АКШ менен Хуситтердин келишимине түшүндүрмө

56
0

АКШ менен Хуситтердин келишимине түшүндүрмө

2025-жылдын 6-майында, шейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Американын Хуситтерге каршы аба соккулары токтотуларын жарыялады. Бул чечим Оман султандыгынын ортомчулугу менен жетишилген келишимден кийин кабыл алынды. Келишимге ылайык, Хуситтер Кызыл деңизде жана Баб ал-Мандеб кысыгында америкалык кемелерди бутага алууну токтотууга макул болушкан. Трамп Ак үйдөгү кабинетинен сүйлөп жатып: “Биз бул чечимди урматтайбыз жана аба соккуларын токтотобуз. Алар багынышты, эң маанилүүсү биз алардын сөзүнө ишенебиз… Алар эми кемелерди жардырбайбыз дешти”. (CNN Arabic, 06.05.2025).

Белгилей кетсек, АКШ Хуситтерге каршы абадан чабуул жасоо кампаниясын 2025-жылдын март айынын ортосунда баштаган. Бул операция “Катуу жүргүнчү” деген ат менен белгилүү болгон жана Хуситтердин Кызыл деңиздеги кемелерге болгон чабуулдарына жооп иретинде башталган. АКШнын Борбордук командачылыгы бул чабуулдар миңден ашуун Хуситтердин объектилерин бутага алганын билдирген. Бирок бул кампания эки айга жетпеген убакытка созулганына карабастан, Америка үчүн олуттуу материалдык чыгымдарга алып келген. NBC телеканалы америкалык аткаминерлерге шилтеме берүү менен билдиргендей, 2025-жылдын март айынан бери бул согуш АКШга 1 миллиард доллардан ашык чыгым алып келген.

“Анадолу” агенттиги 2025-жылдын 10-майында кабарлагандай, Хуситтер менен болгон согуш америкалык армияга миңдеген бомбалар менен ракеталарды, 7 учкучсуз учакты жоготууга жана 2 аскердик учактын чөгүшүнө алып келгени маалымдалган. Бул билдирүүлөр Хуситтерди коркунучтуу күч катары көрсөтүү максатында атайылап ашырылып айтылгандай сезилет. Трамп өзү да: “Алар катуу соккуларды алышты, бирок абдан чоң чыдамкайлык көрсөтүштү, алар бул соккуларга туруштук берип, зор кайраттуулук көрсөтүштү”, – деп билдирген.

Ал эми Хуситтер өз тарабына америкалык чабуулдар олуттуу аскердик зыян алып келбегенин бир нече ирет кайталап келишет. Жогорку саясий кеңештин төрагасы: “Америкалык соккулар биздин аскердик кубатка болгону 1% таасир тийгизди”, – деп билдирип, АКШ мунай жана курал компанияларын бутага аларын эскерткен. (“Аль-Араб” гезити, 03.05.2025).

АКШнын бул билдирүүсүнүн алдында бир нече саат мурун баскынчы яхудий аскер-аба күчтөрүнө таандык болжол менен 20 согуштук учактан турган топ Санаа шаарына жана анын айланасындагы объектилерге массалык аба чабуулдарын жасаган. Алар Санаа эл аралык аэропортун, Хизиз жана Захбан электр станцияларын, Аср электр бөлүштүрүү борборун жана Амран цемент заводун бутага алышкан. Буга чейин, 5-май, дүйшөмбү күнү кечинде, Ходейда аймагындагы Рас Иса мунай порту жана Баджал цемент заводу да чабуулга алынган. Жергиликтүү экономикалык баалоолор боюнча, келтирилген материалдык чыгымдар 3 миллиард доллардан ашык.

