Саясий билдирүүлөр жана саясий анализ
Саясий билдирүүлөр — бул саясатчылар үчүн саясий анализдин негизги мазмуну болуп саналат. Алар анализ үчүн зарыл болгон жаңылыктардын негизги бөлүгү, ал эми жаңылыктардын өзү саясий ой жүгүртүүнүн негизи болуп саналат. Чындыгында, алар саясатчылар үчүн күнүмдүк “азык” десек болот. Саясий билдирүүлөрсүз саясатты түшүнүү мүмкүн эмес, саясий анализ да болбойт, окуяларды айырмалоого болбойт жана алардын максаттары да аныкталбайт.
Ислам үммөтү саясий билдирүүлөрдөгү бурмалоолордон көп жапа чеккен. Атап айтканда, ошондой билдирүүлөрдү туура эмес түшүнүүдөн улам чоң аймактардан кол жууп калган учурлар болгон. Мисалы, Осмон халифалыгы Балкан аймагын аскерий жактан алсыз болгондуктан эмес, тескерисинче, зыяндуу жана адаштыруучу саясий билдирүүлөрдүн айынан жоготкон. Британия жана анын европалык союздаштары Балкандарда эч кандай негизсиз эле жасалма кризис жараткан. Алар Осмон халифалыгына Балкан өлкөлөрүндө кеңири элдик көтөрүлүштөр болуп жатканын, алардын көз карандысыздыкты талап кылып жатканын айтып, жалган маалымат таратышкан. Чынында болсо, мындай билдирүүлөрдүн ал жерде эч кандай чындыгы жок болчу. Революциялар да, бөлүнүү талаптары да болгон эмес. Бирок бул билдирүүлөрдү кайра-кайра кайталоо Осмон бийлигине Балкандарда күчтүү бөлүнүүчүлүк кыймылдар бар деген ишенимди жараткан. Акыры, мамлекет бул жалганга ишенип, ошого жараша иш алып бара баштаган. Натыйжада, Осмон халифаты чарчап, алсырай баштаган, андан соң чындап эле улутчул кыймылдар пайда болуп, аймакка жайылып кеткен. Бул кыймылдар кийин мамлекетти өз борборуна чейин кубалап келип, Балканды толугу менен бөлүп алган. Андан кийин Осмон халифаты да жоюлду.
Саясий анализде саясий билдирүүлөрдүн маанисин түшүнүү үчүн, саясий анализдин негизги беш шарты менен тааныш болуу керек:
- Саясий аналитик биринчи кезекте дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуяларды, фактыларды тыкыр байкап, алар тууралуу маалыматтарды чогултушу керек. Андан соң бул маалыматтарды маанилүүлүгүнө жараша иргеп, кокустук же атайын болгонун талдоосу зарыл. Муну кайра-кайра кайталап, тажрыйба топтогондо жана убакыт өткөн сайын, аналитиктин бул байкоосу адистешип кетет да, маанилүү жана максаттуу маалыматтарды өзүнчө тандай ала баштайт.
- Анализ жүргүзүүчү адамга окуялардын, фактылардын, жерлердин, адамдардын жана билдирүүлөрдүн мүнөзү тууралуу алдын ала маалымат керек болот. Бул географиялык, тарыхый, саясий жана пикирий маалыматтарды камтыйт. Мындай даярдык окуялар менен фактыларды так түшүнүүгө жана терең талдоого өбөлгө болот.
- Саясий талдоо жүргүзүүчү адам саясий тыянактарды чыгарууга аракет кылып жатканда, ар дайым эки «бир тууган» принципти бекем карманышы керек. Алар бири-биринен ажырагыс жана төмөнкүлөрдөн турат:
А) Окуяларды алар болуп өткөн шарттардан, чөйрөдөн жана ага байланыштуу жагдайлардан бөлүп карабоо. Анткени, окуяны анын шарттарынан бөлүп караганда, ал өзүнүн маанисин жоготот жана чыныгы вакыйлыктан ажырап калат.
Б) Жалпылабоо жана ар тараптуу салыштыруу жүргүзбөө. Анткени, мындай жалпылаштыруулар саясатта орун албашы керек. Алар саясатчылар үчүн зыяндуу нерселер болуп эсептелет жана саясий талдоодогу чоң жаңылыштыктардын эң башкы себептеринин бири болуп саналат.
- Жаңылыктар менен окуяларды кылдат текшерүү бир нече этаптан турат:
А) Ишенимдүү булактарды аныктоо аркылуу;
Б) Окуя болгон убакыт менен байланыштыруу аркылуу;
В) Ошол окуя болгон жагдайды эске алуу аркылуу;
Г) Эмне үчүн дал ошол убакта бул окуя болгонун түшүнүү аркылуу;
Д) Окуяга тиешеси бар тараптардын дароо берген реакциясын байкоо аркылуу.
