Каргил тоолорундагы чыккынчылыктан Кашмирди сатууга чейин

213
0

Басма сөз баянаты

Каргил тоолорундагы чыккынчылыктан Кашмирди сатууга чейин

Пакистан премьер-министринин кеңсеси шейшемби күнү билдирүү таратып, анда Пакистан армиясынын башчысы Асим Мунир “майдан маршалы” наамына көтөрүлөрүн жарыялады. Бул акыркы 60 жылда генерал бул даражага көтөрүлгөн алгачкы учур. Билдирүүдө айтылгандай, бул көтөрүлүү “улуттук коопсуздукту камсыздап, душманды чечкиндүү жеңген стратегиялык көрөгөчтүк жана эр жүрөктүк лидерлик” үчүн берилүүдө. Бул окуя Индия менен болгон акыркы 30 жылдагы эң оор кагылышуудан бир нече күн өтпөй туруп жүз берип жатат. Коопсуздук кызматындагы бир булак «майдан маршалы” деген беш жылдыздуу наам согуш учурундагы өзгөчө лидерлик жана “улуу” жетишкендиктерди билдирет деп түшүндүрдү.

Биринчиден: чыныгы жеңиштин ээлери аба мейкиндигинин арстан-учкучтары жана майдандагы баатырлар. Чыныгы көтөрүлүүнү жана урматтоону аба мейкиндигиндеги пакистандык арстандарыбызга берүү керек болчу. Алар Индия сыяктуу текебер индус мамлекеттин армиясына каршы тактикалык жана руханий жактан үстөмдүк кыла алышты. Ал эми жеңишти колдон чыгаргандар, өзүн коргоо менен эле чектелип, аны стратегиялык артыкчылыкка айланта албагандар, алар тарыхый мүмкүнчүлүктү текке кетирүүгө себепчи болушту. Эгер Пакистандын армиясы менен саясий жетекчилиги чыныгы эрдик кылгысы келсе, анда алар Индияны Кашмирден чыгып кетүүгө жана суу келишимине кайра кайтууга мажбурламак. Тескерисинче, алар Ак Үйдөн келген бир эле телефон чалууга баш ийип, жеңиштин туу чокусунда туруп согушту токтотушту! Ошентип, 1999-жылы Каргилдеги стратегиялык бийиктиктерди АКШнын буйругу менен таштап кеткен Первез Мушарраф менен Наваз Шариф сыяктуу, бүгүнкү жетекчилер да ошол эле катачылыкты кайталашууда. Жеңиш согуш майданда жетилет. Кийин ал чет элдик көрсөтмөлөр менен башталган сүйлөшүүлөрдө текке кетет!

Экинчиден: Бул түн мурунку түнгө абдан окшош!

Пакистан армиясынын жетекчилери жакшы билишет. Мисир армиясы Бар-Лев сызыгын бузуп, “яхудий армиясы жеңилбейт” деген уламышты жок кылган. Бүгүн Моди Индия армиясы жөнүндө ушундай эле жалган даңазаны таратууда. Бирок ошол кезде Мисирдин жетекчилиги бул жеңишти колдонуп, артыкчылыкка айланта алган эмес. Чабуулду токтотуп, натыйжада чыккынчылыкка толгон Кэмп-Дэвид келишимине кол коюлган! Бирок ошол учурдагы Мисирдин Башкы штабынын жетекчиси генерал Саадуддин аш-Шазилий көк беттик менен моюн сунуудан баш тартып, бул тарыхый жаңылыштык үчүн аскердик жана саясий жетекчиликти жооптуу деп атаган. Анын көз карашында каналды кесип өтүү жеңиш эмес, болгону башталыш болчу.

Ал эми бүгүн Пакистан армиясынын жетекчилиги жеңишти текке кетирип эле койбостон, ал жеңишти өздөрүнө таандык кылып, жеңишти уурдап кеткендерди мактап, жасалма наамдар менен сыйлап жатат! Эми суроо туулат, ок атышууну токтоткондон кийин дагы бир чыккынчылык келишими кабыл алынабы? Пакистандын өз “Кэмп-Дэвиди” же “Ослосу” пайда болуп, Индиянын Кашмирдеги оккупациясын мыйзамдаштырган келишимге айланабы?

