Казакстандагы өзөктүк энергетика үчүн Россия менен Кытайдын атаандаштыгы

75
0

Казакстандагы өзөктүк энергетика үчүн Россия менен Кытайдын атаандаштыгы

2025-жылдын 16-18-июну аралыгында Казакстандын борбору Астанада «Кытай — Борбордук Азия» аттуу экинчи саммит болуп өттү. Ага Кытайдын, Казакстандын, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Казакстанда экинчи атомдук электр станциясын куруу боюнча келишим түзүлдү. Аны Кытайдын мамлекеттик корпорациясы CNNC (China National Nuclear Corporation) курат.

Буга чейин Казакстан реактордук технологияларды орнотуучу эл аралык уюмдардын «кыскача тизмегин (short list)» түзүп бүткөн. Ага дүйнөлүк алдыңкы атомдук корпорациялар кирген: CNNC (Кытай), «Росатом» (Россия), KHNP (Түштүк Корея) жана EDF (Франция). Бирок Казакстанда биринчи атомдук станцияны куруу боюнча алдын ала макулдашууларга ылайык, аны Россиянын мамлекеттик корпорациясы «Росатом» ишке ашырат. Бул компания салттуу түрдө Россиянын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүндө негизги ролду ойнойт жана дүйнөлүк өзөктүк энергетика менен технологиялар рыногунда күчтүү позицияны ээлейт. «Росатом» өзөктүк отунду экспорттойт, АЭСтерди куруу жана тейлөө боюнча технологияларды камсыздайт, уранды байытуу кызматын көрсөтөт жана өзөктүк медицина, илимий изилдөөлөр жана инновациялык иштеп чыгуулардын эл аралык долбоорлоруна активдүү катышат. Ошондой эле атомдук энергетикалык уюмдары бар кемелерди, анын ичинде атомдук муз жаргычтарды курат.

Казакстандын өзөктүк энергетикасы

Казакстан тарыхый жактан өзөктүк энергетика жана ядролук технологиялар менен мурунтан байланышта болуп келген. Анын аймагында дүйнөдөгү эң ири өзөктүк сыноо полигондорунун бири болгон Семей полигону жайгашкан. Анын аянты 18 311,4 км² түзөт. Бул болжолдуу Словениянын аянтына барабар. 1949–1989-жылдары Россия (Советтик Союз) бул полигондо 456 өзөктүк сыноо жүргүзгөн, анын кесепеттери аймакта бүгүнкү күнгө чейин сезилүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, 2015-жылдын 27-августунда Нур-Султанда Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) ортосунда Казакстандын аймагында аз байытылган уран (АБУ) Банкын түптөө жөнүндө келишимге кол коюлган. Бул Банк ядролук отун менен камсыздоонун кепилденген системасын түзүүгө багытталган колонизаторлордун глобалдык аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Ал өзөктүк энергетиканы пайдаланган МАГАТЭге мүчө мамлекеттерди учурдагы энергетиканын салттуу механизмдери үзгүлтүккө учураган чакта ядролук отун менен камсыздоого багытталган. АБУ Банкы Усть-Каменогорск шаарындагы «Ульбин металлургиялык заводунун» аймагында жайгашкан. 2019-жылдан тарта толук кандуу ишке кирген, ал эми ошол эле жылдын декабрында байытылган уран гексафторидин сактоо үчүн жеткирүү иштери аяктаган.

Бирок акыркы учурда Кытай өзөктүк энергетика тармагында Россиянын салттуу таасир чөйрөсүн тартып алып жаткандыгы барган сайын ачык көрүнүп жатат. Айрыкча Борбор Азия Россиянын тышкы экономикалык жана геосаясий саясаты үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин эске алганда, бул тармакта Кытай менен Казакстандын кызматташтыгынын күчөшү Москвада тынчсыздануу жана нааразылык жаратууда. Пекин менен Астананын мындай сезимтал багытта өнөктөштүгүнүн кулач жайышы аймактагы таасирдин кайра бөлүштүрүлүшүнө жана эки державанын ортосундагы күрөштүн күчөшүнө алып келет.

Ошентип, Казакстан тарыхый жактан да, учурдадагыдүйнөлүкядролукбазарданегизгичийкизаткамсыздоочуөлкөбойдонкалууда. Россия жанаКытайсыяктуумамлекеттеркатышканколониялыкдолбоорлордунишкеашуусудүйнөлүкдержавалардынБорборАзиягаболгонкызыгуусунунөсүшүнчагылдыратжанаөзөктүк энергетика аймактагыэнергетикагаганаэмес, геосаясаткатаасирэтүүчүкуралэкениндалилдейт.

Мусулман өлкөлөрүнүн стратегиялык ресурстарын колонизатор державалар эксплуатация кылып жатышканына, алардын талааларын өзөктүк куралдарды сыноочу полигондорго айлантып жатышканына күбө болуу абдан аянычтуу көрүнүш. Тилекке каршы, Казакстан сыяктуу Борбор Азиядагы мусулман мамлекеттердин жетекчилери буга окшогон колонизаторлордун кооптуу долбоорлорун алдыңкы жетишкендик, экономикалык өнүгүү жана жалпысынан гүлдөп-өсүүгө жетүүнүн жолу катары көрсөтүп жатышат.

Мухаммад Хоросаний

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here