Убактылуу өкмөт Аракан армиясынын жапайы күчтөрүнө жардам берип, зомбулукка туш болгон рохинжа мусулмандарын таштап коюшту!

22
0

Басма сөз баянаты

Убактылуу өкмөт Аракан армиясынын жапайы күчтөрүнө жардам берип, зомбулукка туш болгон рохинжа мусулмандарын таштап коюшту!

Рохинжа мусулмандары Бутхидаун жана Маунгдоу аймактарында улам күчөп жаткан зомбулукка туш болууда. Бул аймактар Аракан Биримдиги Лигасына жана анын куралдуу канаты болгон Аракан армиясына карайт. Мажбурлап аскердик иштерге тартуу, акча берип гана жол жүрүүгө уруксат берүү, жаш кыздарды уурдап зордуктоо, аскерге чакырылган жаштардын жоголуп кетиши сыяктуу окуялар — Аракан түндүгүндөгү рохинжалардын өтө кооптуу абалын айгинелеп турат.

Ошол эле учурда Мьянмадагы аскерий хунта рохинжа мусулмандарын зордоп согушка жиберүү менен аларды “тирүү калкан” катары колдонууда. Ошондой эле, Россия да Бангладештен адамдарды жашыруун алып чыгып, Украинадагы согушка мажбурлап катыштырып жатат.

Убактылуу өкмөт үн катпаган шартта, Аракан армиясы Бангладеш аймагына 10 чакырымга чейин кирип келип, “суу майрамын” уюштурду. Буга жооп иретинде ички иштер боюнча кеңешчи аларды «кудалар» деп атап (алардын көбү бул жерде үйлөнүп алышканын айтып), элди шылдыңдап, өз жоопкерчиликсиздигин көрсөттү!

АКШнын көзөмөлүндө турган бул убактылуу өкмөт Ракхайнда гуманитардык коридор ачуу тууралуу саясий чечим кабыл алуу аркылуу Аракан армиясына колдоо көрсөтүп жатат. Бул чечимден кийин рохинжа мусулмандарына каршы Аракан армиясынын кол салуусу ого бетер күчөдү. Буддисттик куралчан топтор т.а. Аракан армиясы көзөмөлдөгөн аймактарда рохинжаларга болгон кысым ушунчалык күчөп кеткендиктен, ондогон жылдар бою зомбулукка чыдап келген эл эми Бангладешке качып кетүүгө мажбур болууда. Ушундайча, заалим убактылуу өкмөт буддист Аракан армиясына кол сунуп, зомбулукка туш болгон рохинжа мусулмандарын таштап кетти!

Эй мусулмандар! Силер көрдүңөр, “гуманитардык коридор” деген шылтоо менен бул өлкөнү Америка баштаган ортомчулук согушка тартууга аракет кылып жатканда, калк катуу ачууланып, терең тынчсыздануусун билдирүүдө. Бул аракеттерге каршылык көрсөтүлүп жаткан чакта, Американын тыңчылары жана алардын жергиликтүү агенттери эл алдында ашкере болууда. Ички-сырткы талкууларда, интернет айдыңында Америкага баш ийген саясий партиялар менен коопсуздук боюнча аталган “адистер” ар кандай жүйөлөрдү келтирип, бул коридорду актоо үчүн тырышып жатканы байкалууда. Ал эми кээ бир партиялар муну менен да токтобой, “Араканда көз карандысыз ислам мамлекети” деген талаптарды коюу аркылуу Американын күн тартибин куу таризде колдоп жатышат. قَاتَلَهُمُ اللَّهُ أَنَّى يُؤْفَكُونَ

Аларга Аллахтын каргышы болсун! Алар кандай адашуучулар!” (Мунафикун сүрөсү, 4-аят)

Биз, Хизб ут-Тахрир / Бангладеш вилаяты, буларга эскертүү беребиз: Америка жөөттөрдүн Газадагы геноцидин колдоп жаткан кресттүүлөрдүн империалисттик долбоорлорун бул үммөт толугу менен четке кагат жана каршылык көрсөтөт.

Биз өлкөдөгү аң-сезимдүү инсандарга, ак ниет саясатчыларга, интеллигенттерге жана армиядагы мекенчил офицерлерге кайрылып айтып кетебиз: Америка Афганистандан качкандан бери ушунчалык алсыз болуп калды — мусулмандар менен түз фронтто согуша албайт. Ошондуктан, ал башка өлкөлөрдү өзүнүн колониялык үстөмдүгүн сактап калуу үчүн колдонууда. Ал көз каранды режимдер менен бирге аскердик күчтөрүн жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн өз кызыкчылыгы үчүн “отун” катары пайдаланууда.

Ошондуктан биз бул агенттерди четке кагып, алардын жүзүн ачышыбыз керек. Ошондой эле “гуманитардык коридор” деген жалган шылтоолорго каршы өлкөнүн ичинде да, сыртында да күчтүү коомдук пикир түзүшүбүз керек. Анткени Алла Таала айткан:

﴿لَا يَتَّخِذِ الْمُؤْمِنُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ وَمَنْ يَفْعَلْ ذَٰلِكَ فَلَيْسَ مِنَ اللَّهِ فِي شَيْءٍ﴾

“(Бардык иш Алланын колунда болгон соң, демек) Момундар момундарды таштап коюп, каапырларды дос тутушпасын! Ким Ошондой кылса, анда ал Алла тарабынан эч нерседе эмес (Тагыраак айтканда Аллага чоочун). Бирок, аларга силер абайлап мамиле жасооңор дурус. Алла силерди өзүнүн (азабы менен) эскертет, коркутат. Алланын өзүнө гана кайтасыңар”. (Аали Имран сүрөсү, 28-аят)

Хизб-ут-Тахрирдин Бангладеш вилаятындагы Маалымат бөлүмү

04.05.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here