Бээжин шаарындагы Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу

117
0

Бээжин шаарындагы Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу

2025-жылдын 21-майында Бээжин шаарында Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван И, Пакистандын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар, ошондой эле Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки бейформалдуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери үч тараптуу механизмдин мүмкүнчүлүктөрүн андан ары пайдалануу жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин терең талкуулашты. Ван И жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, министрлер үч өлкө саясий ишенимди бекемдеп, коңшулук жана достук принциптерин кармануусу керек деген пикирге келишкенин билдирди. Анын айтымында, Кытай Ооганстан менен Пакистандын улуттук өзгөчөлүктөрүнө ылайык өнүгүү жолуна түшүүсүн жана эгемендүүлүгүн, коопсуздугун, улуттук ар-намысын коргоосун колдойт.

Ван И белгилегендей, жакын арада Кабул шаарында Кытай, Ооганстан жана Пакистандын тышкы иштер министрлеринин 6-жолугушуусу өтмөкчү. Кытай дипломаты, Ооганстан менен Пакистан өз ара дипломатиялык мамилелеринин деңгээлин жогорулатууга кызыкдар экенин билдирип, мүмкүн болушунча кыска убакыттын ичинде элчилерин дайындаарын кошумчалады.

Ван И Кытай бул ийгиликти кубаттай турганын жана Ооганстан менен Пакистандын мамилесин жакшыртууга кошумча салым кошууга даяр экенин билдирип: “Бир алкак, бир жол” долбоорун биргелешип өнүктүрүү тууралуу сөз кылдык. Министрлер Кытай-Пакистан экономикалык коридорун Ооганстанга чейин кеңейтүүгө жана регионалдык инфраструктуралык байланыштарды бекемдөөгө макул болушту”,- деди. Ал Кытай менен Пакистан Ооганстандын калыбына келүүсүн жана өнүгүүсүн колдоорун, Ооганстан менен сооданы кеңейтүү аркылуу анын өз алдынча өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө көмөктөшө турганын белгиледи.

Кытайдын тышкы иштер министринин айтымында, үч өлкө терроризмдин бардык түрүнө каршы биргелешип күрөшүүнү, коопсуздук жана укук коргоо жаатында кызматташууну, ар тарапты тынчсыздандырган террордук күчтөргө каршы күрөшүүнү, региондогу мамлекеттердин ички ишине тышкы кийлигишүүнү болтурбоону макулдашышты. Ошондой эле министрлер региондо тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, үч өлкөнүн өнүгүүсүнө ыңгайлуу сырткы чөйрөнү түзүүгө чакырышты.

Бээжиндеги жолугушуу Кытай үчүн Ооганстан менен Пакистан стратегиялык мааниге ээ экенин ачык көрсөттү. Пакистан – Кытайдын ар дайымкы стратегиялык өнөктөшү жана CPEC (Кытай-Пакистан экономикалык коридору) долбоорунун тиреги болуп саналат. Кытай үчүн Пакистан Индияга карата тең салмактуулукту сактоодо да маанилүү. Анткени Кытай менен Индиянын ортосундагы мамиле чыңалган бойдон калууда. Ал эми Ооганстан – бул Евразиянын кесилишинде жайгашкан, географиялык жактан Түштүк жана Борбор Азиянын ортосунда байланыш түзүүчү өлкө. Кытай Ооганстанда туруктуулук сакталышына кызыкдар, анткени бул соода жана энергетикалык агымдар үчүн ишенимдүү коридорду камсыз кылат, АКШнын жана Индиянын таасирин чектөөгө, ошондой эле күч алып бараткан исламий долбоорду көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Кытай регионалдык туруктуулуктун сакталышы өз долбоорлорунун коопсуздугу жана жашоого жөндөмдүүлүгү үчүн абдан маанилүү экенин жакшы түшүнөт. Белгилей кетчү жагдай, Кытай Синьцзян аймагы менен түз чектешет. Ал жакта өз алдынча мамлекет болууну самаган мусулман калкынын маселеси курч турат. Бул Бээжин үчүн өтө маанилүү маселе. Ооганстандагы туруктуулук жана аны менен Пакистандын жакшы мамилеси исламий долбоордун жайылышы коркунучун азайтат.

Экономикалык тараптан Кытай үчүн инфраструктуралык кызыкчылыктар да чоң мааниге ээ жана бул “Бир алкак, бир жол” долбоорунун кеңейишин камтыйт. О.э Кытай CPEC долбоорун Ооганстанга чейин кеңейтүүгө кызыкдар. Бул Борбор Азия аркылуу Европага кургактык аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бул деңиздеги туруксуз маршруттарды жана АКШнын таасир чөйрөсүн айланып өтүүгө жардам берет.

Кытайдын региондо жашыруун максаттары да бар жана алар геосаясий таасир маселесине байланыштуу. Учурда Кытай АКШ менен НАТО Ооганстандан чыгып кеткенден кийин түзүлгөн колониалдык боштукту толтурууга аракет кылууда. Үч тараптуу диалогго активдүү катышуу Пекиндин таасир жана регионалдык арбитр катары ролун бекемдейт.

Ресурстарга бай регионду эске алуу менен Кытайдын кен казуу тармагына болгон үлкөн инвестицияларын да унутпоо керек. Ооганстанда литий, жез жана сейрек кездешүүчү элементтер сыяктуу иштетилбеген минералдар көп. “Жашыл” технология жана электроника тармагында дүйнөлүк лидер катары таанылган Кытай бул ресурстарга дайымий ээ болууну каалайт.

Жолугушуу Пакистан менен Индиянын аскердик чыңалуусунан кийин өткөнүн да эске алуу зарыл. Кытай бул окуяга кайдыгер карабайт, анткени аскердик кагылышуулар региондогу Кытайдын пландарын бузушу мүмкүн. Ошондуктан, бул маселе боюнча тынчсыздануусун билдирди. Жогоруда айтылган министрлерди Бээжинде чогултуу аркылуу Кытай дүйнөгө үн катты десек болот: Пекин регионалдык туруктуулукту сактоого жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга кызыкдар.

Кытай ошондой эле Пакистандын эгемендүүлүгүн колдоорун билдирип, Индия менен Пакистан өз пикир келишпестиктерин диалог жана кеңешүү жолу менен чечүүгө чакырды. Жолугушуу учурунда региондогу мамлекеттердин коопсуздугу, эгемендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгү сыяктуу маселелер талкууланды.

Ошентип, Кытай Түштүк Азиядагы туруктуулукту камсыздоого салым кошууга, өз долбоорлорун коргоого, Индия менен Пакистанды сабырдуулук жана диалогго чакырууга аракет кылууда. Муну менен Пакистан жана Ооганстан арасындагы долбоорлорун ишке ашырууну максат кылат.

Худжат Джамиа

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here