Акимдерди мухасаба кылуу жана аларга моюн сунуунун важибдиги

21
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Акимдерди мухасаба кылуу жана аларга моюн сунуунун важибдиги

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

“Сахих аль-Имам Муслимдин” шархы ан-Нававинин түшүндүрмөсүндө, акимдерди шариятка карама-каршы келген нерселери үчүн айыптоо жана алар намаз окуп турганда алар менен согушуудан сактануу важибдиги жөнүндө бөлүмдө айтылат:

حَدَّثَنَا هَدَّابُ بْنُ خَالِدٍ الْأَزْدِيُّ حَدَّثَنَا هَمَّامُ بْنُ يَحْيَى حَدَّثَنَا قَتَادَةُ عَنْ الْحَسَنِ عَنْ ضَبَّةَ بْنِ مِحْصَنٍ عَنْ أُمِّ سَلَمَةَ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: ” سَتَكُونُ أُمَرَاءُ فَتَعْرِفُونَ وَتُنْكِرُونَ، فَمَنْ عَرَفَ بَرِئَ، وَمَنْ أَنْكَرَ سَلِمَ، وَلَكِنْ مَنْ رَضِيَ وَتَابَعَ قَالُوا أَفَلَا نُقَاتِلُهُمْ قَالَ لَا مَا صَلَّوْا

Бизге Хаддаб ибн Халид аль-Аздий, Умму Саламадан риваят кылды, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салла) айтты: “Кийин Акимдер болот, силер (алардын кээ бир жаман  иштеринен) тааныйсыңар жана (кээ бир иштерин) жактырбайсыңар. Ким тааныса күнөөсүз болот, ким жактырбаса – аман болот. Ал эми ким ыраазы болуп, аларга ээрчисе, (күнөөкөр болушат) алар: “Алар менен согушпайбызбы?” – дешти,  жок, алар намаз окушса  деди”.

Бул хадис келечектен кабар берүү менен бирге ачык бир кереметти камтыйт. Бул окуя Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)  айткандай болду.

Ал эми анын: ( فَمَنْ عَرَفَ فَقَدْ بَرِئَ ) “Ким тааныса (мункар ишти), күнөөсүз”. Башка риваята: ( فَمَنْ كَرِهَ فَقَدْ بَرِئَ ) “Ким жактырбаса, ал күнөөсүз”, деп  келген адамдын риваятына келсек, анын мааниси: Ким ал (аким) кылган мункар ишти жек көрсө, анын күнөөсүнөн жана азабынан саламат болот. Бул аны (аким кылган мункар ишти) колу менен да, тили менен да кайтара  албагандар үчүн, аны жүрөктөрүндө жек көрүшү керектигине далил.

 Ал эми( فَمَنْ عَرَفَ فَقَدْ بَرِئَ ) “Ким тааныса (мункар ишти), күнөөсүз”, болот деген риваятка келсек: Анын мааниси – жана эң туурасын Аллах билет – ким жамандыкты таанып, ага эргешпесе, аны колу менен же тили менен өзгөртүп, анын күнөөсүнөн жана азабынан кутулуу жолу бар. Колунан келбесе жүрөгүндө жек көрсүн.

 ( وَلَكِنْ مَنْ رَضِيَ وَتَابَعَ ) (Бирок ким ыраазы болуп, ээрчисе) дегенинин мааниси:  Күнөө жана жазага ыраазы болуп, ээрчигендерге. Ким бир жамандыкты колу же тили менен кетире албаса, унчукпай сүкүт сактоосу күнөө кылбай турганына далил. Тескерисинче, ага ыраазы болуп, же жүрөгүндө жек көрбөсө, же ага ээрчисе  күнөө кылган болот.

Ал эми: ( أَفَلَا نُقَاتِلُهُمْ ؟ قَالَ : لَا ، مَا صَلَّوْا ) Алар менен согушпайлыбы? деген сөзүнө келсек. (Ага Аллахтын салам салааваты болсун) айтты: “Жок, эгер алар намаз окушса”, – деди. Бул  мурда айтылгандардын маанисин билдирет: эгер алар Исламдын эч бир негизин өзгөртпөсө, халифтерге  зулумдук жана бузукулук кылгандыгы үчүн аларга каршы чыгып согушууга болбойт.

Урматтуу бир туугандар:

Даңк жана күчтө эмес, кордукта жана зулумда болуу менен өзүбүзгө көбүрөөк зулумдук кылганыбызга карабастан, бизди мурунку абалыбызга кайтара турган нерселерди издөөбүз керек. Балким башталышы ушул жерден, бул асыл хадисте айтылган акыйкаттан башталат. Бул (акимдерди) жакшылыка буйруу жана жамандыктан кайтаруу. Качанкыга чейин үммөт өз башкаруучуларын катуу кыйноолорго дуушар кылып, уулдарын өлтүрүп, аялдарын зордуктап  жатканын көрүп жашай берет? Качанкыга чейин үммөт залимдердин, бандиттердин, зулум режимдин туткунунда калат? Чириген светтик режим кулай электе аны кайра калыбына келтирүүгө даярданып баштаган үммөт уулдарынын ичинен ыраазы болуп, ээрчигендердин колдорун кыркуу убагы келбедиби.  Бул канкор режимдерден кийин күн тартибинде боло турган демократиялык жана секулярдык башкаруу сыяктуу маселелерди козгоп, мусулмандардын каны жана алардын азап-тозогуна көз жумуп, өзгөчө Сирияда ыраазы болуп аны ээрчигендердин колдорун кыркып койуу убагы келбедиби.

Эй мусулмандар: Эгер өзүңөрдүн акимдериңерди жаман иштеринен кайтарбай, Куран менен сүннөт менен башкаруунун ордуна, аларды демократия жана илманийлик менен башкара турган акимдер катары кабыл алсаңар, өзүңөрдүн улуу Пайгамбарыңарга – ага Аллахтын салам-салаваттары болсун – эмне дейсиңер? Же бул чириген (илманийлик) пикирлери башыңырга алып келген балээлерди унутуп калдыңырбы? Анын айынан башыңырдан өткөн кыргындарды унутуп калдыңырбы? Косоволук бир кызды эске салам, ал ислам журналына кат жөнөткөн: “Мен мусулман кызымын, мага окшоп кайра-кайра зордукталган элүү миң кыз бар, алардын айрымдары башына түшкөн окуядан кийин өз жанын кыюуну тандашкан. Силерге айтам, эй мусулмандар, өзүңөрдү менин бир туугандарым дегендер, Аллах силерден эже-карындаштарыңар деп сураса, эмне деп жооп бересиңер? Силер чын эле биздин бир тууганыбызсыңарбы”?

Кандын баркы намыс менен кадыр-барктан азыраак.  Факихтердин пикири боюнча намыс өмүрдөн жогору коюлат. Биздин башкаруучулар тарабынан Намысыбыз тебеленгенде, өзүбүздүн өзүбүзгө эмне керегибиз бар? Оо, Аллахым бизге ырайым кыл. Оо, Аллахтын Элчиси, Сага ыраазы болуп, ээрчигендер бар. Колу каныбызга боёлгондор бар. Ар-намысы булганып, тебеленип турганда, алардын бар экендигинин маанисин кимдир бирөө көрөбү? Оо, Ислам үммөттү! Эң Жогорку, Кудуреттүү Аллахтан башка эч кандай күч жана кубат жок.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 16- зул каада..

2025-ж, 14-май..

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here