Басма сөз баянаты
«Раббибиз – Аллах!» деген 31 мусулман жигитти кайрадан узак мөөнөткө түрмөгө кесүү талап кылынууда!
Биз 2024-жылдын 10-октябрында жарыялаган билдирүүбүздө 31 мурдагы саясий туткун үстүнөн жаңы сот иштери башталганын маалымдаган элек. Бир нече күн мурун ишенимдүү булактан бул сот ишинин жүрүшү тууралуу жаңы маалымат алдык. Булактын айтымында, прокурор соттон бул жаштардын көбүн 18 жылга эркинен ажыратууну, анын ичинен 5 жылды жабык режимдеги абакта өткөрүүнү талап кылган. Калгандары үчүн 13 жылдык жаза суралган, анын ичинен 3 жылы – жабык режимде. Ал эми эки кишиге өзгөчө катаал режимдеги абакта 7 жылдык жаза суралган. Сот отуруму 22-апрелге жылдырылды.
Бул жигиттер мурдатан эле, Каримовдун зулум режими учурунда, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган болчу. Алар өмүрүнүн дээрлик жыйырма жылын абактарда өткөрүшкөн. Ошол убакта алардын айрымдары ата-энесинен, жакындарынан ажырап, ден соолугунан айрылышкан, айрымдары майып болуп калышкан. Мирзиёев бийликке келгенден кийин, жаза мөөнөтү бүткөн жигиттерди бошото баштаганда, алардын ата-энелери жана үй-бүлөлөрү бир нече жылдык кайгы-капа, сагынычтан кийин чексиз кубанычка бөлөнгөн эле. Бирок бул “реформалардын” өмүрү кыска болду. Анткени Мирзиёев өзү “тезек системасы” деп атаган Каримов режиминин жолуна кайра түштү: жакында эле бошотулган саясий туткундарды кайра камай баштады.
Эмне үчүн өзбек бийлиги бул шабабтарды кайрадан көп жылдык абак жазасына тарткысы келет? Алар киши өлтүргөн эмес, алдамчы, паракор, ууру же зордукчу да эмес. Коом алардан эч кандай зыян тарткан эмес. Алардын “жалгыз күнөөсү” — «Раббибиз Аллах!» деп айткандары. Башкача айтканда, алар Аллахтын дини дүйнөгө өкүм сүрүшүн, Ислам өкүмдөрү адамдардын турмушунда колдонулушун каалашат! Мына ушул чакырыгы үчүн мурунку режим аларды көп жылдарга абакка салып, ар кандай адамгерчиликсиз кыйноолорго дуушар кылган.
Маалыматтарга ылайык, прокурор жаштарды узак мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмүн соттон талап кылгандан кийин, айрым жигиттердин энелери, карындаштары жана жубайлары өздөрүн кармай албай, соттун бардык кызматкерлерине, өзгөчө прокурор менен судьяга каршы каргыш айтып, жүрөктөн чыккан дубаларын кылышкан. Алар дуба кылбай кантип турушсун? Көздөрүнүн алдында жакындарына далилсиз, негизсиз жалган айыптар менен ондогон жылдык абак жазасы суралып жатса! Албетте, шексиз, Аллах Таала зулумга кабылган кишинин дубасын кабыл алат. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«اتَّقِ دَعْوَةَ الْمَظْلُومِ فَإِنَّهُ لَيْسَ بَيْنَهَا وَبَيْنَ اللهِ حِجَابٌ»
«Зулумга учураган кишинин дубасынан сактан, анткени анын дубасы менен Аллахтын ортосунда тоскоолдук жок» (Бухари, Муслим).
Буюрса жакында орнотула турган пайгамбарлык жолундагы экинчи Халифалык мусулмандарга зулум кылгандардан, мисалы, Мирзиёев жана анын тарапкерлеринен өч алат. Ошондо аны орус тууганы да, кожоюну болгон кытайлар же Батыш державалары да сактап кала алышпайт.
Эй Мирзиёев! Сен өзүң айткан сөздөрдү эстейсиңби?
