Албетте, Газанын ачарчылыкта калышы Ислам үммөтү үчүн уят!

202
0

Басма сөз баянаты

Албетте, Газанын ачарчылыкта калышы Ислам үммөтү үчүн уят!

Көпкө созулган ачарчылыктан кийин, курсактарына таш байлаган газалыктардын абалы оор бойдон калууда. Ачкачылык майдан кийин этти эритип, сөөктү кемирип, тирүү скелеттер күнүмдүк көрүнүшкө айланган Газа жергесинде ар бир үй-бүлө башчысы балдарынын ыйын токтотчу бир үзүм нан издеп башын катырып жатат. Ушундай кезде Трамп кайрадан менсинүү менен шылдың кылып: “Газалыктарга бир аз тамак ыргытам”, – деди.

Бул тамак берүү долбоору ачыкка чыкты. Газанын ачкачылыгы үстүнө АКШ инвестиция булагына айланткан америкалык компания түзүлдү. Бул компания Ирак менен Ооганстандагы кылмыштуу күчтөрдүн калдыктарынан жана тарыхы карарган коопсуздук фирмаларынан турат. Алар бир колу менен тамак таратып, экинчи колу менен автомат көтөрүп турушат. Элди текшерүүдөн өткөрүшөт. Бул Газа элин кемсинтүү. Бул тамакты тек гана яхудийлер уруксат бергендер алат. Анан да, ал киши тамак алганга жетпей эле, бомбага кабылып өлүп калышы мүмкүн. Адамдар адамдык аброюна туура келбеген абалда катарга тизилип турушат. Бул алардын Газа түштүгүнө көчүрүлүшүнө карата даярдык экендигинен кабар берет. Себеби Трамп Газаны ээлеп алып, элди көчүрүп кетүүнү көптөн бери айтып келатат. Ал эми яхудийлердин башкы кылмышкери болсо, көчүрүү тууралуу сөзүн токтотпойт. Геноцид дагы деле уланып, өлтүрүү негизги көрүнүш бойдон калууда.

Андан да кайгылуусу – Газа элинин тамакка муктаждыгы жок болчу! Рафах чек арасында миңдеген жүк ташуучу унаалар азык-түлүккө толуп токтоп турат. Эгер Мисирдеги режим чек араны ачып, бул кербендерди коргоп киргизгенде, Газадагы ачкачылык бир күндө эле бүтмөк! Бирок, тамакты өткөрүүнүн ордуна, яхудийлерге чек араны берип, Газа элин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берип салды. Бул баарыбыздын көз алдыбызда, Мисир режими макул болуп, катышкан абалда болду!

Бул чын эле таң калычтуу. Газа элинин ачтыгы үчүн Ислам үммөтү жарым колун жардамга сунса эле, Газада мышыктар менен канаттуулар да ток болушмак!

Бул чын эле таң калычтуу. Газалыктар ач калганда, Трамп аларга кээде ырайым менен, кээде өлтүрүүчү кол менен «тамак берүүдө». А чынында болсо, үммөттө, бул яхудий түзүмдү жарым күндө же андан аз убакытта жок кылып сала турган армиялар бар!

Кантип Газанын ачка калган элин Америка менен яхудий кылмышкерлеринин колуна таштап коюуга болот? Ислам үммөтүнүн бир бөлүгү болгон, эки миллион кишинин ачка калганы биякта турсун, бир адамдын ачка калышы ниети таза, ыймандуу, ар намыстуу момундар үчүн өтө жат көрүнүш. Кантип 2 миллион адам ачка кырылып жатышын карап турабыз? Бул эки миллион мусулмандын ачка калышы бул жакта турсун, мусулмандардын акчасына жогорудагы компания аркылуу колонизатор америкалыктардын эки миллионуна жумуш орду түзүлүп жатат!

Яхудийлер менен америкалыктардын Газа элине ачкачылык жана өлүм отун жаадырышы бул үммөттөгү кыянатчыл башчылардын жана алардын кылган кылмыштарына унчукпай турган элдин айынан гана мүмкүн болду. Анткени бул үммөттөн да, анын аскерлеринен да кылмышкерлерди коркутуп, кол салгандардын колун кесчү бир да чечкиндүү кадам көрүшкөн жок!

Газадагы наристелердин оозундагы бир үзүм нанды америкалыктар менен яхудийлер көзөмөлдөп турганынын себеби, Газаны яхудийлердин өзүнөн да катуу курчоого алган, аларды өлтүрүүгө шарт түзүп берген ушул саткын башкаруучулар! Муну менен алар жөн гана саткындыкты эмес, ачык душмандыкты да тандашты. Албетте, Газанын ачка калышы Ислам үммөтү үчүн уят! Бирок, андан да уяттуусу, Трамп аларды ырайымсыз, көчүрүп кетүүчү жана өлтүрүүчү колу менен багып жатканы.

Бул уятту абалды чыныгы, ишенимдүү бир позиция менен гана актоо мүмкүн.

Үммөт козголуп, өз аскерлерин алдына салып, башкаруучуларын кулатып, Байтул Макдиске карай багыт алып, төгүлгөн ар бир кан тамчысы үчүн өч алып, ар бир ташты, ар бир бурчту ушул ыйык жерден бул кыянатчы түзүмдүн киринен тазалап, аны рактын шишигин жок кылгандай түбөлүк жок кылганда гана – бул үммөт өзүнүн намысын тазалайт.

Эгерде андай болбосо, ар бир ачкачылык менен жардам сураган кыйкырык, ар бир суусоо, ар бир ичтеги ачышуу бул үммөткө каршы Аллахтын алдында күбө болот!

Хизб ут-Тахрирдин Берекеттүү Палестина жериндеги маалымат бөлүмү

28.05.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here