Мигранттарга каршы күрөш Кыргызстанга көчүүдө
Россиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Петербург эл аралык юридикалык форумунун сессиясында мигранттар өз өлкөлөрүндө жашаганды жактырбай келишкенин, аларды көчөдөн кармап Украинадагы согушка жөнөтүүгө туура келип жатканын билдирген эле. Аны улай, дал ушундай эле билдирүүнү Кыргызстандын УКМК башчысы Ташиев да жасады. Анын айтымында, Кыргызстанда туристтер, студенттер жана эмгек мигранттарынын саны көбөйүшүнө байланыштуу, миграциялык мыйзамдарды бузгандар да көбөйүүдө. УКМКнын маалыматы боюнча, учурда өлкөдө болжол менен 5 миңдей мыйзамсыз мигрант бар.
“Көптөгөн чет өлкөлүктөр жана чакыруучу субъекттер өлкөгө кирүүнүн жагымдуу жана жөнөкөйлөтүлгөн тартибин кыянаттык менен колдонушат. Чет элдиктер өлкөгө потенциалдуу туристтердин жана студенттердин атын жамынып келип, иш жүзүндө мыйзамсыз иштешет. Айрым чет элдиктер документтери жана колдоосу жок калган соң, өздөрүн чакырылбагандай алып жүрүп, коомдук тартипти бузуп, жергиликтүү маданиятка сыйлабастык көрсөтүшүүдө…»,- деди Ташиев.
Тартип орнотуу максатында 10-июндан тарта республика боюнча «Мыйзамсыз мигрант» аттуу кеңири масштабдуу операция башталат. 20 күндүн ичинде, 10-июнга чейин, чет элдиктерге өлкөгө кирүү тартибин мыйзамдаштыруу же ыктыярдуу чыгып кетүү сунушталат. Андан кийин укук коргоо органдарынын катышуусунда массалык текшерүүлөр башталат.
Чет элдиктер коомдук тартипти бузуп, жергиликтүү маданиятка сыйлабастык кылууда деген билдирүүлөр популисттик мүнөздө болуп, негизсиз. Өкүнүчтүүсү, кыргыз жарандарына карата Россиянын бийлиги тарабынан колдонулган көрүнүштүн сөзмө-сөз кайталанышы. Россиянын бийлиги, айрыкча укук коргоо органдары мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөнүн ордуна, акыл-насаат үйрөтүп, бөтөн маданиятты “таңуулоого” өтүштү.
Кремлдин саясатынын негизинде уланмакчы болгон мигранттарга каршы уюштурулуп жаткан иш чара — туризм жана меймандостук өлкөсү катары эл аралык беделин көтөрүүгө аракет кылып жаткан шартта — өтө кооптуу көрүнүш.
Мейли, эл аралык бедел кыргыз бийлиги үчүн маанилүү болбосо да, мамлекет үчүн андан артык толгон токой башка көйгөйлөр бар. Мисалы, өлкөдө кадр маселеси кабыргасынан турат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Facebook баракчасында мындай деп жазганы бар: «Кадрлар жок. Кадр таңкыстыгы эң чоң көйгөй. Биз коюлган пландарды ишке ашыра албай жатабыз. Бул жашыруун эмес. Биз бүгүн учурдагы милдеттерди да аткара албай жатабыз, ал эми эртеңки максаттар андан да амбициялуу».
Кыргызстанда кадр тартыштыгы эң ачык байкалган тармак. Бул саламаттыкты сактоо системасы. Айрым аймактарда, айрыкча айыл жергесинде дарыгерлер менен медайымдардын жетишсиздиги байкалууда. Ошондой эле кадр жетишсиздиги жеңил өнөр жайда жана курулуш тармагында курч турат. Бул алардын өнүгүшүнө жана иштөөсүнө олуттуу таасир этет.
Жеңил өнөр жай Кыргызстан экономикасынын негизги секторлорунун бири болуп саналат. Экспорттун өсүшүнө жана жумуш орундарын көбөйтүүгө карабастан, бул тармак кадр тартыштыгына кабылып жатат. Байсаловдун маалыматына ылайык, өлкөдө тигүү өнөр жайында 50 000ге жакын бош жумушчу орун бар. Бул орундарды толуктоо үчүн ишканалар Непал, Бангладеш, Пакистан жана Вьетнам сыяктуу Түштүк Азия мамлекеттеринен жумушчу күчүн тартууга аргасыз болууда.
Курулуш тармагында да кадр жетишсиздиги курч. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, курулуш тармагында инженер, ширетүүчү, экскаватор айдоочусу, темир жана темир-бетон конструкцияларын монтаждоочулар, архитекторлор сыяктуу кесипкөй адистер жетишпейт.
Айрым аймактарда, мисалы, Ошто активдүү курулуш жүрүп жатат, бирок бул иштерди аткаруу үчүн жетиштүү квалификациялуу адистер жок. Бул кесиптик-техникалык билим берүү системасынын жетишсиздиги жана жумушчулардын чет өлкөгө миграциясына байланыштуу.
Кыргызстандагы тигүү жана курулуш тармагындагы кадр тартыштыгы — олуттуу көйгөй. Албетте, комплекстүү мамиле жана эмгек шарттарын жакшыртуу, айлык акыны жогорулатуу, кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү жана инфратүзүм түзүү чаралары талап кылынат. Ушул шартта аны менен бирге чет элдик адистерди тартуу да маанилүү. Демек, суроо туулат, экономикасы төмөндөөгө карай кеткен Россиянын жолун кайталап, мигранттарга каршы күрөшүү өзүнүн бутуна өзү ок аткандай болуп калбайбы?
Худжад Жамиа