Кыргызстанда имамдарга стипендия берилмекчи

28
0

Кыргызстанда имамдарга стипендия берилмекчи

2025-жылдын апрель айынан тарта Кыргызстанда бардык аймактардагы мечиттердин имамдарына расмий түрдө стипендия төлөнө баштады, бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) маалымдады. Бул чечим КМДБнын демилгеси менен жана өкмөттүн колдоосу алдында ишке ашырылып жатат. КМДБнын айтымында, дин кызматкерлерине мындай колдоо көрсөтүү диний коомчулукту бекемдөөгө, коомдо туура диний аң-сезимди калыптандырууга багытталган. Бирок алар коомду көзөмөлдөө ишинде имамдарды  курал катары пайдаланарын да моюнга алышат.

«Дин — бул элдин жүрөгүн, коомдун өнүгүү багытын жана жаш муундун руханий бакубаттуулугун калыптандырган күчтүү институт. Ошондуктан, имамдарга берилген бул каржылык колдоо — жөн гана айлык эмес, диний кызматкерлердин эмгегине берилген баа», — деп билдирди муфтий Абдулазиз Закиров.

КМДБ бул кадамды тарыхый чечим деп атады жана имамдардын диний вазыйпасын мамлекеттик чиновник макамына өткөрүп, мамлекеттик саясатты ишке ашырууда алардын жоопкерчилигин жана отчёттуулугун жогорулатканын тан алды десек жаңылышпайбыз.

«Имам — бул жөн гана намазды баштоочочу адам эмес. Ал — коомдун руханий сакчысы, улуттук аң-сезимди ойготкон лидер. Анын сөзү элдин руханий жүзүн өзгөртөт, анын баяндамалары тынчтыкты сактайт, ал эми анын көрөгөчтүгү жаштарды туура жолго багыттайт. Эгер биз дин кызматкерине шарт түзүп берсек, ал бүт коомдун аң-сезимин калыптандырат. Эгер биз имамды колдосок, ал элдин ишенимин туура багытка бурат. Бул кадам элдин келечеги үчүн салынган руханий пайдубал», — деди муфтий.

Албетте, имамдардын ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлде таанып, аларга жаштардын улуттук аң-сезимин калыптандырууда маанилүү роль ыйгаруу чоң кадам. Бирок бул — убактылуу жана үстүртөн гана колдоо. Аларга толук диний эмес, улутчулдукка гана чектелген таасир ыйгарылып, расмий түрдө жалданма кызматкер катары бааланышы алардын абройун көтөрбөйт. Андан тышкары, бардык эле имамдар коомго, жаштарга таасир эте албайт жана мурдагыдай руханий тарбиячылык ролун жоготуп коюшкан. Мамлекет тарабынан  берилип баштаган бул колдоо имамдардын кадыр-баркын көтөрбөстөн, тескерисинче алардын  акыбалын оорлотуп, аброюн төмөндөтөт.

Символикалуу 8000 сом (90 АКШ доллары) өлчөмүндөгү стипендиялар өлкөнүн бардык аймактарындагы расмий катталган мечиттердин имамдарына төлөнөт. Бул, албетте, имамдардын мамлекетке көз карандылыгын күчөтөт жана аларга мамлекеттик тапшырмаларды, анын саясий багытын так аткарууга мажбур кылат. Стипендиянын өлчөмү жашоонун минималдуу деңгээлине дал келбегени менен мамлекет (КМДБ аркылуу) имамдардын кайрымдуулукка жана демөөрчүлөрдүн материалдык жардамына муктаж болуудан алыстатууга үмүт артууда. Келечекте дин кызматкерлерин толук көзөмөлдөө саясаты ишке ашабы-жокпу — бул риторикалык суроо бойдон калууда.

Бул мамлекет тарабынан имамдарды көзөмөлгө алуу боюнча биринчи кадам эмес. Буга чейин райондордун башкы имамдарына жалпы 40 автоунаа берилген. КМДБнын бул иштери элдин руханий өнүгүшүн камсыздоого, диний билим деңгээлин жогорулатууга же калктын сабаттуулугун арттырууга багытталган эмес, биз муну ачык айта алабыз. Бул аракет, тескерисинче, имамдардын көз карандысыздыгын жана кайрымдуулук уюмдардын таасиринен тартып алуу максатында жүргүзүлүүдө. Мунун баары «радикал идеологияларга каршы күрөш» деген шылтоо менен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, бул аракет коопсуздук кызматтарынын гана эмес, колонизаторлордун көзөмөлүндөгү долбоолорду ишке ашырууга багытталган. Алар коомду «салттуу баалуулуктар» менен алдап, өздөрүнүн ислам тууралуу бурмаланган пикирлерин таңуулоону максат кылышууда — бул муфтийдин расмий билдирүүлөрүндө да жарым-жартылай мойундалган.

Дин кызматкерлерин, жалпысынан диний ишмердүүлүктү толук көзөмөлдөө жараяны мамлекетке ылайыктуу фатваларды чыгаруу үчүн колдонулат. Бул ыкмалар менен мусулмандар акыйкаттан адаштырылып, мамлекеттин саясатына шайкеш, ылайыкталган диний делген пикирлер таңууланат. Эми имамдар өз динин ушунча да арзыбас матага сатышабы?

Мындай күрөш жана мындай ыкмалар буга чейин да Аллахтын динин таратууга тоскоол кылуу максатында колдонулган. Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) га курайшиттер кызмат жана дүнүйө байлыктарын сунушташканда, ал мындай деп баш тарткан:

«Эгерде алар мага күндү оң колума, айды сол колума беришсе да, мен бул ишимден (Аллахтын динин таратуудан) — баш тартпайм»

Хужжат Жамиа

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here