Жаңы каржы мыйзамдары элди экономикалык кыйроодон куткарбайт
2025/2026-жылдар үчүн парламентке жаңы каржы мыйзам долбоору сунушталды. Учурдагы режим муну экономикалык стимул катары сүрөттөгөнү менен, быйылкы бюджеттик сунуштарда жаңы салыктар киргизилбейт жана учурдагы салыктар көбөйтүлбөйт. Өкмөт салык башкаруусуна көбүрөөк көңүл буруп, боштуктарды жабууга жана салык жыйноонун натыйжалуулугун жогорулатууга умтулат. Мыйзам долбоорунда салыкты көтөрүүгө чектөө каралган жана учурда кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган кээ бир товарларды нөлдүк ставка менен толук бошотуу сунушталууда.
Хизб ут-Тахрир / Кения төмөнкүлөргө көңүл бурат:
Кошумча нарк салыгынан бошотуу, субсидия жана салыктан бошотуу саясаты — бул начар жашоонун чыныгы себеби салыктардын өзү экенин айкын көрсөтөт. Мындан тышкары, сунушталган бул жаңы чаралар жөн гана кооздоп коюу болуп саналат жана капиталисттик экономиканын карама-каршылыктуу жүзүнүн дагы бир далили. Бир жагынан, салыктар өзүн-өзү камсыздоонун каражаты катары каралса, экинчи жагынан салыктан бошотуу экономиканы жеңилдетүү катары көрсөтүлөт! Бирок акыйкатта салыктар — бул кагаз акчанын наркын жана катаал экономикалык түзүлүштү мамлекеттин мажбурлоосу аркылуу сактап туруу куралы. Бул мыйзам капиталисттик экономикалык үлгүдөгү салык саясатынын түп-тамырынан туура эместигин ачык көрсөтүп турат, анткени ал мамлекеттин негизги киреше булагы болуп саналат. Капиталисттик экономикада салыктар кагаз акча системасын жана соода тең салмактуулугун сактоо үчүн зарыл болгон экономикалык каражат катары каралат, бирок алар элдин турмушун коргоо үчүн кылынбайт.
Мамлекеттик бюджеттер капиталисттик системада салыктар менен карыз алуунун тегерегинде айланат. Ошондуктан бул системада экономикалык эркиндик да, көз карандысыздык да болбойт. Ортодогу боштукту жабуу үчүн мамлекет адаттагы адамга жүктү көбөйтүп, сүткордук негизиндеги карыз алууга мажбур болот.
Кенияда жана бүт дүйнөдө экономикалык көйгөйлөрдү түп-тамырынан чечүү салыктар же сүткордук карыздар аркылуу же жаңы каржы мыйзамдарын жазуу менен мүмкүн эмес. Чыныгы жана жалгыз чечим — бул ислам.
Ислам экономикалык маселелерди чечүү үчүн өзгөчө киреше системасына ээ. Мисалы, жалпы элге таандык байлыктардан (табигый газ сыяктуу), айыл чарба өндүрүшүнөн (хирож сыяктуу) түшкөн кирешелер экономикалык активдүүлүктү азайтпай туруп киреше алып келет. Ислам экономикалык түзүмүндө энергия, жайыттар, суу сыяктуу ресурстар жалпы элге таандык деп эсептелет. Биз ишенебиз: бул системаны толук кандуу жана адилеттүү түрдө колдонууга жөндөмдүү жалгыз түзүлүш — бул Халифалык мамлекети. Ал баардык оор салыктарды, анын ичинде кошумча нарк салыгын (НДС) жана киреше салыгын жокко чыгарат.
Шаъбан Муаллим
Хизб-ут-Тахрирдин Кения вилаятындагы расмий өкүлү