Басма сөз баянаты
Душмандын алдында сабыр кылуу! Үммөтүбүздү кандай келечек күтүп турат?!
Индия менен Пакистандын ортосунда түздөн-түз кагылышууда Индия армиясынын чыныгы күчү жасалма экенине ал тургай аскерий адистер менен жалпы эл да ынанды. Индия армиясы Пакистанга туруштук бере албай турганы жана аскерий аба күчүн колдонууга да батынбай жатканы айкын болду. Алар учкучсуз учактарды колдонуп жатышат, бирок бул дрондор кайра кайтпай, пакистандык мужахиддер тарабынан түшүрүлүп алынууда. Мындай жеңиш жана сүйүнүчтүү жаңылыктардан кийин, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф бул жеңишти солгундатып салды. Анын агасы Наваз Шариф мурда Каргил тоолорунда ушундай эле кыянаттык кылган болчу. Шахбаз Шариф ачыктап айтып койду: Пакистан армиясы Индиянын Пакистан позицияларына жасаган чабуулуна жооп берип жатып, он индиялык аскерий учакты атып түшүрүүгө кудуреттүү болчу, бирок “сабырдуулук көрсөтүп”, болгону бешөөнү гана атып түшүргөн!
Пакистандын саясий жана аскерий жетекчилери бул элдин кайгысын түшүнбөйт, анткени алар элден эмес. Индия мусулман калк жашаган чек ара аймактарын жана Кашмирди бомбалап, 26дан ашуун бейкүнөө мусулмандын өмүрүн алганына карабастан, дагы деле бул кылмыштарын улантып жатат. Ошентсе да, Пакистандын азыркы жетекчилиги Индияга карата сабырдуулук көрсөтүүдө. Алар Пайгамбарыбыз ﷺ мындай дегенин унуткандай:«لَزَوَالُ الدُّنْيَا أَهْوَنُ عَلَى اللهِ عَزَّ وَجَلَّ مِنْ سَفْكِ دَمِ مُسْلِمٍ بِغَيْرِ حَقٍّ»
«Аллах Таала үчүн бир бейкүнөө мусулмандын канын төгүүдөн көрө бүт дүйнөнүн жок болушу жеңилирээк» (ан-Насаи риваяты).
Муну менен Пакистандын жетекчилиги Аллах Тааланын буйругу боюнча өз ордунда бир мүнөт да турууга татыктуу эмес экенин көрсөттү. Алла Таала мындай деген:
﴿مُّحَمَّدٌ رَّسُولُ اللهِ وَالَّذِينَ مَعَهُ أَشِدَّاء عَلَى الْكُفَّارِ رُحَمَاء بَيْنَهُمْ﴾
«Мухаммад Алланын пайгамбары. Аны менен бирге болгон (момундар) каапырларга каардуу, өз араларында (момундар менен) болсо ырайымдуу боорукерлер».(Фатх сүрөсү, 29-аят).
Ал эми мунафыктар — ыймандан сыртта калгандар — алар момундарга катуу, каапырларга болсо ырайымдуу келишет. Бул Аллах Тааланын аятындагы тескери мааниден (مفهوم المخالفة) алынган өкүм, жана бул — бүгүнкү пакистандык жетекчиликтин абалы. Алар мужахиддерге жана даават жүргүзгөндөргө каршы ырайымсыз болуп, аларды террористтер деп атап, куугунтуктап, аларды колдогон бардык жакшылык булактарын кыскартып жатышат!
Мындай шартта, Пакистан армиясындагы ыймандуу адамдар үчүн бул саясий жана аскерий жетекчилерге унчукпай баш ийип жүрө берүүгө эч кандай жүйө калган жок. Анткени бул кой сымал жетекчилер Аллах жолунда күрөшкөн аскерий арстандарга жана аба күчтөрүндөгү бүркүттөргө жетекчи болууга татыктуу эмес! Бул жетекчиликти Аллахтын түшүргөн өкүмдөрү менен өкүм кылуучу, армияны жихадга баштап чыгуучу чыныгы ишенимдүү жетекчиликке алмаштыруу милдет.
Мына силер үчүн даяр турган альтернатива: Хизб ут-Тахрир пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты кайра тикелөөгө умтулган уюм. Алар силерди жетектеп, Кашмир менен Палестинаны бошотуп, үммөттү бириктирип, Индияны да фатх кылууга даяр.
Аллах Таала мындай деген:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ مَن يَرْتَدَّ مِنكُمْ عَن دِينِهِ فَسَوْفَ يَأْتِي اللهُ بِقَوْمٍ يُحِبُّهُمْ وَيُحِبُّونَهُ أَذِلَّةٍ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ أَعِزَّةٍ عَلَى الْكَافِرِينَ يُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَلاَ يَخَافُونَ لَوْمَةَ لَائِمٍ ذَلِكَ فَضْلُ اللهِ يُؤْتِيهِ مَن يَشَاء وَاللهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ﴾
«Эй момундар, силердин ичиңерден кимде-ким өз дининен кайтса, Алла (ордуңарга) башка бир коомду келтирет, Алла аларды жакшы көрөт, алар Алланы жакшы көрүшөт. Алар момундарга өтө жөнөкөй карапайым, каапырларга болсо катуу кол, бир да жемелөөчүнүн жемесинен коркпойАлла жолунда күрөшө турган кишилер. Бул Алланын берешен, жоомарттыгы болуп, өзү каалаган кишилерге берет. Алла берешен жоомарттыгы кең, билүүчү! (Маида сүрөсү, 54-аят)
Хизб-ут-Тахрирдин Пакистан вилаятындагы Маалымат бөлүмү
09.05.2025