Адамдардын эң начары

15
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Адамдардын эң начары

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنِي مَالِكٌ، عَنْ سُهَيْلِ بْنِ أَبِي صَالِحٍ، عَنْ أَبِيهِ، عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ، أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «إِذَا سَمِعْتَ الرَّجُلَ يَقُولُ هَلَكَ النَّاسُ فَهُوَ أَهْلَكُهُمْ». (موطأ مالك 1806)

Малик мага Сухайл ибн Абу Соолихтен, атасы Абу Хурайрадан риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Качан бир адамдын: Адамдар (адам) болбой калыптыр дегенин уксаң, ал алардын эң начары”. (Муватта Малик 1806).

Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад ибн Абдуллахтын хидаяты:

Бул асыл хадисте аң-сезимдүү адамдан кандай  сөздүн  чыгышы тууралуу айтылды. Бул хадис адамдардын көңүлүн калтырган жана кырдаалды сындаган сөздөрдү айтуудан тыйган. Эгерде адам оптимист жана алга карай умтулган болсо, бул анын сүйлөгөн сөзүнө, логикасы  (ойлогон ойуна) жана  кылган баянына  таасир этет. Эгерде ал пессимист болсо, анда ал көп нааразы болот, анын сүйлөгөн сөзүндө нааразычылык пайда болуп, үмүтсүздүкө түшүп калышы мүмкүн, Аллах андан сактасын. Башкалардын көңүлүн оорутуп, сөздөрү менен өзүн ого бетер капалантат. Ким адамдар болбой калыптыр десе ал алардын эң болбой калганы болот.

Аллах Таала бизди качыруучу эмес, сүйүндүрүүчү болууга үндөгөн. Үмүтүбүздү Аллахка артууга, Ага таянууга үндөп, үмүтсүздүккө түшүп калуу же көңүл калуудан тыйган. Ислам жандардын дем күчүн көтөрүү жана Жаратуучуга, Кудуреттүү Кудайга тобокел кылуу үчүн келген. Бул ага андан (исламдан) күч-кубат алдырып, жакын арада акыйкат менен чындык жеңип, адилетсиздик менен жалгандын жок болоруна үмүт арттырат. Бул сөзсүз боло турган нерсе.

Аллахтан бизди Өзүнүн жеңиши менен сүйүнчүлөгөндөрдүн катарына кошуусун жана Ага тобокел кылуучу жакшы маанай тартуулоочулардын катарына кошуусун тилейбиз. Аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 12-зул каада.

2025-ж,10- май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here