Триполи шаарындагы окуялар жана Ливиядагы абал

113
0

Триполи шаарындагы окуялар жана Ливиядагы абал

Өткөн дүйшөмбүнүн кечинде жана шейшемби таңында Триполи шаарынын түштүгүндө абдан катуу кагылышуулар болуп өттү. Бул кагылышуу эки ири топко таандык. Алар: “Туруктуулукту колдоо полициясы” жана “444-бригада”. Бул кандуу окуя “Туруктуулукту колдоо полициясынын” башчысы Абдул Гани ал-Киклинин 444-бригадага караштуу Тэкбали лагеринде өлтүрүлүшүнөн кийин башталды. Алгач оозеки кайым айтышуу болуп, кийин ал курал колдонууга өтүп кеткен. Киклинин бет маңдайында 444-бригаданын командири Махмуд Хамза, Триполинин ички иштер министри Имад ат-Тарабулси жана 111-бригаданын командири, коргоо министрлигинин орун басары Абдуссалам аз-Зуби турган. Кикли ошол эле жерде атып өлтүрүлдү.

Бул окуя ошол түнү эле “Туруктуулукту колдоо полициясынын” чачырап, кулашына алып келди. Эртеси, шейшемби күнү, кагылышуулар “444-бригада” менен Абдуррауф Карра жетектеген “Раджа күчтөрүнүн” ортосуна өттү. Карра “мадхали” идеологиясына, түшүнүгүнө жана каржылоосуна таандык. Бул кагылышуулар бейшемби күнү токтоду, ок атышпоо жарыяланды. Бирок бул токтоп калуу мүмкүнчүлүк катары колдонулду. Жума түнү, ишембиге караган түнү, “жыландар” (алар абдан көп) кайрадан өз уяларынан чыгып, бул окуяны пайдаланып, түшүнүгү тайыз адамдар менен тополоңчуларды көчөгө алып чыгышты. Алар “өкмөт кетсин” деген ураан менен демонстрацияларды уюштурушту. Бирок бул адамдар мындан кийин эмне болорун түшүнүшкөн жок. Анткени бул иттей жулкунган топтордун ар бири чет элдик элчиликтер жана чек ара сыртындагы колдоочулар менен байланышта.

Бул мамлекеттеги таасирдүү күчтөр ушул топтор башында турган жана элдин байлыгын талап жаткан адамдар. Бул бири-бирин жеп жаткан жырткычтардын арасынан акыл-эстүү, элди ойлогон бирөөнү да таба албайсың. Азыр болсо Захрав жана Варшафананын милициялары өздөрүнүн бар болушун жана кызыкчылыктарын сактап калуу үчүн, “Раджа күчтөрүн” коргоо шылтоосу менен кыймылга келтирди. Бул күчтөр да өздөрүнө окшош милиция, болгону алардын жолун карманбайт.

Бул ишке айрым өлкөлөр, өзгөчө Америка аралашууда. АКШ кээ бир милиция топторун жок кылууну, анан батыш Ливияда бир же эки жетекчи гана калтырып, алар менен иш жүргүзүүнү жеңилдетүүнү каалап жатат. Бул аркылуу АКШ өзүнүн саясий процессти — бөлүнүү процессин — баштоого даярдык көрүүдө. Ал эми бул бөлүнүүнү Судандагы абалга байланыштырганы байкалууда. Бөлүү үчүн ылайыктуу шарттар ошол жакта бышып жетилишин күтүп жатат.

Кээ бир кишилер шайлоо өткөрүүнү талап кылып чыкканы менен, бул максат азыр ишке ашырыла турган нерсе эмес. АКШ өзү да шайлоону каалабайт, бирок бул маселе Табруктагы Өкүлдөр кеңеши, Мамлекеттик Жогорку кеңеш, Президенттик кеңеш жана Батыштагы өкмөт башчылык болгон бардык структуралар үчүн саясий соодалашуулар менен талаштардын булагы бойдон кала берет. Булардын баары азыркы саясий түзүлүштөн пайда көрүп жатышат. Бул кээде кандуу кагылышуулар менен коштолсо да.