Хуситтер Трамптын билдирүүсүн так эмес деп эсептешет жана өздөрүнүн согуштук позицияларын өзгөртпөгөнүн баса белгилешүүдө. Эгер керек болсо, кайрадан эскалацияга барышарын билдиришти. Reuters агенттиги Хуситтердин башкы сүйлөшүүчүсү Мухаммад Абдусаламга шилтеме берип, анын мындай дегенин кабарлаган: “Бул келишим яхудий түзүмүнө эч кандай тиешеси жок. Бул америкалыктар менен Омандын ортомчулугу аркылуу жетишилген келишим. Макулдашууга ылайык, америкалык кемелерди бутага алуу токтотулат… Эгер алар (АКШ) токтотобуз деп жарыялап, чын эле токтотушса, анда биздин аракеттер коргонуу мүнөзүндө болуп, жооп кайтаруу да токтотулат”.

2025-жылдын 8-майында, бейшемби күнү, “Ансарулла” кыймылынын лидери Абдульмалик аль-Хуси телекөрсөтүүдөгү кайрылуусунда Трамптын “багынды” же “жалбарды” деген сөздөрүн четке кагып, бул ойлорду жокко чыгарды. Ал АКШнын жарыясын “Трампка мүнөздүү маскаралык” деп атады.

Ал эми, яхудийлер тарабынан болгон реакциялар күтүүсүз болду. Анын тышкы иштер министри: “Тел-Авив Вашингтондун Йемендеги Хуситтерге каршы аба соккуларын токтотуу чечими боюнча алдын ала эч кандай кабар алган жок”, – деп билдирген. Ал АКШ яхудий түзүмү үчүн өтө күчтүү өнөктөш экенин жана ага толук дипломатиялык колдоо көрсөтөрүн баса белгилеген, бирок бул чечим тууралуу маалымат берилбегенин ачык айткан. Биньямин Нетаньяху кыскача видеокайрылуусунда: “Биз өзүбүздү өзүбүз коргойбуз”,- деп белгилеп, өздөрүнүн “узун колу” Хуситтердин объектилерин бутага алуу жөндөмүнө ээ экенин, муну Америка колдоосу менен же өздөрү ишке ашыра алышарын айткан.

Муну менен катар, Йемендеги мурдагы колониялык таасири бар Британия да АКШ менен атаандашып, ошол эле учурда өнөктөш катары биргелешкен аскердик аракеттерди жүргүзүп келет. 2025-жылдын 30-апрелинде Улуу Британиянын Коргоо министрлиги расмий билдирүү таратып, анда падышалык аскер-аба күчтөрү АКШ менен биргелешкен аба соккусуна катышканын жарыялаган. Бул сокку Санаа шаарынан 15 мил түштүктө жайгашкан, Хуситтердин учкучсуз учактарды чыгарган жана даярдаган объектилерине жасалган. Чалгын маалыматына таянып аткарылган бул операцияда Хуситтер пайдаланган “топ имараттар” бутага алынган. Вашингтондогу Улуу Британия элчилигинин өкүлү: “Бул сокку жаңыдан түзүлгөн Эмгек партиясынын өкмөтү тушунда жасалган Британиянын биринчи түз чабуулу болду”, – деп билдирген. (“Defense Scoop”, 30.4.2025)

Белгилеп кетүү керек, ок атышууну токтотуу тууралуу жарыя, расмий өкмөткө жакын күчтөрдүн Ходейда менен Маариф аймактарында топтолушуна байланыштуу болушу мүмкүн. “Жакынкы убактарда болжол менен 80 миң аскер топтолууда”, — деп билдирди “Кургак деңиз изилдөө борборунун” негиздөөчүсү Абдул Азиз ас-Сакр. Ал эми “Чатам Хаус” борборунун талдоочусу Фария аль-Муслиминин айтымында, бул даярдыктар Ходейда портунда гана эмес, анын айланасында жана түштүктөгү Таиз губерниясында да жүргүзүлүүдө. (“Yemen Monitor”, 11.4.2025).

Бул келишим Хуситтер үчүн дем алып, күч топтоп алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берди. Муну менен катар, ал Британиянын бул жаңжалга АКШ менен кошо терең аралашуусуна бөгөт коюу максатын көздөшү мүмкүн, себеби Британия Хуситтерге каршы аба соккуларына кеңири катышуусун АКШнын катышуусу менен актап келүүдө.

