Басма сөз баянаты
Америка санкцияларынын алынуусу эгемендикти жоготуу жана яхудийлер менен нормалдашууга жол ачып бериши мүмкүн
Сирия президенти Ахмад аш-Шара шаршемби күнү Сауд Арабия борбору Эр-Рияд шаарында өткөн Перс булуңу өлкөлөрү менен АКШ саммитинин алкагында Америка президенти Дональд Трамп менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммад бин Салман да катышты. Ал эми Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган видеобайланыш аркылуу кошулду. Бул тууралуу саудиялык маалымат каражаттары кабарлады.
Ак үй шаршемби күнү Дональд Трамп менен Сирия президенти Ахмад аш-Шаранын Эр-Рияддагы жолугушуусунда сүйлөшүлгөн кээ бир маселелерди жарыя кылды. Ак үйдүн өкүлүнүн айтымында, Трамп аш-Шараны яхудий мамлекети менен түзүлгөн “Ибрахим келишимдерине” кошулууга чакырган. Ошондой эле Трамп Сириядагы Вашингтон тарабынан “террористтик” деп табылган палестиналык топторду өлкөдөн чыгарып жиберүүгө жана Америкага ДАИШ тобунун кайра кайтып келишин алдын алууга жардам берүүгө үндөгөн.
Буга жооп катары аш-Шара Трампка Сириядагы мунай жана газ секторуна америкалык компанияларды инвестиция салууга чакырып жатканын билдирген. Кечээ, шейшемби күнү Трамп өз өлкөсүнүн Сирияга салган санкцияларын алып салууну көздөп жатканын жарыялады.
Санкциялар темасына кайрылсак, эгерде чындап эле чектөөлөр жеңилдесе, Шам элинин жүгүн азайтуу ар бир чынчыл адамды кубандырары шексиз. Бирок Аллах Таала мындай деген:
﴿مَّا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُواْ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَلاَ الْمُشْرِكِينَ أَن يُنَزَّلَ عَلَيْكُم مِّنْ خَيْرٍ مِّن رَّبِّكُمْ﴾
«Китеп ээлеринен (жөөт жана христиандар) болгон каапырлар да, мушриктер да силерге Раббиңер тарабынан бир жакшылык түшүүсүн жактырышпайт. Алла Өз Жакшылыгын каалаган кишисине берет. Алла улуу ырайымдуулуктун Ээси». (Бакара сүрөсү, 105-аят).
Бул аятты эстеп жүрөлү!
Санкциялардын улануусу мурдагы режимдин айынан болсо да Шам элине карата чоң зулум болгон. Эми ал режим жоголгонуна байланыштуу себеп жоюлду. Ошондуктан санкциялардын алынуусу Ислам душмандарынын Шам элине болгон ырайымы эмес. Тескерисинче, Трамп жана бүтүндөй Батыш эч нерсени бекер бербегендиги. Алар Сириядан талап кылган нерселер өлкөнүн эгемендигине түздөн-түз доо кетирет. Алар коопсуздук, саясий жана экономикалык чегинүүлөрдү талап кылышат Башкача айтканда, көз карандылык маселелери, «Ибрахим келишимдери» жана яхудий мамлекети менен мамилени нормалдаштыруу, «экстремизм жана терроризмге каршы күрөш», үммөттүн акыйдасына таптакыр жат болгон секулярдык түзүм жана конституцияны таңуулоо, өлкөнүн байлыктарын өз кызыкчылыктарына пайдалануу.
Белгилей кетүүчү нерсе, Ислам өлкөлөрүндөгү секулярдык түзүмдөгү башкаруучулар үммөттүн жүздөгөн миллиарддык байлыктарын «инвестиция» деген шылтоо менен Америкага кызмат кылып, өз кызыкчылыктары жана бийлигин сактап калуу үчүн берип келишет. Бул башкаруучулар эч качан үммөттүн пайдасы үчүн иш жүргүзүшкөн эмес жана жүргүзбөйт дагы.
Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы ибн Салман Саудиянын байлыктарын жана жакшылыктарын кантип сатып жиберсе, азыр ошол эле ыкма менен Сириянын байлыктарын да сатып жатат, өзүнө таандык эмес нерсени, аны алууга татыксыздарга сатып берүүдө. Бирок бул байлыктар, анын ичинде мунай, газ, кен байлыктары жана башка умумий мүлктөр мусулмандардын менчиги болуп саналат. Бул мүлктөрдү Ислам Халифалыгы гана казып алып, мамлекеттин жарандарына адилеттүү түрдө бөлүштүрүүгө укуктуу. Коомдук мүлккө тиешелүү нерселер боюнча эч кандай артыкчылык берүүгө да, келишим түзүүгө да болбойт.
