Дрондор жана Судандагы согуш

44
0

Дрондор жана Судандагы согуш

Судан согушу экинчи жылына кадам ташташы менен Судан армиясы менен көтөрүлүш чыгарган «Ыкчам жардам» күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуу кескин өзгөрүүгө дуушар болду. Согуш салттуу күрөш мүнөзүнөн чыгып, “көлөкөлөр согушу” деген этапка өттү. Азыркы учурда согуш талаасында дрондор негизги курал болуп калды.

Башында көтөрүлүшчү тарап сан жагынан чоң үстөмдүккө ээ болгон. Алар Хартум шаарында кеңири жайгашып, болжол менен 100 миң жоокерге ээ болушса, армиянын курамы 40 миңдей гана болгон. Ошол учурда армия структуралык теңсиздикке дуушар болуп, офицерлердин саны катардагы жоокерлерге караганда өтө жогору болгон. Бирок армия бул күтүлбөгөн көтөрүлүштүн таасиринен бат эле чыгып, катарларын тез арада тартипке келтирип, демилгени өз колуна ала баштады.

Бул өзгөрүүлөрдүн негизги булагы аба күчтөрүнүн жана учкучсуз учуучу аппараттардын согушка кошулушу болду. Алар армияга камсыздоо линияларын, команда борборлорун, курал-жарак кампаларын жана шаар ичиндеги бекемделген топторду тактык менен соккуга алууга мүмкүнчүлүк берди. Бул технологиянын акылдуу колдонулушу көтөрүлүшчүлөрдүн кыймыл-аракетин, жөндөмүн алсыратып, алардын сан жагынан үстөмдүгүн жокко чыгарды.

Убакыттын өтүшү менен армия коргонуу абалынан чабуулга өтүп, көтөрүлүшчүлөрдүн таасирин азайтып, алардын түзүмүн ыдыратууга киришти. Бул аларды чет жактарда талап-тоноо жана элди коркутуу менен алектенген чакан бандаларга айлантты. Бирок коркунуч кайрадан күчөй баштады, анткени жакында көтөрүлүшчүлөр да дрондорду колго түшүрүп, аларды аскердик жана жарандык объектилерге кол салуу үчүн колдонуп жатышат. Алар “күйгөн жер” тактикасын колдонуп, жашоо шартын кыйратып, качкындардын үйлөрүнө кайтуусуна тоскоол болуп жатышат.

2025-жылдын 5-майында Трамптын өкүлү Масъад Булус “Аль-Жазира” телеканалына берген маегинде АКШ администрациясы Судандагы кризисти тынчтык жолу менен чечүүгө умтулуп жатканын, бул маселе Вашингтондун артыкчылыктуу күн тартибинде экенин билдирди. Ал эми 2025-жылдын 28-мартында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Абу-Дабиден билдирүү жасап, өлкөсү Судан кризисин чечүү үчүн Эфиопия жана Кения сыяктуу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана жарандык башкаруу жолун колдой турганын айтты.

Бул эл аралык билдирүүлөр аймактагы айрым өзгөрүүлөр менен коштолду. Өзгөчө көңүл бура турган жагдай, “Ыкчам жардам” күчтөрүнүн  борбор шаардан кармашсыз эле ирээттүү түрдө чыгып, Хартумдун түштүк-батышына жайгашуусу. Бул кадам сүйлөшүүлөр үчүн жагымдуу шарт түзүүгө багытталган көмүскө келишим катары бааланды.

2025-жылдын 6-майында “Russia Today” сайты Сауд Арабиясы Мухаммад бин Салмандын жетекчилиги алдында, согушту дароо токтотууга чакырганын жана Судандын эгемендүүлүгүн урматтаган саясий чечим табылышын талап кылганын кабарлады. Ал эми Судандын ичинде болсо, узак убакыт бою сүйлөшүүлөрдү четке кагып келген аскерий жетекчилердин позициясы акырындап өзгөрүп, сүйлөшүүгө ачыктык пайда боло баштады.

2025-жылдын 12-апрелинде генерал Ясир Аль-Атта “согуш же сүйлөшүү” чечими элге тиешелүү экенин билдирип, маалымат каражаттарын “Ыкчам жардам” күчтөрүнүн кылмыштарын документтештирүүгө чакырды. Ошол эле учурда Аль-Жазира Шамсуддин Кабашинин мындай сөзүн жарыялады: “Бул согушту эл өзү жетектеп жатат жана кандай гана тынчтык болбосун элдин чечими менен болот”.

Бул билдирүүлөр мурдагы катуу позициялардан кыйла айырмаланып турат. Себеби 2024-жылдын 3-декабрында Кабаши сүйлөшүүлөргө так кесе каршы экенин билдирип, көтөрүлүшчүлөр толук жок кылынмайынча согуш уланарын айткан болчу.

2024-жылдын 15-июлунда генерал Аль‘Атта армия согуш 100 жылга созулса да эч качан сүйлөшпөй турганын баса белгилеген. Бирок бул позиция кийин кескин өзгөрдү. Бул риторикадагы өзгөрүү АКШнын багытында болгон олуттуу бурулушту чагылдырат.

2025-жылдын 8-майында Sudan Tribune басылмасы армия куралданган союздаш топторго курал берүү токтотулганын жана аскерге чакыруу тартиби кайра каралып чыкканын жазды. Бул аракеттер тынчтыкка жетүүгө болгон чыныгы каалоону көрсөтүп турат. Бирок Судандагы коомдук пикир сүйлөшүүлөргө каршы кала берүүдө. Мунун себептери катары армиянын акыркы жеңиштери, бир катар шаарларды кайрадан өз көзөмөлүнө алышы жана “Ыкчам жардам” күчтөрү жарандарга каршы жасаган кылмыштарга карата элдеги чоң нааразылык көрсөтүлөт.

Көпчүлүк талдоочулардын баамында, инфратүзүмдөрдү соккуга алган жардыруулар сүйлөшүүгө макул болбогон элди мажбурлоонун бир куралы. Бул сүйлөшүүлөр үчүн Америка тарабынан даярдалган Жидда платформасына жол ачуу макса кылынууда.

Тилекке каршы, зулумдук очогу болгон Америка согушту каалаган убакта тутандырып, каалагандай алып барып, каалаган убакта токтото алат. Мунун баары өз кызыкчылыгына жараша. Бул өлкөлөрдү кыйратып жаткан негизги күч — элдин мойнуна отургузулган саткын башчылар. Натыйжада, биздин башкаруучулар Америка каалаган тарапка учура турган пыр сыяктуу болуп калышты.

Эгерде мусулмандарда чыныгы мамлекет болгондо, ал бардык иш-аракетин жалгыз Аллага таянып жүргүзгөндө, мындай акыбал болбойт эле. Андай мамлекет элди жана жерди чыккынчылардын жана душмандардын кутумунан коргомок.

Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

“Имам – бул калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат”. (Бухарий жана Муслим риваяты).

Устаз Абдул Халик Абдун Али

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here