Кувейттеги «улуттук өздүк» маселеси айланасында кеңири талкуу

104
0

Кувейттеги «улуттук өздүк» маселеси айланасында кеңири талкуу

Кувейтте бир топ убакыттан бери бийликтин миңдеген жарандардын «улуттук өздүгүн», башкача айтканда жарандыгын ар кандай себептер менен кайтарып алганы тууралуу маселе активдүү талкууланып келет. Бул маселе өлкөдө жүз миңге чукул адам жабыр тартып жаткан «бедуиндер маселесине» да окшош. Биз бул жерде шаръий, конституциялык же тарыхый өңүттөрүн терең талдоону максат кылган жокпуз. Биздин максат – окурманды мындай көйгөйлөр таптакыр жок болгон жашоо тартибине, тактап айтканда – адилеттүү Исламий жашоого алып баруу.

Бул маселеде негизги түшүнүк Исламдагы раияттык (мамлекетке тиешелүүлүк же жарандык) жана жарандык укук-милдеттер тууралуу шаръий өкүмдөр болуп саналат. Бул Ислам саясий ой-жүгүртүүсүндөгү маанилүү бир бөлүк, бирок, тилекке каршы, улутчул, шовинисттик байланышка жана ага негизделген бузук идеялар менен өзүмчүл сезимдерге басым жасалган коомдордо бул өкүмдөр көп учурларда талкууланбай келет.

Алгач айта кетсек, кимде-ким Дарул-Исламда жашаса, ал исламий раияттыкка ээ болот. Мусулман болобу, башка динден болобу айырмасы жок. Дарул-Ислам – бул шариат үстөмдүк кылган, ички жана тышкы коопсуздугу Ислам менен камсыздалган жерди билдирет.

Ислам шариятында, бул мамлекетке тиешелүү бардык адамдар укуктарга ээ болот жана шариаттык милдеттерди аткарышы керек. Ал эми бул мамлекеттин сыртында жашаган адамдар – мусулман болобу же болбойбу– анын раиятынан болуп эсептелбейт жана жогоруда айтылган укуктарга ээ болбойт.

Имам Бухариден келген хадисте, Сулейман ибн Бурейда өз атасынан мындайча баяндайт: «Пайгамбар ﷺ  кайсы бир кишини аскер башчы кылып дайындаганда, ага Аллахтан коркууну, жана өзүндөй болгон мусулмандарга жакшы мамиле кылууну осуят кылчу. Андан соң мындай дечү:

«… وَإِذَا لَقِيتَ عَدُوَّكَ مِنْ الْمُشْرِكِينَ فَادْعُهُمْ إِلَى ثَلَاثِ خِصَالٍ أَوْ خِلَالٍ، فَأَيَّتُهُنَّ مَا أَجَابُوكَ فَاقْبَلْ مِنْهُمْ وَكُفَّ عَنْهُمْ؛ ثُمَّ ادْعُهُمْ إِلَى الْإِسْلَامِ فَإِنْ أَجَابُوكَ فَاقْبَلْ مِنْهُمْ وَكُفَّ عَنْهُمْ، ثُمَّ ادْعُهُمْ إِلَى التَّحَوُّلِ مِنْ دَارِهِمْ إِلَى دَارِ الْمُهَاجِرِينَ وَأَخْبِرْهُمْ أَنَّهُمْ إِنْ فَعَلُوا ذَلِكَ فَلَهُمْ مَا لِلْمُهَاجِرِينَ وَعَلَيْهِمْ مَا عَلَى الْمُهَاجِرِينَ، فَإِنْ أَبَوْا أَنْ يَتَحَوَّلُوا مِنْهَا فَأَخْبِرْهُمْ أَنَّهُمْ يَكُونُونَ كَأَعْرَابِ الْمُسْلِمِينَ، يَجْرِي عَلَيْهِمْ حُكْمُ اللهِ الَّذِي يَجْرِي عَلَى الْمُؤْمِنِينَ، وَلَا يَكُونُ لَهُمْ فِي الْغَنِيمَةِ وَالْفَيْءِ شَيْءٌ، إِلَّا أَنْ يُجَاهِدُوا مَعَ الْمُسْلِمِينَ».

“…Эгерде сен каапыр душмандарыңа жолуксаң, аларды үч нерсеге чакыр. Эгер алардын бирине макул болушса, аларды кабыл ал жана аларга тийбе. Адегенде аларды Исламга чакыр. Эгер Исламды кабыл алышса, аларды кабыл ал жана аларга тийбе. Андан соң аларды өз мекендеринен көчүп келип, мухажирлердин жерине көчүүгө чакыр. Эгер алар көчүп келишсе, анда алар мухажирлердей укук жана милдетке ээ болушат. Эгер көчүүдөн баш тартса, анда аларга билдир, алар мусулмандардын бедуиндериндей болушат, аларга момундарга тиешелүү өкүмдөр колдонулат, бирок эгерде алар мусулмандар менен бирге жихад кылбаса ганиматтан жана файдан (олжодон) үлүш алышпайт» (Сахих Муслим).

Бул хадис ачык билдирип турат, адам Дарул-Исламга көчүп келмейинче, ал дини мусулман болсо да Ислам мамлекетинин толук раияты (жараны) болуп эсептелбейт, жана ошол раияттар ээ болгон айрым укуктарга ээ болбойт. Ошондуктан, Ислам мамлекетинин тышында жашаган мусулманга бул өкүмдөр тийиштүү болбойт, анткени раияттык укукка адам Дарул-Исламга көчүп келгенден кийин гана ээ болот, эгерде ал башка жерде жашаса – бул укуктан куру калат. Ал эми дарул-Исламда жашаган зиммий (мусулман эмес) болсо, ага раияттык укук берилет.