Ибн Салмандын Трампка бир көзүн ирмебей берип жиберген жүздөгөн миллиард долларлары, эгерде мусулмандар үчүн жана алардын кызыкчылыгы үчүн жумшалганда, аларга бакубатчылык жана өнүгүү алып келмек.
Бүгүн Саудияда болгон окуя өтө кооптуу жана унчукпай калууга болбой турган маселе. Америка ким экенин, анын акыл-оюн жана логикасын түшүнгөн ар бир адам, айрыкча Трамптын мүнөзүн жана мамиле кылуу стилин билген адам, бул окуянын канчалык коркунучтуу экенин түшүнөт. Трамп – капиталист, ал элдердин байлыгын тоноп, аларды америка үстөмдүгүнө баш ийдирүүдөн башка эч нерсе билбейт.
Америка тарабынан яхудий мамлекети менен мамилени нормалдаштыруу максатындагы “Ибрахим келишимдерин” таңуулоого баш ийүү болсо мындан да кооптуу жана опурталдуу кадам. Бул нерседен алыс болуу зарыл жана ага каршы катуу туруштук берүү керек. Анткени Палестина маселеси – акыйда жана дин маселеси. Ал бардык мусулмандардын иши. Аны кандай гана шарт болбосун, бийлик креслосу үчүн соодалашууга болбойт. Анткени ал кресло да түбөлүк эмес, анын ээси анда түбөлүккө калбайт.
АКШ президенти Трамптын текебер жана өзүм билем саясатына бүгүнкү мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучулардай болуп, баш ийүү жана үммөттүн байлыктарын, акчасын жана эгемендигин кор кылуу менен жооп кайтарылбашы керек. Алар эмне айтылса, ошону жасашат. Биз болсо, Ислам акыйдасы жана андан алынган шариат өкүмдөрү бизге жүктөгөн мабдаий позицияны эч кимдин сындашынан же жемесинен коркпой, Аллах үчүн кармашыбыз керек.
Саудияда ибн Салмандын катышуусунда болуп өткөн окуяны ал жерде жаңы Сирия өкмөтүнө үстөмдүк кылган Эрдогандын колдоосу менен кылдат караган адам, бизди кандай чоң жана коркунучтуу капканга түшүргөнүн түшүнөт. Биз Эрдогандын саясатынан 12 жылдан ашуун уланган оор кандуу революция учурунда жакшы кабардар болдук. Алар биздин жерибизди сатып, мунай, газ жана башка байлыктарыбызды талап кетүүнү көздөп жатышат. Бирок бул байлыктар — элдики, аны эч ким өз каалоосу менен колдонууга акысы жок.
“Ибрахим келишимдерине” кошулуу жана яхудий мамлекети менен нормалдашууну кабыл алуу — бул Газада жана башка жерлерде биздин элди кырып жаткан, ыйык жерлерибизди басып алып, Акса мечитибизди тебелеп жаткан душмандар менен тил табышуу. Бул чоң кырсык жана Аллах алдында, ошондой эле чынчыл мусулмандардын алдында улуу кылмыш.
Бул болгон окуя бардык жагынан жана бардык көз караштардан өтө кооптуу. Биз мындай нерсеге жол бербешибиз керек. Аны ачык айыптап, ага каршы туруу милдет. Айрыкча анын катышуучуларын жана алардын Шамдагы революцияга жана үммөттүн ишине тийгизген коркунучтуу ролун билип турган соң унчукпай туруу мүмкүн эмес.
Эй, Шам жериндеги чынчылдар! Бул абдан кооптуу маселе. Биз сергек болуп, сак бололу. Шахиддердин төгүлгөн канына жана элдин курмандыктарына кыянат кылбашыбыз керек. Алар бул кандарды жана курмандыктарды эски режимдин ордуна Ислам бийлигин орнотуу үчүн беришкен. Ошондуктан, төгүлгөн канга жана тартылган азаптарга өкүнүү пайда бербеген күн келгенге чейин татыктуу бололу,!
Аллах Таала мындай деген:
﴿وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ﴾
«Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Алладан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт.» (Худ сүрөсү, 113-аят)
Хизб-ут-Тахрирдин Сирия вилаятындагы Маалымат бөлүмү
14.05.2025