Басма сөз баянаты
Бузукулук аракеттери сыртынан “өнүгүү” көрүнгөнү менен, ичинен ар-намысты тебелөө
Ливан парламентинде депутат болгон Нажат Салиба мындай деди: “Биз Америкалык университетти колдоого алып, Триполинин мектептеринде үй-бүлөлүк аң-сезимди жайылтуу маданиятын таратууга аракет кылдык. Бирок бул демилге копол жана катуу мамиле менен тоскоолдукка дуушар болду”.
Анын бул сөздөрү, Америкалык университетке караштуу делген бир уюмга мүчө болгон эки бузуку аялдын (аялдар үчүн комплекстүү жыныстык саламаттык программасы) деген ат менен Бейруттагы Америкалык университеттин медициналык борборунун атынан чыгып, Триполи шаарындагы кыздар орто мектебине билим берүү министрлиги менен келишимде барган убакта айтылды.
Алар мектепке барып, ойлоп тапкан “жыныстык аң-сезим” деген шылтоо менен уятсыз, ашкере, ачык-айкын сүрөттөрдү жана маалыматтарды кыздарга көрсөтүшкөн. Мунун арты менен ата-энелер мектеп администрациясына кайрылышканда, администрация бул эки аял Ливандын Билим берүү жана жогорку билим берүү министрлигинин көрсөтмөсү менен келишкенин билдирген!
Бул окуя Ливандагы калың эл саясий, экономикалык жана коомдук кризистин айынан кыйналып жаткан учурда болуп жатат. Бузукулукту, кедейликти, жумушсуздукту жана адеп-ахлактык кыйроону башынан өткөрүп жаткан элге эми “замандын талабына ылайык аң-сезим жана билим берүү” деген шылтоо менен үй-бүлөлөрдүн ички ишине кийлигишип, балдардын аң-сезимине доо кетирүү аракети жүрүп жатат! Анда кайсы аң-сезимди таратышууда? Кайсы билимди окутушууда? Кайсы “ачыктыктын” үмүтүндө жүрүшөт?
Мектептердин ичинде бузук идеяларды жайылтуу — бул коомду бузууну максат кылган өтө кооптуу аракет. Алар бул аркылуу коомдун негизи болгон үй-бүлөгө кирип барып, аны ичтен бузууну көздөшөт. Мындай бузуку адамдарга кыздарыбызга аңдып кирип, мындай төмөнкү жана кооптуу темаларды сунуштоого мүмкүнчүлүк берүү — опурталдуу. Биздин коомдогу үй-бүлө күнөөкөр саясатчылар, лидерлер жана “агартуучулар” деп аталып жүргөн айрым кишилердин катаал чабуулуна кабылып жатат. Алар тез-тез жана үзгүлтүксүз ишке ашкан программалар менен Ислам динин, анын аруулугун, намыстуулугун жана ар-намысын бутактап жок кылууну көздөшөт. Максаттары — уул-кыздарыбызды уятсыздыкка жана бузукулукка чөмүлтүү.
Бүгүнкү күндө көпчүлүккө маалым болуп калгандай, бул программалар түз эле БУУнун “маданият”, “цивилизация” жана “заманбаптык” деген ураандары менен көзөмөлдөнөт. Мусулман үй-бүлөлөрүнө секуляризмди, бузукулукту жана бузуку сексуалдык жүрүм-турумду таңуулоонун эң кеңири жайылган ыкмасы мектептерди максат кылуу болуп калды. Бул иштер ар кандай шылтоолор менен, көрүнүшү “өнүгүү” деген жасалма аттар менен ишке ашууда. Алар элге “талантты өнүктүрүү”, “репродуктивдүү саламаттык”, “жыныстык билим берүү”, же болбосо “эл аралык келишимдердеги кыздардын укуктарын коргоо” деген жалтырак ураандар менен сатылууда. Бирок иш жүзүндө, бул иштер ислам баалуулуктарына каршы келген бузук аракеттер. Алардын максаты эркек менен аялдын ортосундагы парданы жыртып, уяттуулукту жок кылуу жана бузукулукту жайылтуу.
Белгилүү болгондой, билим берүү тармагы үммөттүн бүгүнкү күнү менен келечегине түздөн-түз таасир этүүчү эң маанилүү тармактардын бири. Анда мамлекет бул маанилүү тармакка кандай көзөмөл жүргүзүп жатат?! Эмне себептен бул тармак эл аралык уюмдардын бузук программаларынын аманатында калууда?! Эмне үчүн мындай жийиркеничтүү иштер тиешелүү министрликтердин маалыматы жок өткөрүлдү деп актанышат?!