Үчүнчүдөн: Жеңишке ээ болбогон жетекчилик майрамдап жатат! Кандай гана маскаралуу көрүнүш! Мисир жыл сайын “жарым-жартылай” жеңишти майрамдап, ыйык жерлерди саткан чыккынчылыкты унутуп койгондой, Пакистан бийлиги да жеңилгендердин көкүрөгүн медалдар менен кооздоп, “майрам” өткөрүп жатат! Ушунун баары Пакистан армиясындагы чыныгы арстандар жана бүркүттөр жараткан жеңишти пайдаланбагандыгынын бет каралыгы менен коштолууда. Андан тышкары, бул жетекчилик буга чейин өзү: “Биздин милдет – АКШнын жийиркеничтүү иштерин аткаруу” деп атйкан. Элдин, үммөттүн кызыкчылыгы эмес, Америкага кызмат кылуу экенин моюндаган!

Эми болсо, ошол эле жетекчилик “баары өз ордунда” деген сыяктуу өздөрүн мактап жатат. Бирок чындык башкача. Индия дагы эле Кашмирди басып турат. Суу келишими токтоп турат. Жана жетекчилик болсо өзүнө кол чаап жатат!

﴿أَلَا سَاءَ مَا يَحْكُمُونَ﴾

“Карачы, кандай жаман өкүм чыгарып жатышат!”

Төртүнчүдөн: Оо, Пакистан армиясынын бүркүттөрү жана арстандары… жеңишиңер уурдалышына жол бербегиле! Эй арстандар! Силер абада да, кургакта да жеңишке жеттиңер. Эми жетекчилериңер жеңишиңерди уурдап, аны Америкадагы кордуктун базарларында сатып жиберишине жол бербегиле! Бул чыккынчы саясий жана аскерий жетекчиликти алмаштырып, силерди Пайгамбарлык негизиндеги экинчи Халифалык долбоорун көтөрүп чыккан чынчыл партия – Хизб ут-Тахрирге ишеним артууга чакырабыз. Убакыт келди! Бул партия силерди толук жеңишке жетелейт. Кашмир менен Палестинаны бошотууга, Индияны багынтууга жетелейт. Ал эми бул жетекчилер болсо силерди Моди, Трамп, Шариф жана Мунир жемишин жей турган кордукка толгон ок атышууну токтотууга алып келүүдө!

Эй, Пакистан армиясынын ыймандуу жигиттери! Билип койгула! Эгер бүгүн силер бул чыккынчы жетекчилерге унчукпай койсоңор, анда эртең дагы бир чыккынчылык болот. Кашмирдеги жана Палестинадагы бир туугандарыбыз сатылат, үммөтүбүз дагы бир жолу кыянат көрөт. Азыр аракет кылгыла, ушул дүйнөдө урматка ээ болуп, акыретте Аллахтын ыраазылыгына жетесиңер.

﴿وَقُلِ اعْمَلُوا فَسَيَرَى اللهُ عَمَلَكُمْ وَرَسُولُهُ وَالْمُؤْمِنُونَ ۖ وَسَتُرَدُّونَ إِلَىٰ عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ﴾

“Айткын: «(Каалаган) ишти кылгыла. Анткени, Алла, Анын пайгамбары жана момундар кылган иш-амалыңарды көрүп турат жана жакында көмүскө жана көрүнөөнү (жашыруун жана ашкере нерселердин баарысын) Билүүчү Затка кайтарыласыңар. Анан, Ал Зат силерге кылып өткөн амалдарыңардын кабарын берет». 106. Дагы башка бир (топ, казатка чыкпаган)дар бар, алар Алланын амирине калтырылышат. Ал Зат Өзү аларды же азапка кириптер кылат же болбосо тооболорун кабыл этет. Алла Билимдүү жана Даанышман”. (Тообо сүрөсү, 105-аят).

Хизб-ут-Тахрирдин Пакистан вилаятындагы маалымат бөлүмү

21.05.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here