Конституциянын акыйда менен байланышы: Сириядагы конституциялык жарыянын мисалында

31
0

Конституциянын акыйда менен байланышы: Сириядагы конституциялык жарыянын мисалында

Автор: устаз Маръи ал-Хасан

Орто кылымдарда Европа өзгөртүлгөн насроний акыйдасын карманчу. Бул акыйда башкаруучуга мыйзам чыгаруу укугун берип, анын мыйзамдарынын жана бардык иш-аракеттеринин ыйыктык касиетин тааныйт эле. Бул ага каршы чыгууга жана жоопко тартууга тыюу салган “кудай тарабынан ыйгарылган ыйгарым укук” (б.а. divine right of kings) деген түшүнүккө негизделген. Башкача айтканда, падыша жер бетиндеги Кудайдын эркин көрсөтүүчү өкүлү деп эсептелген. Ошентип, өзгөртүлгөн насроний акыйдасы падышага мыйзам чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берип, анын мыйзамдарына баш ийүүнү зарыл кылган негиз болуп калган.

Бул диний негизде тиранияны (бийликти кыянаттык менен пайдаланууну) шарттап койгон. Натыйжада, падышанын жана чиркөөнүн элдин жашоосу менен байлыктарына үстөмдүк кылуусуна каршы чыккан ойчулдар менен чиркөө өкүлдөрүнүн ортосунда чоң кагылышуу орун алган. Бул кагылышуу диний үстөмдүктөн жана адилетсиздиктен кутулуу үчүн күрөш болгон. Акырында эл динди жашоодон бөлгөн акыйданы кабыл алып, мыйзам чыгаруу жана башкаруу иштери элдин эркин чагылдырган мыйзам чыгаруучу кеңеш аркылуу ишке ашыра баштаган. Бул жерде жогорку бийлик динге эмес, элге таандык болуп калган.

Ал эми Ислам доорунун башталышына кайрылсак, Пайгамбарыбыз ﷺ  пайгамбар болуп жиберилгенден кийин Ясриб эли Исламдын акыйдасын жана шариатын кабыл алышкан. Андан кийин ансарлар экинчи Акъаба экинчи байатында Пайгамбарыбызга ﷺ  жардам жана колдоо көрсөтүүнү убада кылышкан. Хижрадан кийин, б.а. Пайгамбарыбыз ﷺ  Мадинага көчүп келгенден соң, ал Мадина шаарындагы жашоону тартипке салган Мадина келишимин түзгөн. Бул документ Мадинада коомдук жана саясий турмушту жөнгө салган конституция болуп калган.

Ал эми Сирияда 2025-жылдын 13-мартында өткөөл мезгилдеги жетекчилик тарабынан жарыяланган конституциялык жарыяда 53 беренеден турган конституция кабыл алынды. Бул конституция капиталисттик секулярдык акыйданы расмий бекемдеди. Бул болсо, биз кулатууга аракет кылган Асад режими менен бирдей акыйда болуп саналат. Демек, тирания куласа да, анын түзгөн системасы, башкача айтканда анын конституциясы өз күчүндө калды дегенди билдирет.

Бул карама-каршылыкты айгинелөө үчүн айрым беренелерге токтоло кетели:

1-берене: “Сирия Араб Республикасы толугу менен эгемен, көз карандысыз мамлекет жана географиялык, саясий жактан бөлүнгүс бир бүтүн. Анын бир бөлүгүнөн да баш тартууга болбойт”, – делет. Бул беренеде республикалык башкаруу формасы аныкталган. Бул болсо секуляризмге негизделген жана мыйзам чыгаруу укугу Аллах Таалага эмес, адамдарга таандык деп каралган түзүлүш болуп саналат. Ал эми Аллахка болгон ыйман мыйзам чыгаруу укугу да Ага гана таандык деп ишенүүнү талап кылат. Алла Таала айтат:

﴿أَلَا لَهُ الْخَلْقُ وَالْأَمْرُ تَبَارَكَ اللهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ﴾

“Билгиле, жаратуу жана буйруу Ага гана таандык. Бардык ааламдардын Раббиси – Аллах улук”. (Аъраф: 54).