- Окуяны же жаңылыкты буга чейин бар болгон маалыматтар менен байланыштыруу керек, андан соң аны ушул сыяктуу же башка окуяларга байланыштыруу эрежелери менен салыштырып карап чыгуу зарыл. Акырында болсо, чындыкка эң жакын жана вакыйлык менен эң ылайык келген тыянак чыгаруу керек. Эгерде саясий талдоодо ушул негиздер сакталбаса жана учурда массалык маалымат каражаттарынан, социалдык тармактардан агылып жаткан саясий билдирүүлөр менен жаңылыктар туура эмес колдонулса, албетте, бул абдан кооптуу маалыматтык саясий баш аламандыкка алып келет. Мындай баш аламандык аң-сезимди чаташтырып, акылды адаштырат, туура чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн азайтат жана ой жүгүртүүнү туура нукта өнүктүрүүгө тоскоол болот. Натыйжада, бул оор жана өлүмгө алып келүүчү саясий жаңылыштыктарга алып келет. Аналитиктер туура жыйынтыктарга жете албай, эл аралык чалгындоо кызматтарынын тузагына түшүп калышат. Бул болсо үммөт үчүн жана анын кайра жанданышына кызмат кылып жаткан аракеттер үчүн опурталдуу жана кыйратуучу натыйжаларды алып келет.
Ошондуктан, жогоруда айтылган негиздерди кармануу абдан маанилүү. Айрыкча маалымат агымын тыкыр байкап, чоң державалар менен таасирдүү мамлекеттердин саясатчылары тарабынан жасалган саясий билдирүүлөргө абайлап мамиле кылуу зарыл. Алардын эмне максат менен айтылып жатканын түшүнүүгө аракет кылуу керек, анан гана бул билдирүүлөрдү талдап, аларды белгилүү саясий байланыш эрежелерине жараша баалоого өтүү туура болот. Мисалы, америкалык саясатчылар тарабынан Иран менен согуш жакындап калды деген таасир жараткан билдирүүлөр таратылган. Бул билдирүүлөр менен кошо АКШ өзүнүн учак ташуучу аскердик кемелерин Жакынкы Чыгышка жөнөтүп, көп максаттуу ракеталар жана курал-жарактарды жеткирген. Ошол эле учурда Инд океанындагы америкалыктар менен британдыктар биргелешип колдонгон «Диего Гарсия» аскер базасына көңүл бурулуп, бул база ирандык ракеталардын жетиш аралыгынан тышта экени жана ал келечектеги согушта негизги роль ойной турганы айтылган. Бул маалыматтар согуш абалын түзүп, согуштун жакындап келатканындай таасир калтырган. Бирок күтүлбөгөн жерден мунун баарына карама-каршы келген маалыматтар пайда болуп, Оман султандыгында АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлдөрү менен ирандык аткаминерлердин түз сүйлөшүүлөрү өтүп жатканы жана ал сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы жакшы маанайда аяктаганы кабарланган. Бул болсо Иран менен согуш тууралуу таратылган маалыматтар эки өлкө ортосундагы узак сүйлөшүүлөргө жол ачуу үчүн атайылап даярдалган фон болгондой таасир калтырган.
Ошондой эле, яхудийлердин Газа секторуна каршы согушу уланууда деген жана ал жактагы элдин алдында “же өлүм, же көчүп кетүү” дегенден башка жол жок экенин айткан маалыматтар көп таратылды. Каршылык көрсөтүү кыймылы куралдарын тапшырышы керек, жетекчилери чыгып кетиши керек деген талаптар коюлду. Бирок андан соң Америка колдогон сүйлөшүүлөр ийгиликтүү бүтө турганы жана ХАМАСка яхудий түзүмү согушту токтотуп, Газадан чыгууга макул болору тууралуу кептер чыга баштады. Американын өзүнүн Газага “инфраструктуралык долбоорлор” аркылуу жаңыча келечек тартуулайбыз деген сунуштары менен бирге, ХАМАСтын кызыкчылыктары үчүн кепил боло турганы айтылды.
Эгерде саясий талдоочулар бул билдирүүлөрдүн алгачкыларына ишенип, алардын негизинде анализ жүргүзүшкөндө, алардын натыйжалары чындыкка карама-каршы келип, бул адашуучу жана жаңылыш жыйынтыктарга алып келмек. Анда алар маалыматтык манипуляциялардын жана карама-каршы билдирүүлөрдүн курмандыгына айланмак. Ошондуктан, саясий талдоо жүргүзүү алдында билдирүүлөрдү дароо кабыл алууга шашпай, сабырдуулук менен күтүп туруу керек. Андан кийин гана аларды кылдат текшерип чыгуу, жагдайларга байланыштуу кароо, шарттардан ажыратпоо жана жалпылоодон оолак болуу зарыл.
Роя гезити
Абу Хамза ал-Хатвани




