Басма сөз баянаты
Билим берүү министрлиги Триполи жана анын айланасында бузукулукту жайылтуу кылмышын улантууда!
Триполидеги орто мектептерде ыплас көрүнүштөрдү жайылтуу боюнча чыккан чуулгандуу окуядан кийин, Билим берүү министри мурдагы министрдин уруксаты менен иш жүргүзгөн зынаа, гомосексуализм жана башка бузуку идеяларды тараткан уюмдардан баш тартканын айткан эле. Азыркы министр бул уруксатты жокко чыгарганы кабарланган. Бирок бизге жеткен так маалыматтарга ылайык, ошол эле уюмдар Түндүк Ливандагы башка орто мектептерде ыплас идеяларды жайылтуусун улантып жатышат. Мунун баары Билим берүү министрлигинин уруксаты менен болууда!
2025-жылдын 27-майында, алгачкы окуя жана аны ашкерелөө болгондон кийин деле, ошол уюмдардын биринин активисти расмий орто мектептердин бирине кирип, министрликтин уруксаты бар экенин көрсөтүп, “коомдук багыт берүү” максатында класстарга кирүүгө аракет кылган. Бирок ал бир класска киргенде мугалим аны мурда «Фадл Мукаддам» орто мектебинде көрсөтүлгөн темалардын кайра көрсөтүлүп жатканын байкап, дароо мектеп жетекчилигине билдирген. Жетекчилик дароо анын ишин токтотуп, мектептен чыгарып жиберген. Бул мектеп жетекчилигинин мактоого татыктуу кадамы жана мындай мамиле бардык мектеп жетекчилери менен мугалимдерге үлгү болушу керек.
Бул окуя биздин ар-намысыбызга, баалуулуктарыбызга жана ыйманий түшүнүктөрүбүзгө каршы багытталган өтө коркунучтуу окуя. Бул бузукулук уюмдары өзгөчө мусулмандар жашаган аймактарда зынаа, бузукулук жана табиятка каршы түшүнүктөрдү жайылтууга аракет кылып жатышат. Алар Билим берүү министрлигинен уруксат алып, айрым бузулган депутаттардан да колдоо көрүп жатышат. Ал тургай, айрым депутаттар бул идеяларды айрыкча Триполиде жайылтуу үчүн иш жүргүзгөнүн ачык айткан.
Мындан ары бул жөн гана терминология же түшүнүк талашы эмес. Бул жер жүзүндөгү реалдуу согуш жана бузукулар аны ачык-айкын, чечкиндүү жүргүзүп жатышат. Ошондуктан, биз жалпы көтөрүлүү абалын жарыялайбыз жана коомдун бардык катмарларын бул мыйзамга каршы чыгып, ыпластыкты жайылтуучу бузук топторго каршы туруп, аларга бөгөт коюу зарылдыгын баса белгилеп чакырабыз. Анткени алар бузуку иштерди жасоо менен эле чектелбестен, аны жайылтууну да максат кылып жатышат. Ал эми мыйзам муну кылмыш катары баалайт.
Биринчи кайрылуу Ливандын муфтийлерине:
Айрыкча, Триполинин башкы муфтийи баш болгон дин жетекчилерине кайрылабыз. Бул бузуку чабуулдарга каршы чыгуу силердин мойнуңардагы жоопкерчилик. Жума күнкү хутбаларда бул уюмдарды жана алардын артында турган күчтөрдү элге ашкерелеп, аларга мектептерге кирүүгө тыюу салууга чакырып, жалпы дин кызматкерлерине бул тууралуу маалымат берүүгө милдеттүүсүздөр.
Экинчи кайрылуу коомдун активдүү катмарына:
Мектеп директорлору, мугалимдер, муниципалитеттер жана айыл башчыларына кайрылабыз. Бул бузуку уюмдарга каршы турган абалды түзгүлө, Билим берүү министринин бул уюмдар менен тил табышып иш алып барганы далилденгендиктен, анын кызматтан кетүүсү үчүн бийликке кысым көрсөткүлө. Ошондой эле, бузук идеяларды колдогон жана аларды Триполиде жайылтканын өзү моюнга алган депутаттар да кызматтан кетирилиши керек. Анткени мындай адамдар мусулмандарды эч качан чыныгы түрдө көрсөтө алышпайт. Алар өздөрүнүн идеялары менен ахлакка, баалуулуктарга жана исламий түшүнүктөргө гана эмес, христиандык түшүнүктөргө да каршы турушат.
Биз Ливан вилаятындагы Хизб ут-Тахрир бул бузук иштерди токтотуу жана алардын артындагыларды ашкерелөө үчүн тез арада чукул кампанияны баштаганыбызды жарыялайбыз. Алар Батыштан биздин элге эң жаман нерсени, булганычтын эң ыпласын алып келишти. Биз өз балдарыбыздын бузулушуна жол бербейбиз! Ким эскертсе — ал күнөөсүз болот! Аллах Таала айтты:
﴿إِنَّ الَّذِينَ يُحِبُّونَ أَن تَشِيعَ الْفَاحِشَةُ فِي الَّذِينَ آمَنُوا لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَاللَّهُ يَعْلَمُ وَأَنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ﴾
«Албетте ыйман келтирген кишилер ортосунда бузуктуктар жайылышын эңсей турган адамдар үчүн дүйнөдө да, Акыретте да жан чыдагыс азап бар. Алла билет, силер билбейсиңер.» (Нур сүрөсү, 19-аят)
Хизб-ут-Тахрирдин Ливан вилаятындагы маалымат бөлүмү
30.05.2025