— «Адилеттүүлүк — бул мамлекеттин негизи, ал эми сот — анын жүрөгү болушу керек»,
— «Сот залдарында мыйзам гана эмес, акыйкаттык, абийир жана инсандык да орун табышы керек»,
— «Эгер элдин үнү сот залдарында угулбаса, мамлекеттин үнү көрдөн чыкпайт»,
— «Соттун калеминде элдин тагдыры турат, өлкөнүн жүрөгү анын үнүндө согот»,
— «Адилеттүүлүк болбогон өлкөдөгү өнүгүү — пайдубалсыз курулуш, ал сөзсүз кулайт».
Бул сөздөрдү өзүң элге үгүт болсун деп айттың беле же өзүңдү мактоо үчүнбү? Эмне, сөзү менен иши шайкеш келбеген мунафыктардын катарына кошулуудан коркпойсуңбу? Же орусиялык колонизатордун көңүлүн алуу сен үчүн өз элиңдин башчысы, намыскөй жана бекем турган лидер болуудан маанилүүрөөкпү? Каралбай калган элдин дубасынан, Аллахтын каарынан жана өч алуусунан коркпойсуңбу? Бул өч алуу акыретте гана эмес, бул дүйнөдө да болот. Анткени Аллах Таала зулумду таштабайт, албетте, залимден өч алат.
Аллах Таала адилеттүү Имамды Халифаны орнотот. Ал Халифа зулум көргөндөрдү колдоп, алардын укугун зулум кылгандардан толугу менен алып берет. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«…ثم تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا اللهُ إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«…андан кийин зомбулук менен башкарылган падышачылык болот, ал Аллах каалаганча уланат, андан кийин Аллах аны жоготот, андан кийин болсо пайгамбарлык жолундагы Халифалык орнойт» (Ахмад, Табарани).
Пайгамбарыбыз ﷺ бул хадисинде айткандай, азыркы зулум башкаруунун доору акыркы демин алууда, ал эми Халифалыктын таң атуусу мурдагыдан да жакын, ин шаа Аллах. Силердин алдыңарда эки гана жол турат: же саясий туткундардын баарын дароо бошотуп, Халифанын жана мусулмандардын силерге карата ачуусун басасыңар, же болбосо каапыр колонизаторлорду ыраазы кылууну улантып, мусулмандарга зулум кылуу менен, бул дүйнөдөн да, акыреттен да кур каласыңар. Тандоо силердин колуңарда!
Эй Өзбекстан мусулмандары!
Мирзиёевдин режими силерди Аллах Таала ырайым кылып жиберген адилеттүү Ислам өкүмдөрү менен жашоодон ажыратып жатат. Ал эми ошол Ислам жашоосун кайра баштоо үчүн аракет кылып жаткан бир туугандарыңарды узак мөөнөткө абакка кесүүдө. Бул абалга көз жумуп коюуга эч кандай жүйө жок. Анткени Ислам боюнча жашоо ар бир мусулманга фарз. Ошондуктан бул иштерди бир гана айрым мусулмандар эмес, бардык мусулмандар жүргүзүшү керек.
Силердин шариат алдындагы милдетиңер — ушул жолдо жүргөн бир туугандарыңарды колдоо жана коргоо. Бул үчүн Аллахтын алдында суракка тартыласыңар. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«الْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ، لَا يَظْلِمُهُ وَلَا يُسْلِمُهُ»
«Мусулман – мусулмандын бир тууганы. Ал ага зулум кылбайт жана аны (душмандын) колуна таштабайт» (Бухари, Муслим).
Акырында айтаарыбыз: бул жолдо алсырабагыла, бул чоң соопту учурларды баалагыла, жана зулумга кабылган бир туугандарыңарды жардамсыщ таштабагыла. Билип койгула: Аллах Таала Өз ишинде үстөмдүк кылат!
﴿وَاللهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾
«Алла Өз ишинде үстөмдүк кылуучу (тактап айтканда, Аны Өзү каалаган ишти кылуудан эч ким кайтара албайт) бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт». (Юсуф сүрөсү, 21-аят)
Хизб-ут-Тахрирдин Өзбекстандагы Маалымат бөлүмү
26.04.2025