“Араб” деген экинчи сөз мусулман Үммөтүн улуттарга жана урууларга бөлүп-жарып турган улутчулдук духун камтыйт. Бул Пайгамбарыбыздын ﷺ  төмөнкү хадисине каршы келет:

«لَا فَضْلَ لِعَرَبِيٍّ عَلَى عَجَمِيٍّ، وَلَا لِعَجَمِيٍّ عَلَى عَرَبِيٍّ، وَلَا لِأَبْيَضَ عَلَى أَسْوَدَ، وَلَا لِأَسْوَدَ عَلَى أَبْيَضَ، إِلَّا بِالتَّقْوَى»

“Арабдын ажамдан (араб эместен) артыкчылыгы жок, ажамдын да арабдан артыкчылыгы жок. Ак түстүн карадан артыкчылыгы жок, каранын ак түстөн артыкчылыгы жок, такыбалыктан башка”.

Улутчулдук мусулмандар ортосунда укуктар менен милдеттерде теңдикти жокко чыгарат. Улутчулдукка ылайык, араб мусулмандары үчүн уруксат берилген нерселер башка элдерге, мисалы, берберлерге же түрк элдерине уруксат берилбейт жана тескерисинче да дал ошондой.

“Сириялык” деген үчүнчү сөз улуттук чектелүүнү билдирип, Үммөт уулдарын бири-биринен бөлөт. Мында берилгендик (валаа) Аллахка же Үммөткө эмес, жерге жана аны курчаган чек аралардын негизинде болот. Бул чек аралар болсо мусулмандарды бөлүп-жарып, Үммөттү бөлүүгө аракет кылган кафир колонизаторлор тарабынан тартылган.

Эгерде жогоруда айтылган берененин калган бөлүгүнө көз чаптырсак: «…эгемен, көз карандысыз мамлекет жана географиялык, саясий жактан бөлүнгүс бир бүтүн. Анын бир бөлүгүнөн да баш тартууга болбойт» делет, анда суроо туулат: бул мамлекет эл аралык системанын кысымдарынан көз карандысызбы же башка Ислам өлкөлөрүнөн бөлүнүп, өз алдынча калган мамлекетпи?

Демек, бул “көз карандысыздык” мусулман өлкөлөрүнүн өз ара бөлүнүшүн тастыктаган, аны сактап калган түшүнүк болуп саналат. Бул болсо Батыш колонизаторлору тарабынан түзүлгөн Сайкс-Пико келишиминде белгиленген бөлүнүүнү улантуу дегенди билдирет. Кызыгы, баары эле “душмандар бизге бөлүп-жарып башкаруу принциптери менен мамиле кылат” дешет, бирок, ошол эле учурда дал ушул бөлүнүүнү ушул сыяктуу конституциялар жана режимдер сактап жана бекемдеп жатканына көпчүлүк көңүл бурбайт.

2-берене: “Президенттин дини Ислам жана Ислам фыкхы мыйзам чыгаруудагы негизги булак болуп саналат” – деп айтылат. Бул жерде “негизги булак” деген сөз айкашы Ислам фыкхы менен катар башка булактар да бар экенин кыйытып турат. Бул болсо, Ислам шариатын адам жашоосу үчүн жетик эмес деп кыйыр түрдө айыптап жаткан болот. Ал эми Алла Таала Куранда мындай дейт:

﴿وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَاناً لِّكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَى لِلْمُسْلِمِينَ﴾

“Биз сага бардык нерсени баян кыльш берүүчү, хидаят, рахмат жана мусулмандар үчүн сүйүнчү кабар болгон Китепти түшүрдүк”. (Нахл: 89).

Эгерде кемчилик бар болсо, ал Ислам шариатында эмес, балким, жашоонун саясий, экономикалык жана коомдук иштерин жөнгө салган Ислам өкүмдөрүн туура түшүнө албагандыкта же алардан өкүмдөрдү чыгарып ала билбеген наадандыкта.

