Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Имам – бул калкан
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ فَإِنْ أَمَرَ بِتَقْوَى اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ وَعَدَلَ كَانَ لَهُ بِذَلِكَ أَجْرٌ وَإِنْ يَأْمُرْ بِغَيْرِهِ كَانَ عَلَيْهِ مِنْهُ” رواه مسلم
Абу Хурайра р.а. риваят кылат, Пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “Имам – бул калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат. Эгер адамдарды Аллах Тааладан коркууга буйруп, адилеттүү болсо ал үчүн сооп болот , ал эми башка нерсеге буюрса, ал үчүн жаза бар”. Муслим риваят кылган.
Синди Сунан ан-Насаиге берген түшүндүрмөсүндө мындай деп айтылган:
(جُنَّة) “Калкан сыяктуу”. Куртуби айтты: Маанилүү маселелерде жана олуттуу окуяларда анын пикирин жана көз карашын кармануу керек. Эч ким анын пикиринен өтүп кетпеши керек жана имамсыз бир иште жалгыз калбашы керек.
“Анын артынан согушулат” Анын алдында согушулат деген мааниде айтылган, андыктан бул жерде فَوَرَاء “арт” – анын алдында деген мааниде. Эгер ал алдыда болуп кыйроого дуушар болсо анда баардыгынын кыйроосу экендиги түшүнүлөт. Ошондуктан Имам түздөн-түз өзү согушууга калтырылбайт деп айтылган. Мен айттым: Бул сөздүн ачык маанисине карама-каршы келет жана калканга салыштырууга туура келбейт. Туура чечмелөө – бул, анын пикири жана буйругу менен согушулат, согушта анын пикирине эч ким каршылык көрсөтпөшү керек. Демек, алар анын артында тургандай болот. Эң туурасын Аллах Таала билүүчү.
“Аны менен коргонулат” ким ага муктаж болсо, анын пикирин карманып ага баш калкалайт дегенди билдирет.
Суйутинин Сунан ан-Насаиге берген түшүндүрмөсүндө мындай деп айтылган:
“Аны менен коргонулат” душмандын жана бузуку жана адилетсиз коомдун жамандыгынан.
“Аллахтан коркууну буйруса жана адилеттүү болсо, анда ал үчүн сооп болот”. Куртуби айтты: “Бул чоң сооп”. Аны билгендиктен сыпаттоо жөнүндө унчукпады. Мен: ал кандай сооп экенин айтпай белгисиз калтыруусу ал сооптун үлкөндүгү үчүн”, – дедим.
Сахих Муслимдин шархы Ан Нававинин түшүндүрмөсүндө айтылган:
“Имам – калкан”, – дегени: парда сыяктуу. Анткени ал душмандын мусулмандарга зыян тийгизүүсүнө тоскоол болуп, адамдардын бири-бирине зыян тийгизүүсүнө тоскоол болуп, Исламды коргойт. Адамдар аны менен коргонуп, анын күчүнөн коркушат.
“Анын артынан туруп согушулат” дегендин мааниси: каапырлар, козголоңчулар, харижиттер жана жалпы эле бардык бузуку жана зулум адамдарга каршы аны менен бирге согушулат.
Урматтуу бир туугандар:
Акыйкатта, халифат – душмандын мусулмандарга зыян келтирүүсүнөн кайтаруучу бир калкан. Муну чынчылдардын устазы, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты. Бул турмуш чындыгында да айдан ачык көрүнүп турган чындык. Халифат жок болгондон бери эң начар жана эң алсыз кара мүртөз адамдар Палестинада, Иракта, Ооганстанда, Сомалиде жана башка жерлерде Ислам үммөттүнө кол салууга батынышты. Халифалыктан башка эч ким алардын аракеттерин токтото албайт, баскынчылыгын кайтара албайт, үммөттүн кадыр-баркын жана даңкын калыбына келтире албайт. Ар бир заманда бизди коргоп, анын артында туруп согушула турган халифа ушул маалда бизге абдан керек.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 8-зул каада.
2025-ж, 6-май.