Исламий раияттыкка ээ болгон бардык адамдар шаръий укук жана милдеттерге ээ болушат. Мамлекет өзүнүн жарандарынын арасында башкаруу, сот иштери же элдин иштерин көзөмөлдөө сыяктуу маселелерде эч кандай айырмачылык кылууга укугу жок. Бардык адамдарга расасына, тилине, динине же өңүнө карабастан бирдей мамиле кылуу артыкчылыксыз жана адилеттик негизинде жүргүзүлүүгө тийиш. Бул башкаруу, сот жана эл иштерин көзөмөлдөө боюнча келген жалпылама далилдерге негизделет. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَإِذَا حَكَمْتُم بَيْنَ النَّاسِ أَن تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ﴾

«Аллах силерди адамдар арасында өкүм кылганыңарда адилет өкүм кылууга буюрат». (Ниса сүрөсү, 58-аят).

Бул өкүм бардык адамдарга – мусулмандарга да, мусулман эместерге да тиешелүү. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«البينة على المدعي، واليمين على من أنكر»

«Далил келтирүү доочунун милдети, ант берүү – жокко чыгарган адамга тийиштүү». Бул өкүм да мусулманга да, мусулман эместерге да жалпы. Ошондой эле Пайгамбар ﷺ  мындай деген:

«الإمام راعٍ وهو مسؤول عن رعيته»

«Имам – жоопкер жана ал өзүнүн раиятынан жооп берет».

Бул хадистеги «раият» (жарандар) деген сөз – жалпыланып айтылган жана ал мусулман болобу, башка динден болобу – бардыгын камтыйт. Мындан тышкары, раияттыкка тиешелүү бардык жалпы далилдер мусулман менен мусулман эместин, араб менен ажемдин, ак менен каранын ортосунда айырмачылык кылууга тыюу салат. Исламий жарандыкка ээ болгон бардык адамдар мамлекет башчысынын алдында да, соттун алдында да тең болушу шарт, алардын жанын, ар-намысын, мүлкүн коргоодо же иштери каралганда бардыгы бирдей укукка ээ.

Бул сөздөрдү эки негизден улам реалдуу эмес деп айтууга болбойт:

          Биринчиси, Дарул-Ислам жана Исламий раияттык түшүнүктөрү тарыхта 13 кылым бою ишке ашып келген. Пайгамбар ﷺ  Мединада Ислам мамлекетин кургандан тартып, ал 20-кылымдын башында жоюлганга чейин, бул түшүнүктөр вакыйлыкта жашап турган. Тарыхта белгилүү болгондой, Шам аймагындагы христиан калк Ислам мамлекети астында жашоону Рим империясынын башкаруусуна караганда артык көрүшкөн. Алар Ислам башкаруусунун адилеттүүлүгүн жана калыстыгын сезишкен. Муну алар Абу Убайда (р.а.) га ачык айтышкан. Ал аларды башкарууну улантууга мүмкүнчүлүгү болбой калган кезде, алган жизьяны кайра кайтарып берген. Ошондо алар Ислам башкаруусу Римдиктердин башкаруусуна караганда жакшыраак экенин моюнга алышкан.

Айтмакчы, кээ бир фыкых аалымдары мындай дейт: “Зимма келишими — мусулмандар тараптан милдеттүү келишим, бирок зиммийлер тараптан милдеттүү эмес”. Мунун мааниси, Ислам мамлекети зиммийлер менен болгон келишимди өз ыктыяры менен бузууга укуктуу эмес, ал эми зиммийлер келишимди бузуп, башка өлкөгө кошулууга укуктуу.

Экинчиси, Исламдын өкүмдөрү жана мыйзамдары вакыйлыкты оңдоо үчүн келген, вакыйлыкка ыңгайлашуу же аны өкүм чыгаруунун булагы кылуу үчүн эмес. Вакыйлык — Ислам көз карашында ой жүгүртүү объектиси, бирок булак эмес. Эгер шариат бир саясий позицияны харам деп эсептесе, анда ал абал канча “реалдуу” болбосун, мубах болуп калбайт. “Жооп берүү”, “шартка ыңгайлашуу” деген шылтоо менен өзгөрбөйт. Мусулмандын саясий туруму жана саясий ишмердүүлүгү акыл менен эмес, далилге негизделген шарият менен аныкталат. Бул турум окуялардын басымынын астында же заманбап улут-мамлекеттик талаптар же эл аралык келишимдерге ылайык өзгөрбөшү керек.

Ооба, «Дарул-Ислам» жана «Исламий раияттык» түшүнүктөрү Ислам башкаруу түзүмүндөгү негизги түшүнүктөр болуп саналат. Бул түшүнүктөрдү элдин аң-сезиминде кайра жандандыруу, аларды бекем кармануу, аларды жайылтуу жана Ислам принциптерине толук баш ийген мамлекетти кайра куруу зарыл. Ошондо гана дин толук бойдон Аллах үчүн болот, жана мусулман өлкөлөр бирдиктүү Ислам мамлекети болуп калыптанып, бир башкарууга баш ийип, Батыш ойлоп тапкан улутчул, психологиялык жана саясий тоскоолдуктар жоюлат. Бул тоскоолдуктар үммөттү бөлүп-жаруу үчүн атайын коюлган. Бул тууралуу Британиянын тыңчысы Лоуренс да айткан:

“Эгер биз аларды туура башкарып калсак, анда алар бири-бирине ичи тар, саясий жагынан бөлүнүп-жарылган чакан мамлекеттер бойдон калат, жана эч качан бириге алышпайт”.

Роя гезити

Инженер Усама ас-Сувейни

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here