Эми конституциялык жарыянын үчүнчү бөлүгүнө өтөлү:

Биринчи пункт: “Мыйзам чыгаруу бийлигин Эл өкүлдөр кеңеши (Мажлис аш-Шааб) ишке ашырат”. Бул пункт Ислам акыйдасына тикелей карама-каршы келет. Бул тууралуу далил: Пайгамбарыбыз ﷺ  ушул аятты окуп жатканда:

﴿اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَاباً مِّن دُونِ اللهِ وَالْمَسِيحَ ابْنَ مَرْيَمَ وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا إِلَـهًا وَاحِدًا لَّا إِلَـهَ إِلَّا هُوَ سُبْحَانَهُ عَمَّا يُشْرِكُونَ﴾

“Алар Аллахты коюп өздөрүнүн даанышмандарын жана рахибдерин (монахтарын), ошондой эле Масих бинни Мариямды Кудайлар деп билишти. Акыйкатта болсо, Жалгыз Аллахка гана пенделик кылууга буйрулушкан эле. Эч илах-кудай жок, Анын Өзү гана бар. Ал алардын (кошкон) шериктеринен таза”. (Тообо: 31).

Ошол учурда мурун христиан болгон Ади ибн Хатим кирип келип:

يا رسول الله ما عبدناهم) فرد عليه رسول الله ﷺ: (ألم يحلوا الحرام ويحرموا الحلال؟)، قال: بلى، قال: وأطعتموهم؟، قال: بلى، قال: فتلك عبادتكم إياهم)

“Эй, Аллахтын Элчиси, биз аларга сыйынчу эмеспиз го?” – деди.

Пайгамбар ﷺ  ага айтты: “Алар силерге Аллах арам кылган нерсени адал кылышкан, адал нерсени арам кылышкан эмес беле?”.

Ади: “Ооба”, – деди.

Пайгамбар ﷺ  сурады: «Силер аларга баш ийген эмес белеңер?”.

Ади: “Ооба” – деди.

Ошондо Пайгамбар ﷺ  айтты: “Мына ушул — аларга сыйынууңар!”

Бул хадис аларга сыйынуу деген эмне деген суроого түшүндүрмө берет: ал — мыйзам чыгарууда Аллахтан башкага баш ийүү. Демек, Эл өкүлдөр кеңеши Аллахтан башка мыйзам чыгарган кудайлардан түзүлгөн кеңеш сыяктуу болуп калат.

Конституциялык жарыянын 30-беренесинде мындай делет:

А) Мыйзамдарды сунуштоо жана кабыл алуу.

Б) Мурунку мыйзамдарды өзгөртүү жана жокко чыгаруу.

Бул эки пунктка ылайык, Эл өкүлдөр кеңеши мыйзам сунуштап, кабыл алып, ошондой эле мурунку мыйзамдарды өзгөртүүгө жана жокко чыгарууга укуктуу болуп калат. Бирок Исламда мыйзам жана өкүмдөр Куран, Сүннөт жана алардын негизинде калыптанган сахабалардын ижмасы жана шариятка ылайык кыяс аркылуу гана чыгарылат.

Ал эми мыйзамдарды жокко чыгаруу же өзгөртүү деген түшүнүк Ислам акыйдасына каршы келет. Бул кечээ харам болгон нерсе бүгүн адал болуп калат дегенге барабар. Бул болсо адамдардын жашоосуна туруксуздук жана баш аламандык алып келет. Адам табиятынан туруктуулукка умтулат: үйлөнүүдө, турак-жайда, жумушта жана башка мамилелерде. Бул туруктуулукту мыйзамдардын туруктуулугу гана камсыздай алат. Ал эми мыйзамдардын өзгөрүп турушу жашоону кыйналып жашай турган абалга жеткирет.

Алла Таала айтат:

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَىَ﴾

«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр абалда тирилтебиз». (Та-ха: 124).

