Британиялык аткаминердин Өзбекстанга сапарынын себептери жана максаттары

148
0

Басма сөз баянаты

Британиялык аткаминердин Өзбекстанга сапарынын себептери жана максаттары

2025-жылдын 13-май күнү Улуу Британиянын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн атынан биринчи расмий сапар менен Коргоо маселелери боюнча мамлекеттик катчы лорд Кокер Өзбекстанга келди. Бул сапар өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Анткени бул — Британия өкмөтүнүн өкүлү тарабынан Өзбекстанга болгон биринчи расмий сапар. Сапардын алкагында ал өлкөнүн аскер жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү. Алардын арасында Коргоо министринин орун басары армия генералы Хамдам Каршиев, ошондой эле Улуттук гвардиянын командачысы генерал Рустам Жураев да болду.

Бул жолугушууларда Британиянын Өзбекстан менен эки тараптуу коргонуу жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон берилгендиги дагы бир ирет тастыкталды. Ошондой эле, лорд Кокер Өзбекстандын Куралдуу күчтөр академиясында сөз сүйлөдү. Бул британ коргоо министринин аталган академияда алгачкы жолу сүйлөшү болуп калды. Бирок бул сапар “коопсуздук кызматташтыгы” деп сыпатталганы менен, саясий аң-сезими бар адамдарга айдан ачык: мунун артында колонизатордук кызыкчылыктар жана империялык максаттар жатат. Себеби Улуу Британиянын тарыхый колониялык саясатынын негизги ыкмаларынын бири — өзүнө түбөлүк берилген кадрларды даярдоо болуп келген.

Аскер академиясына болгон бул сапар жөн гана жолугушуу эмес. Анткени буга чейин эле, тактап айтканда 2018-жылдын 17-мартында Kun.uz агенттиги мындай деп кабарлаган: “2018-жылдын январында Британия менен Өзбекстандын коргоо министрликтери ортосунда кол коюлган эки тараптуу аскердик кызматташуу планында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу эл аралык кызматташтыктын негизин түзөт деп белгиленди.”

Бул план төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Аскердик кызматташтыктын ар түрдүү тармактарында тажрыйба алмашуу;
  • Өзбек аскерлерин Британиядагы жогорку аскердик окуу жайларда окутуу;
  • Британ аскер адистеринин Өзбекстандын аскер окуу жайларындагы окутуу иштерине катышуусу;
  • Аскердик-медициналык жаатта тажрыйба алмашуу;
  • Биргелешкен машыгуулар жана окуу программаларын өткөрүү.

Мындай баяндамалардан улам британ коргоо министринин аталган сапардагы чыныгы максатын түшүнүү кыйын эмес. Бүгүнкү күндө Өзбекстан колонизатор державалар үчүн негизги максат жана геосаясий күрөш жүрүп жаткан аренага айланды. Бул күрөштө колонизатор өлкөлөрдүн кызыкчылыктары эч качан шайкеш келбейт. Ушундай шартта Британия өзүнүн салттуу саясатына ылайык, бул “оюндан” өз үлүшүн алууга аракет кылат. Лорд Кокердин сапарын “биз да бул чоң оюндабыз” деген билдирүү катары түшүнүүгө болот.

Британия — дүйнө жүзүндө таасирин жайылтууга аракет кылып жаткан эң ири колонизатор өлкөлөрдүн бири. Ал Исламдын жана мусулмандардын эң катаал душманы. Осмон халифалыгын кулаткан, Ислам үммөтүн бөлүп-жарган, анын жүрөгүнө (Палестинага) яхудий сионисттерин тумшук кылып кагып киргизген да дал ушул Британия. 1917–1924-жылдар аралыгында арабдар менен түрк мусулмандарынын ортосуна фитна салып, Осмон халифалыгын кулатууга болгон аракеттерди жетектеген да Британия. Бирок Британия муну менен эле токтоп калган эмес. Ал мусулмандардын жерлерин жасалма чек аралар жана куурчак режимдер менен бөлүп-жарып, үммөттү майдалап таштаган. Бул саясат бүгүн да уланууда. Анткени үммөт али күнчө өз халифасынан, өз мамлекетинен ажырап турат. Ошондой эле Британия жөн гана Палестинаны яхудийлерге берүү менен чектелген жок. Ал 19 айдан бери Газада жана жалпы Палестинада жүргүзүлүп жаткан кыргын, геноцид сыяктуу яхудий кылмыштарына толук колдоо көрсөтүп келүүдө.

Ал эми биздин башыбызда отурган башкаруучулар — бул колонизатор каапырлардын кызыкчылыгына кызмат кылып, өз тактыларын сактап калууну гана ойлогон куурчактар. Алар канчалык кызмат кылбасын, батыш колонизаторлору аларды эч качан өз катарына кошпойт. Аллах Таала муну Куранда эскерткен:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ لاَ تَتَّخِذُواْ بِطَانَةً مِّن دُونِكُمْ لاَ يَأْلُونَكُمْ خَبَالاً وَدُّواْ مَا عَنِتُّمْ قَدْ بَدَتِ الْبَغْضَاء مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ قَدْ بَيَّنَّا لَكُمُ الآيَاتِ إِن كُنتُمْ تَعْقِلُونَ﴾، وقوله سبحانه: ﴿وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ﴾

“Эй, момундар, өзүңөрдү коюп, (ал мунафык-эки жүздүүлөрдү) сырдаш, дос тутпагыла! Алар силерге зыян жеткирүүдө күчтөрүн аяшпайт жана жаман абалга түшүшүңөрдү арзуу кылышат. Алардын силерди жаман көрүүлөрү ооздорунан ашкере болду. Дилдериндеги душмандыктары болсо андан да чоңураак. Эгер акыл жүргүзүп көрсөңөр, силерге белгилерди ачык-айкын кылып бердик”. (Али Имран сүрөсү, 118- аят).

Хизб-ут-Тахрирдин Өзбекстанддагы маалымат бөлүмү

21.05.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here