Басма сөз баянаты
Бийлик Рами Захранды өлтүрүп, андан соң карыяны да атып, Палестина элине каршы кылмыштарын улантууда
2025-жылдын 13-майы, шейшемби күнү, Палестина бийлигине таандык коопсуздук түзүмдөрү Тубас аймагындагы ал-Фариа качкындар лагеринен болгон жаш жигит Рами Захранды атып өлтүрдү. Бул кылмыштын артынан алар Женин шаарынан болгон карыя Абу Халил Сабаъананы да өлтүрүп, Палестина элине каршы адам өлтүрүү, өрттөө, камоо, мечиттерге кол салуу, элдин мүлкүн басып алуу жана адилетсиз жол менен алардын байлыктарын жеп келаткан кылмыштарын улантышты.
Бул бийлик яхудий түзүмү менен болгон мамилесинде көп баскычтарды артта калтырды. Алардын жалганын кабыл алып, Газадагы элге каршы жүргүзүлгөн өлтүрүүлөрдү жана курчоону актап жатышат. Аны менен эле чектелбестен, Палестина элине каршы кылмыштарда алардын шериктеши болуп, бизге каршы кастыгында алар менен жарышып жатышат. Ошондуктан, кийинчерээк жалганчы Анвар Ражаб чыгып, “алар Рами Захранды өзүн коргоо үчүн өлтүрүштү, ал коопсуздук башаламандыкты уюштурган адам болчу” деп айтканына эч ким таң калбаса керек!
Мунун баары болуп жаткан учурда яхудий түзүмү буларды тебелеп-тепсеп, кеңселерине чейин кирип жатат. Алар болсо бул кордукту көнүмүш кабыл алып, кулчулукту адатка айлантышкан. Элди яхудийлердин курмандык тактасына чалышып, Палестина элине саткынчылык менен кыянат кылууда.
Бүгүн Палестина бийлиги яхудийлер менен бир болуп, өз элине болгон кастыгында алардан эч айырмасы калбады. Ал эми бийликтин үмүтү болсо, бул кордукту көтөрүп жүрүп, яхудийлер Батыш Жээктен ага бир нерсе калтырат деп ойлошот. Ошол аркылуу элдин мүлкүн талап-тоноп, Газада да бир аз бийлик берсе, ал жактагы элди да Батыш Жээктегидей эзип-жазалап баштоону каалайт.
Бул бийлик Палестина элинин душманына айланып, кыянаттыктын чегинен өтүп кетти. Анын кылмыштарын актагандар, жүрөгүнө Аллах мөөр баскан адамдар. Эгер коопсуздук түзүмдөрүндө кимдир бирөөнүн жүрөгүндө ыйман же жакшылыктын чаңындай гана нерсе калса, Аллахка тезинен тообо кылсын. Антпесе, Аллахтын азабы келип, аны толугу менен жок кылат.
Биз дагы бир жолу үммөткө кайрылабыз: Палестиналык мусулмандардын жүгү эки миллиарддык үммөттүн мойнунда. Бул үммөт Палестина элин яхудийлердин, андан кийин болсо яхудийлерден да өткөн кастык кылган Палестина бийлигинин олжосуна калтырды. Үммөт Палестинаны курмандыкка таштады — ал кезде Исра жана Мираж жери бошотулбай калып, пас болгон өкүмдарлардын буйругуна баш ийилди. Алардын ыпластыгы Палестина бийлигинен кем эмес!
Үммөт Палестина элин курмандыкка таштады, бул өкүмдарлар моюнунда отуруп, армиялардын Палестинага карай жылышына тыюу салышканын кабыл алды. Үммөт Палестинаны таштап койду. Трамп Харамайн (эки ыйык мечит) жеринде «жеңүүчү» катары тосуп алынып, ал болсо өз сөзү жана куралы менен биздин канды яхудийлерге адал кылган.
Үммөт Палестина элин курмандыкка таштады, армиялар казармаларынан чыгып, Алланын бул чакыруусуна жооп беришкен жок:
﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ﴾
«Эмнеге силер Аллах жолунда жана алсыз эркектер, аялдар жана балдар үчүн согушпайсыңар?!»
﴿الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ وَلِيّاً وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ نَصِيراً﴾
«(Эй момундар), силерге эмне болду, Алла жолунда жана: «Раббибиз, бизди тургундары заалим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жибергин»,- деп жаткан эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечаралар (ды азат кылуу) жолунда согуш кылбай жатасыңар?!» (Ниса сүрөсү, 75-аят)
Ал эми Палестина бийлиги болсо укпайт, көрбөйт, түшүнбөйт. Ал Аллах Таала айткандай:
﴿صُمٌّ بُكْمٌ عُمْيٌ فَهُمْ لَا يَرْجِعُونَ﴾
«Алар дүлөй, дудук жана сокур – кайтып да келбейт!» (Бакара сүрөсү, 18-аят)
Кожоюндары болгон яхудий түзүмүнүн акыркы күнү сөзсүз келет экенин булар билишпейт. Ошондо үммөт бул түзүмдү түп орду менен жок кылат жана ага кызмат кылган ар бир колду, бутту жана бут кийимди да аябайт!
﴿فَتَوَلَّ عَنْهُمْ حَتَّى حِينٍ • وَأَبْصِرْهُمْ فَسَوْفَ يُبْصِرُونَ • أَفَبِعَذَابِنَا يَسْتَعْجِلُونَ • فَإِذَا نَزَلَ بِسَاحَتِهِمْ فَسَاءَ صَبَاحُ الْمُنْذَرِينَ﴾
«(Эй, Мухаммед!) Ошондо алардан (белгилүү) бир мөөнөткө чейин жүз буруп тур. Аларды карап тур. Алар да жакында көрүшөт! Алар эмне азабыбыздын тез келишин каалашабы? Аларга азап келгенде эскертүү берилгендердин таңы кандай жаман!» (Саффат сүрөсү, 174–177-аяттар).
Хизб ут-Тахрирдин Берекелүү Палестина жериндеги Маалымат бөлүмү
13.05.2025