Пикирий берилгендик — бул ибадат жана саясий милдет
Ислам мамлекетинин алгачкы күндөрүнөн баштап мусулман үммөтү өзүнүн руханий биримдигине жана саясий бүтүндүгүнө коркунуч жараткан чакырыктарга туш болгон. Ушул коркунучтарга жооп иретинде исламда акыйданы коргоого жана ички коркунучтарга бөгөт коюуга багытталган пикирий, саясий жана укуктук система калыптанган. Бул чаралар мабданын тазалыгын сактап калуу гана эмес, үммөттүн бөлүнүп-жарылышын, мамлекетте туруктуулук бузулушун жана кыянатчылдыктын коркунучун алдын алуу максатын көздөгөн.
Пайгамбар Мухаммад (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дүйнөдөн кайткан соң, ислам коомунда ишенимге жана саясатка байланыштуу ар кандай агымдар жана талаш-тартыштар пайда болгон. Дин негиздерин туш келди чечмелөөнү болтурбоо үчүн мусулман аалымдары жана башкаруучулары мазхабдардын — мисалы, ханафий, маликий, шафиий жана ханбалий сыяктуу диний жана фикхий мектептердин — институт калыбында түптөшкөн. Бул исламий ой жүгүртүүнү тариздөөгө, анын чектерин аныктоого жана ишеним жаатындагы башаламандыкка бөгөт коюуга мүмкүндүк берди.
Мисалы, Аббасий халифалыгы учурунда халиф аль-Ма’мун мутазилиттерге берилгендигине карабастан, Багдадда «Даанышмандардын үйүн» (Байт аль-Хикма) түзгөн. Ал жерде диний жана философиялык талкуулар жүрүп турган. Кийинчерээк мамлекеттик бийлик толугу менен сунний мазхабдарды колдоп, үмөттүн биримдиги үчүн, фиркалардын таасирин чектеген.
Халифалыктын саясий чараларынын бири, ар кандай фитналарга бөгөт коюп, биримдикти сактоо болгон. Ислам коомунун туруктуулугуна коркунуч жеткирген негизги душман фитна, ички баш аламандык, бидъат жана ички чыр-чатак эсептелген. Тарыхый көз караштан алганда фитна руханий эле эмес, саясий коркунуч катары да каралган. Биринчи жана экинчи фитналар (ислам дүйнөсүндөгү жарандык согуштар) диний-саясий бөлүнүүнүн кандай кыйратуучу натыйжаларга алып келерин көрсөттү.
Халифа Али ибн Абу Талибдин доорунда фитна эң жогорку чегине жеткен. Харижиттердин пайда болушу — алар Али менен Муавиянын ортосундагы казылыктын жыйынтыгын тан албай — үммөттү жалпы позициясынан четтөөгө түрткөн пикирий күрөш болуп калган. Харижиттер жөн гана макул болбостон, өздөрүнө каршы чыккандарды куфрда айыпташкан. Бул зомбулукка жана бийликтин аброюнун төмөндөөсүнө алып келген. Ислам мамлекети мындай агымдарга саясий жана идеологиялык көзөмөл орнотуп, аларды чектөөгө алган. Харижиттер менен күрөш, мутазилиттерге каршы аракеттер, шиит жана исмаилит агымдарына каршы саясат — мунун баары ислам бийлигинин акыйданы сөз менен гана эмес, иш жүзүндө коргогонун көрсөтөт. Ошондой эле Халифалык кыянатчылыкка каршы укуктук чараларды да колдонгон. Исламда «ридда» — динден кайтуу — үммөткө каршы кыянаттык катары каралат. Бул жөн гана рухий эмес, социалдык-саясий маселе катары бааланат. Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дүйнөдөн өткөн соң, халифа Абу Бакрдын доорунда көптөгөн араб уруулары зекет төлөөдөн баш тартып, пайгамбарды гана тан алышып, мамлекеттин расмий бийлигин четке каккан. Бул «ридда согуштары» (Хуруб ар-Ридда) аталган куралдуу кагылышууларга алып келген. Абу Бакр айрым сахабалардын күмөн саноосуна карабастан, бул көрүнүштү күч менен басуу керектигин айткан. Ал динден жана үммөттүн биримдигинен кайтуу жалпы үммөт үчүн коркунуч экенин түшүндүргөн. Ушундай учурдарда, кийинки халифтер дагы бидъаттарды таратып, таза ислам акыйдасын бурмалаган философияларды колдогон адамдарга карата укуктук чараларды колдонушкан.
Ошондуктан исламда кыянаттык (хияна) эң оор күнөөлөрдүн бири катары каралат. Ал жөн гана рухий эмес, саясий кылмыш катары бааланат. Бул ишенимге карата кыянаттык болсун же саясий жамаатка карата кыянаттык болсун — экөө тең айыпталат. Алла Таала айтат:
“Эй ыймандуулар! Аллага жана Анын Элчисине кыянат кылбагыла. Силерге тапшырылган аманатка билип туруп кыянаттык жасабагыла!” (8: 27).
Алла Таала айтат: “Өзүнө өзү кыйанат кылгандарга кийлигишпе! Акыйкатта, Алла кыйанаткер күнөөкөрлөрдү жакшы көрбөйт” (4:107).
Мисалы, мамлекеттик денгээлден алганда кыянат — бул бөлүнүп жарылууну колдоо, бийлик менен элдин ортосундагы келишимди бузуу же үммөттүн бузуулуусуна алып келүүчү бузуку пикирлерди, мыйзамдарды таратуу. Буга мисал тарыхтагы айрым инсандардын жүрүм-туруму. Алар жеке максаттары үчүн коомдук фитналарды уюштурушкан. Алар жөн гана бидъатты жайылтпастан, мусулмандардын этикадына залака салган. Ислам шариатында бул оор кылмыш эсептелет.
Исламий пикирлөө ар дайым акыйкатка жана андан чыккан пикирлерге бекем болууга үндөйт. Бул пенденин жеке тандоосу эмес, анын Аллах жана коом алдындагы милдети. Акыйданы коргоо — бул ибадат жана жихад болуп эсептелет. Алар дайым саясий туруктуулук менен тыгыз байланышта. Эгер ишеним аклий акыйда калыбында мамлекет тарабынан колдоого алынса, ал биримдиктин, адилеттүүлүктүн жана жыйынтыгында өнүгүүнүн негизи болот.
Ошондуктан акыйданы сактоо жана пикирий пайдубалга берилүү — бул бир эле учурда ибадат жана саясаттын (жамаат, партия же мамлекет деңгээлинде болобу) зарыл шарты. Аны бузууга болгон аракеттерди — бидъат, кыянаттык, фитна аркылуу болобу — жеке тараптын пикири катары эмес, бүтүндөй үммөт үчүн коркунуч катары кабыл алыш керек. Ошентип, Ислам жана Халифлык тарыхы руханий жана саясий өнүгүүнүн терең байланышын көрсөтөт. Акыйданы пикирий, укуктук жана саясий услубдар аркылуу коргоо динди гана сактоо эмес, ислам идеологиясынын бекем пайдубалын камсыз кылуу жана саясий кыймыл үчүн алдыга жылууга шарт түзүү болуп эсептелет.
Туркистон