Тескерисинче, мындай шектүү уюмдардын өткөргөн программаларынан жана семинарларынан өздөрүн дайым алыс көрсөтүшөт, бирок ошол эле учурда бул уюмдар өз билгенин кылып, коомдук жайларда эркин иш алып барып жатышат, жана “аң-сезимди жогорулатуу” же “билим берүү” деген шылтоолор менен алардын алдына ар бир эшик ачылып жатат!
Бул окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга окшош иш-чаралар Ливандын ар кайсы аймактарындагы, айрыкча түндүктөгү мектептерде кайра-кайра өткөрүлүп келген. Мисалы, “гендердик түшүнүктү калыптандыруу” долбоорун ишке ашырып жаткан Oxfam уюмунун өкүлдөрү Ливанды, өзгөчө Триполи шаарын максат кылып келишкен. Мындай жаман жана аянычтуу чабуулдардын баары – Алла Таала адамзатка жаратылышынан берген таза фитрага каршы келет. Алар бул аркылуу коомду ахлакый баалуулуктардан, уяттуулук менен аруулуктан ажыратууну, аны бузуу менен нормалардан бошотууну көздөшөт. Ошондуктан бул бузукулуктарга каршы турушубуз, аларды ашкерелеп, алардын ыкмаларын эл алдында ачык-айкын кылып чыгаруу биздин милдетибиз. Анткени булардын иш-аракеттери эми жашыруун эмес, алар ачык эле динге, улуулукка, абийирге жана адамдык баалуулуктарыбызга каршы чыккандар.
Бул багытта өлкөдөгү аң-сезимдүү адамдар ар бир чакырыкка сергек мамиле жасап, динибизге, шариат мыйзамдарына жана андан келип чыккан асыл ахлакый баалуулуктарга каршы келген нерселерге бөгөт коюу жолунда аракет кылып жатышат.
Биз бул билдирүү менен коомдун тагдырына кайдыгер болбогон ар бир адамды — ар кандай бузукулукка себеп болчу отту башынан басууга чакырабыз. Ошондой эле бузук уюмдардын айласын түшүнүп, алардын амалкөйлүгүнө каршы туруп жаткан ак ниет, аң-сезимдүү адамдарды колдойбуз жана кыздарга да, алардын ата-энелерине да өз динибизди жана анын улуулугун түшүндүрүүгө үндөйбүз.
Анткени бул маселе жөн гана “таланттарды өнүктүрүү”, “билим берүү мүмкүнчүлүгү” же ойдон чыгарылган «укуктар» жөнүндө эмес. Бул мусулман үй-бүлөсүн Исламдан ажыратууга багытталган ырайымсыз согуш. Бул согушту батыш дүйнөсү жана анын таасириндеги уюмдар, эл аралык фонддор, ошондой эле сатып алынган, элге чыккынчылык кылган башкаруучулар жүргүзүп жатышат. Бул секулярдык агымга каршы туруу, Ливанда гана эмес, бүтүндөй Ислам дүйнөсүндө бир гана жол менен ишке ашат:
Ал Ислам үммөтүн бириктирген, бир халиф башкарган, Аллахтын шариатын жана Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүн бардык мыйзамдар менен институттарда толук колдонгон Халифалык мамлекетин куруу аркылуу болот. Бул Халифалык үй-бүлөнү сактап, ахлактык жакшы сапаттарга ээ муундарды тарбиялоонун жалгыз кепилдиги болот. Алла Тааланын каалоосу менен мындай Халифалык мамлекет жакында курулат, ин шаа Аллах.
Ар бир мусулман өз жоопкерчилигин сезиши керек. Аны Ислам дини аманатты кайтаруучу катары милдеттендирген. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ…»
«Ар бириңер жоопкерсиңер, жана ар бириңер кол астыңардагы адамдар үчүн жооп бересиңер …».
Ошондуктан эркектер да, аялдар да динибизди жок кылууну көздөгөн мындай бузук программаларга каршы турушу керек. Ар ким динди билбеген, ар-намысты коргобогон, коркунучтуу жана шариатка каршы чечимдерди кабыл алып жаткан бийликтегилерге каршы туруу үчүн бир муштум болушу зарыл. Алар коомго түз коркунуч алып келген адамдар. Эгер биз аларга каршы турбасак, Аллах Тааланын азабы бизге да тиет. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«مَا مِنْ قَوْمٍ يُعْمَلُ فِيهِمْ بِالْمَعَاصِي ثُمَّ يَقْدِرُونَ عَلَى أَنْ يُغَيِّرُوا ثُمَّ لَا يُغَيِّرُوا إِلَّا يُوشِكُ أَنْ يَعُمَّهُمْ اللَّهُ مِنْهُ بِعِقَابٍ»
«Эгер бир коомдо күнөө кылынса, жана алар ал күнөөнү токтотууга кудуреттүү болуп туруп, токтотушпаса — Аллах Таала алардын баарына бирдей жаза берет» (Абу Дауд риваяты).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү, Аялдар бөлүмү.
30.05.2025