Яхудийлердин Иранга кол салуусу жана ядролук келишим
“Израил” 13-июнда Ирандын ядролук жайларына, баллистикалык ракета чыгарган заводдоруна жана аскердик командачылык жайгашкан жерлерге сокку урду. Натыйжада, Иран армиясынын 20 жогорку кол башчысы каза тапканын Рейтер жазды. Кабарда айтылгандай, набыт болгондордун арасында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Хоссейн Салами жана корпустун Аба-космос күчтөрүнүн командачысы Амир-Али Хажизаде бар. Ал эми, “Фарс” маалымат агенттиги яхудийлердин чабуулунан 78 адам курман болуп, 329 киши ар кандай жараат алганын билдирди. Буга жооп кылып, Ирандан “Израил”ге жүздөгөн баллистикалык ракета атылды. Бул соккудан эки яхудий өлүп, бир нечеси жараат алганы айтылды.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү Иранды ядролук программа боюнча келишимди “кеч боло электе” түзүүгө чакырган.
“Көптөгөн өлүм менен кыйроолор болду. Бирок кан төгүүнү токтотуу үчүн убакыт бар, себеби болочок пландалган соккулар мындан да катаал болот”, – деп жазган Трамп “Truth Social” социалдык тармагындагы баракчасына.
Белгилей кетсек, Яхудий түзүмүнүн Иранга чабуулунан мурда дүйшөмбү күнү премьер министр Нетаньяху менен Трамптын ортосунда 40 мүнөткө созулган телефон сүйлөшүү болуп өткөн. Маалымат булактар бул сүйлөшүүдө Иранга чабуул жасоо маселеси да талкууланганын жазды. Ал эми, 15-июнда Омандын борбор шаарында АКШ менен Ирандын ортосунда ядролук келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн алтынчы раунду өтмөк.
Белгилүү болгондой, АКШ Иран менен өзөктүк курал боюнча келишимге алгач 2015-жылы 14-июлда кол койгон. Буга Ирандын аймактагы стратегиялык ролунун маанилүүлүгү түрткү болгон. Тагыраагы, Америка үчүн Иран жана анын партиясынын (хизбулланын) Сирияда Асад режимин сактоо үчүн кылган аракеттери зарыл болгон. Ал эми, 2018-жылы Трамп администрациясы аталган келишимди жокко чыгарды. Анткени, Вашингтон аймактагы окуяларга Сауд Арабия менен Түркиянын лидерлик кылышын каалады. Натыйжада, Түркия 2016-жылы “Евфрат калканы”, 2018-жылы “Зайтун бутагы” операциясы аркылуу Асаддын бийлигин сактап калууга чоң салымын кошту. Ошентип, Трамп Ирандын аймактагы ролун азайтып, аны негизги оюнчудан экинчи же кошумча ролго айлантты. Буга кошумча, Европа өлкөлөрү 2015-жылкы өзөктүк келишимге катышкан жана эң чоң пайда тапкан тарап болуп калган. Трамп Обаманын тушунда кол коюлган келишимден Европанын пайда көрүшүн каалабагандыктан да, аны жокко чыгарган. Учурда Трамп бул сүйлөшүүгө Европаны аралаштырбай жатат. Ошондой эле, Жакынкы Чыгыштагы операцияларын жыйынтыктап, негизги көңүлүн Кытайга бурууну каалап жатат. Ошондуктан, ал өзүнө көйгөй жараткан, алагды кылган ар кандай элементтерден арылууга умтулууда. Орусия менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү да ушул эле логика менен түшүндүрсө болот. Ал Украина кризиси аркылуу Орусияны сүйлөшүү үстөлүнө азгыруу максатын көздөдү. Ал аркылуу Орусияны Кытайдан бөлүп, кытай-орус огун алсыратууну максат кылган. Ошентип, Трамп Кытайды ороп алууну стратегиялык артыкчылык катары белгиледи.
Ал эми, яхудий вужудунун Иранга жасаган чабуулуна кайтып келсек, жөөт вужуду 2024-жылдын октябрында да Иранга кол салган. Анда Иран АКШ менен “Израилди” алдын ала кабарлагандан кийин куру күч көрсөтүү жүзөсүнөн ракеталарын аткылоо менен жооп берген. Учурда болсо, Трамп Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, Европа өлкөлөрүнөн обочолонтуу үчүн келишим түзүү максатында сүйлөшүүлөрдү баштады. Демек, сүйлөшүүлөрдүн убактылуу токтошу же кийинкиге жылдыруу эки тараптын сүйлөшүүлөрү токтотулушуна алып келиши күмөн. Тескерисинче, уланып жаткан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө АКШ басым жасоо аркылуу максатына жетмекчи.
Мына ушундайча, Иран режими Сирия жана Иракта Америкага кылган кызматынын “сыйлыгын” алып жатат. Анын Сирия калкын кыргынга алуусу Американы ыраазы кылбады. А түгүл, Ливандагы партиясынын жок кылынышы, Хусийлердин сындырылышы, аскер жетекчилеринин өлтүрүлүшү да Американы канааттандырган жок. Америка учурда, Иранды толугу менен чек арасына камап, аны яхудий вужудуна коркунуч келтирбеген, Европага экономикалык пайдасын тийгизбеген келишим аркылуу байлап алууну максат кылып жатат.
Демек, Иран режими баскынчы яхудий түзүмүнүн кылмыштарын токтото албайт. Анын жооптору кандай болсо да, яхудий вужудун жок кылууга чейин барбайт. Яхудий түзүмүн түп-тамырынан жок кыла турган күч – бул Пайгамбарлык минхажы негизинде курула турган Халифалык мамлекети. Ал тикеленген күнү Ислам коомун жана армияларды Палестинаны азат кылуу жана яхудий вужудун жок кылуу үчүн аттандырат. Ошондо Расулуллах ﷺдын ушул сөзү өз тастыгын табат:
«لا تَقُومُ السَّاعَةُ حتَّى تُقاتِلُوا اليَهُودَ، حتَّى يَقُولَ الحَجَرُ وراءَهُ اليَهُودِيُّ: يا مُسْلِمُ، هذا يَهُودِيٌّ وَرائي فاقْتُلْهُ»
«Силер яхудийлерге каршы согушмайынча, артына яхудий жашынып алган таш да “Эй, мусулман, мына артымда яхудий жашынып турат, келгин, аны өлтүргүн” демейинче кыямат болбойт».
Мумтаз Маверанахрий