АКШ бул аймактагы максаттарын жашырбайт. Ал Хуситтерге жашоо үчүн зарыл болгон бардык каражаттарды камсыздап келет. Бул кыймыл АКШсыз жашай албайт десек аша чапкандык болбойт. Ошондуктан, Вашингтон азыр Хуситтерди туруктуу бийликке айлантуу жана Саудиянын ортомчулугу аркылуу расмий өкмөткө каршы сүйлөшүүлөрдү баштоо ниетинде. Бул процесстер Газа согушу аяктап, Сауд Арабия менен яхудий түзүмү ортосунда тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин башталары күтүлүүдө.

АКШнын Йеменде жана жалпы мусулмандардын жерлеринде жүргүзүп жаткан иштери — Ислам динине жана үммөткө каршы багытталган душмандык аракеттер. Ошондуктан, мусулмандар мындай аракеттерге чечкиндүү жана мабдаий каршы күрөш жүргүзүүсү керек. АКШ менен биригүү эмес, анын дүйнөгө таңуулаган түзүмдөрүн четке кагуу, бизге таңууланган системаларды жокко чыгаруу жана анын аскердик базаларын, деңиздеги флотторун талкалап, аны жеңилүүнүн уяттуу изи менен мекенине кайтаруу — үммөттүн милдети.

Бүгүнкү күндө Йеменде жана башка мусулмандар жашаган аймактарда абал аянычтуу. Бул аймактар майдаланган, алсыз мамлекетчелерге айланып, капиталисттик дүйнөлүк түзүмгө бекем байланган. Биз алардын саясатына толук көз каранды болуп калдык. Бул мамлекеттердеги башкаруу формасы — республикалык секуляристтик түзүм, экономикалык системасы да, тышкы саясаттагы багыты да, мамлекеттик желеги да, ал тургай элди бириктирип турган идеясы да толугу менен Исламга каршы келет.

Йемендеги азыркы абалды карасак, аны Ирандын куралы болгон Хуситтер башкарууда. Иран аларды өзүнүн кызыкчылыктары үчүн колдонууда. Хуситтер муну түшүнүшөбү же жокпу, маанилүү эмес — Иран аларды каалагандай башкарып жатат. Бирок Хуситтер Йемендеги башка режимдерден эч айырмаланбайт. Алар да секулярдык түзүмдү колдонушат. Бул абал Саудия, Египет же Түркияда кандай болсо, Йеменде да ошондой. Ал эми Йемендин түштүгүндө жана чыгышындагы аймактарда болсо, башкаруучулар коррупциянын, саткындык менен колонизаторлорго кызмат кылуунун сазына баткан. Алар Бириккен Араб Эмираттарына жана анын кожоюну Британияга кулча баш ийишет, күнү-түнү аларды даңазалап турушат.

Йемен да, мусулман өлкөлөрүнүн башка аймактары да бул караңгылыктан, бул кулчулуктан Ислам мамлекети — Пайгамбарлык жолундагы халифалык түзүлмөйүн чыга албайт. Бул үммөттүн мойнундагы милдет. Халифалыкты тикелөөгө багытталган иш-аракетти мусулмандар милдеттүү түрдө жүргүзүшү керек. Бул багытта Ислам үммөтүндө аракет кылып жаткан партия — Хизб ут-Тахрир. Бул партия үммөттү өзү менен бирге халифалыкты куруу ишине чакырат. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَذِكْرَىٰ لِمَن كَانَ لَهُ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى السَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ﴾

« Албетте мында (билгич) жүрөк ээси болгон же өзү күбө болуп жаткан абалда (тактап айтканда, чын жүрөктөн) кулак туткан киши үчүн эскертме-үлгүлөр бар». (Каф сүрөсү, 37-аят).

Устаз Садык ас-Сурари – Йемен вилаяты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here