргойт. Ислам напсилерди тарбиялоонун, кек жана шайтандын жолдорун кесүүнүн жана ошону менен адамдардын ортосундагы мамилени сактоонун жолу.

Жашообуздагы ар бир кичине жана чоң нерседе Исламды колдонууга Аллахтан жардам сурайбыз. Биз Анын шариятын карманып, тандалган пайгамбарыбыздын жолуна түшкөн жана ага бекем тургандардан кылышын тилейбиз.  Аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 16-зул хижжа.

2025-ж, 12-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here