Кан төгүүлөрдү жана зомбулуктарды токтотуунун жалгыз жолу — Халифалыкты тикелөө

10
0

Басма сөз баянаты

Кан төгүүлөрдү жана зомбулуктарды токтотуунун жалгыз жолу — Халифалыкты тикелөө

 Ибрахим Усман Абу Халил

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү

Биз оор жана терең кайгы менен Батыш Кордофандын убактылуу административдик борбору болгон Ан-Нухуд шаарынын Ыкчам колдоо күчтөрүнүн колуна өтүшүн көз алдыбызда көрдүк. Бул учурда Бешинчи аскердик бөлүккө караштуу 18-жөө аскер бригадасы шаардын ичинде каршылык көрсөтпөстөн артка чегинип кетти. Мунун алдында да башка шаарлар дал ушундай тагдырга туш болгон. Бул күчтөр куралсыз жана күнөөсүз калкка карата эң жийиркеничтүү зомбулуктарды жана кыргындарды жасашты. Ушул билдирүү жарыяланган учурда да Ан-Нухуд жана анын айланасындагы кыштактарда жана айылдарда зомбулуктар токтой элек.

Ушул окуяларга байланыштуу биз — Хизб ут-Тахрир / Судан вилаяты төмөнкү чындыктарды коомчулукка жарыялайбыз:

Биринчиден: Шаарлардын бири артынан биринен армиянын чегиниши менен кулап жатканы — Судан элине каршы кутум бар экенин көрсөтүп турат. Бул кандуу согуштун чыныгы уюштуруучусу жана колдоочусу — Америка, жана ал өзүнүн Судандагы геосаясий максаттарын ишке ашыруу үчүн бул согушту колдоп, башкарууда.

Экинчиден: Элди коргоо — укуктуу башкаруучунун милдети. Бул милдет согуш болобу же башка кырдаал болобу эч качан токтотулбайт. Башкаруучу өз милдетин аткарбаса, ал күнөөкөр болот. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«إنما الإمام جنة يقاتل من ورائه ويتقى به»

“Ыйман келтиргендердин башкаруучусу калк үчүн калкан сыяктуу, анын артына туруп согушушат, жана ал менен душмандан коргонушат.”

Ошондой эле, Пайгамбар ﷺ  мындай деген:

«فالإمام الذي على الناس راعٍ، وهو مسؤول عن رعيته»

«Элди башкарып жаткан Имам  — чабан сыяктуу, ал өз кол астындагылардан жооптуу.”

Үчүнчүдөн: Бул согуш дагы бир жолу айкын далилдеди — биздин өлкөлөрдө Батыш колонизаторлорунун идеяларына негизделип курулган азыркы өкмөттөр — аскерий болобу, жарандык болобу — калкты коргоодо жана иштерин көзөмөлдөөнү камсыздоодо толук бойдон алсыз, ийгиликсиз башкаруу. Бул болсо Ислам дининин жана анын саясий тутумунун чындыгын, адамдардын иштерин камкордук менен көзөмөлдөп, аларды зомбулуктан жана кол салуудан Халифалык мамлекети аркылуу коргой алаарын дагы бир жолу тастыктайт.

Жыйынтыктап айтканда: күчкө жана мүмкүнчүлүккө ээ болгон үммөттүн ак ниет уул-кыздары өз милдеттерин аткарып, бир туугандарын коргоого, ал тургай пайгамбарлык жолундагы Халифалык долбоорун колдоого, аны көтөрүп чыккан Хизб ут-Тахрирге нусрат берүүгө милдеттүү. Бул жамаат — өз элине калп айтпаган, ишенимдүү жол көрсөтүүчү. Балким, Алла Таала аларды ансарлар сыяктуу кылып, пайгамбарлык минхажы негизинде экинчи Халифалыктын курулушуна себеп кылып, каапыр колонизаторлордун таасирин жок кылып, жашоону улуу Ислам акыйдасына негиздеп берет. Бул Халифалык ар-намысты коргоп, мүлктү сактап, кан төгүүнү токтотот, анан эл урмат-сый менен жашаган коомго айланат.

Алла Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا للهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар”. (Анфал сүрөсү, 24-аят).

03.05.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here