Айрым ЖМКлар эл аралык деңгээлде таанылган өкмөттө отставкалар башталганы жөнүндө жазышты. Бул маалыматтар бир-бирине карама-каршы болгону менен, кандай болбосун, кырдаал мурдагы абалына кайтып барбай турганын, окуялар ар бир мүнөт сайын өнүгүп жатканын көрсөтөт. Ошондой эле, митинг жана иш таштоого чакырган баракчалардын көбү Ливиянын чыгышынан тараган жана алардын артында Хафтардын тарапкерлери турганы белгилүү болду. Ал эми демонстранттардын арасында куралчан адамдар болгон, кээ бирлери атайылап чыңалууну күчөтүү үчүн курал колдонгон. Натыйжада коопсуздук кызматкерлери өлтүрүлдү. Митингдердин биринде Саиф ал-Ислам Каддафинин ысымы ураан катары айтылып, бул демонстрацияларды мурдагы режимдин тарапкерлери уюштурганын айкын көрсөттү. Мындан тышкары, Каддафи доорунан бери министр болуп жүргөн “эски-жаңы-туруктуу” министр, экономика министри Мухаммад ал-Хуайдж кызматтан кеткен. Бул аракеттер алдын ала пландалган иштин жүзөгө ашуусуна түрткү берүүгө багытталган. Бирок өлкө ичинде болгон окуяларды кыскача баяндап чыккандан кийин, чек арадан тышкаркы жагдайларга да көңүл буруу абзел:

  1. БУУнун миссиясы “митинг жана тынч протест өткөрүү укугун коргоо” чакырыгын жасады. Бул кайрылуу эл аралык коомчулук бул маселеге көңүл бура баштаганын көрсөтөт.
  2. Эл аралык кылмыш соту активдеше баштады. Айрым адамдардын дайынсыз жоголушу тууралуу маселе көтөрүлүп жатат. Алардын арасында Табруктагы Өкүлдөр кеңешинин мүчөсү Ибрахим ад-Дурси бар. Ал 15 күндөн ашык убакыттан бери дайынсыз. Ошондой эле депутат Сихам Саркива ал эки жылдан бери дайынсыз болуп келет. Мындан тышкары, “Барка кемпири” деп таанылган аял ачык эле Хафтарга каршы сүйлөп жүргөн, ал күндүзү көчөдө атып өлтүрүлдү.
  3. Италияда кармалгандан кийин кайра бошотулган офицер Осама Нажимди өткөрүп берүү талабы коюлууда. Анын кармалышы боюнча Эл аралык кылмыш соту тарабынан киши өлтүрүү жана Митига түрмөсүндө кыйноо фактылары боюнча ордер чыгарылган. Бул түрмө “Раджа күчтөрүнө” таандык. Осама Нажим — Каддафи доорундагы ички коопсуздук кызматындагы офицер болгон, азыр болсо “Раджа” аттуу түзүмдүн катарында кызмат өтөп жүрөт.

Көп учурда окуялар аларды башкарып жаткандардын каалаган нугунда өнүкпөй калат. Көрүнүп тургандай, “Туруктуулукту колдоо полициясынын” жетекчиси Абдул Гани ал-Киклинин өлтүрүлүшү алдын ала пландалган эмес. Анын өлүмү Махмуд Хамза жана Имад ат-Тарабулси менен болгон кайым айтышуунун натыйжасында күтүүсүздөн болгон. Бул окуя Абу Салим Киклинин негизги таяныч аймагын бат эле басып алуусуна шарт түздү. Анын жардамчылары жана айрым жооптуу кызматкерлери “Раджа” күчтөрү көзөмөлдөгөн Сук Жума аймагына качып барышып, 444-бригадага ок чыгарышты, натыйжада чыңалуу күчөдү.

Муну менен катар, Зауия, Варшафана, Тажура жана башка аймактардагы милиция командирлери бул «тазалоо» иши аларга да жетишин түшүнүштү. Ошентип, алар “Раджа” күчтөрү жана “Туруктуулукту колдоо” милициясынын калдыктары менен союздаш болушту.

Учурдагы абалды эске алганда, окуялардын мындан аркы өнүгүшүн күтүп туруу эң туура жол болуп көрүнүүдө. Натыйжа тууралуу бир чечимге келүү оңой эмес. Себеби, Ливияда элдин саны 8 миллионго жетпесе да, элдин колунда 25 миллион даана жеңил курал бар. А булардан тышкары, миллициялардын карамагында он миңдеген оор куралдар бар. Менин баамымда, окуялар айрым ири мамлекеттер ойлогондон да ылдамыраак өнүгүп жатат. Алар бул өлкөнү “көз салып туруучу аймак” катары карап жаткан эле.

Бул жерде бир чындыкты белгилей кетүү керек. Ким Аллахтын Шариятынан баш тартса, Аллах аны муктаж абалга келтирет. Бул кишилердин арасында Аллахтын өкүмдөрүнө баш ийип, Анын мыйзамын жетекчиликке алып келе турган бирөө да болгон жок.

Роя гезити

Устаз Ахмад ал-Мухаззаб

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here