Эгер бул конституциялык жарыядагы бардык беренелерди анализ кыла берсек, анда шариатка каршы келген көптөгөн бузуулар чыгат. Ошондуктан ушул жерде токтоло туралы.

Мен бул кайрылуумду жалпы улуу Үммөтүмө, өзгөчө Шам революциясынын калкына арнайм:

Биз узак жылдар бою бизди башкарган жана Батыштын түшүнүктөрү менен секулярдык (динсиз) акыйдасын сиңирген режимдердин бийлиги астында жашадык. Ал режимдер мусулмандарды Ислам түшүнүктөрүнөн — өзгөчө башкаруу, экономика жана коом тууралуу түшүнүктөрдөн — атайылап адаштырып, наадандыкка түртүп келишти. Натыйжада, Исламдагы мамлекет түшүнүгү жана башкаруу системасы мусулмандарга жат көрүнүш болуп калды, ал тургай айрымдар үчүн жек көрүнчү болду.

Менин кайрылуум азыркы өткөөл мезгилдеги башкарууга:

Маселени оңдоо мүмкүнчүлүгүңөр али бар. Катаңарды моюндап, эрдик жана туура жолго кайтуу улуулуктун белгиси. Ислам акыйдасына негизделген конституцияны кабыл алуу жана Аллахтын шариатын ишке ашыруу — бул Аллах Таала тарабынан берилген жеңиш үчүн Ага болгон ыраазычылык жана фарз милдет. Андыктан Аллах Таалага өзүңөрдөн жакшылыкты көрсөтгүлө.

Силердин Ислам конституциясын кабыл алууңар шахид болгон жана күрөшкөн мужахиддерге берген убадаңарды өзгөртпөй аткарууңар болот. Ошондо силер Аллах Таала мындай деп мактаган инсандардан болосуңар:

﴿مِّنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُم مَّن قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا﴾

“Момундар арасында өздөрү Аллахка берген убада-шерттерин чындыкка чыгарган кишилер бар. Анан, алардан (айрым) кишилер өз убадасын аткарды, алардан (айрым) кишилер болсо ынтызар. Алар (мунафыктарга окшоп Аллахка берген убада-шерттерин) өзгөртүшкөн жок”. (Ахзаб: 23).

Ушундай гана жол менен биз Аллахтын жеңишине шүгүр кылуу вазийпасын аткарабыз. Ушундай гана жол менен шейиттердин курмандыктарын эл аралык коомчулуктун босогосунда жок кылып жибербестен, сактап калабыз. Анткени биз Алла Тааланын ыраазылыгына Анын шариятын колдонуу менен гана жетебиз. Батыштын ыраазылыгына болсо, алардын акыйдасын жана мыйзамдарын ээрчүү менен гана жетебиз. Алла Таала айтат:

﴿وَلَن تَرْضَى عَنكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ قُلْ إِنَّ هُدَى اللهِ هُوَ الْهُدَى وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُم بَعْدَ الَّذِي جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ مَا لَكَ مِنَ اللهِ مِن وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ﴾

“Яхудий жана насранийлер, сен алардын динине ээрчимейинче эч качан сага ыраазы болушпайт. Айткын: “Аллахтын Жолу гана акыйкат жол!”. Ант болсун, эгер сага келген чыныгы билимден соң алардын көңүлдөрү каалаган нерсеге ээрчисең, Аллахтан сага дос да, жардамчы да болбойт”. (Бакара: 120).

{ إِنَّ فِی ذَ ٰ⁠لِكَ لَذِكۡرَىٰ لِمَن كَانَ لَهُۥ قَلۡبٌ أَوۡ أَلۡقَى ٱلسَّمۡعَ وَهُوَ شَهِیدࣱ }

«Албетте мында (билгич) жүрөк ээси болгон же өзү күбө болуп жаткан абалда (тактап айтканда, чын жүрөктөн) кулак салган киши үчүн эскертме-үлгүлөр бар». (Каф: 37).

Алхамду лиллахи Раббиль ааламин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here