Терең мамлекет (Үчүнчү күчтөр)

28
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо жооп

Терең мамлекет (Үчүнчү күчтөр)

Суроо: “Терең мамлекет”   деген термин саясатчылар арасында, маалымат каражаттарында кеңири жайыла баштады. Бирок бул сөздөрдү карай турган болсо, алар ар башка маани экени айкын болот. Бул терминге байланыштуу саясий фактыларды түшүнүү үчүн бул маселенин эң мүмкүн болгон маанисин  айрым мисалдар менен келтире аласызбы? Бул мисалдар боюнча менин өтүнүчүм сизди аткарып жаткан маанилүү ишиңизден алагды кылып жатса, кечирим сурайм. Рахмат.

Жооп: Ооба, “терең мамлекет” термини жөнүндө жарыяланган нерселерде айырма бар. Кээ бирөөлөр муну бийликте болбогон таасирдүү класстар (чөйрө) дегенди билдирет дешет. Ал Түркияда болуп жаткандай, азыркы режимге каршы тымызын иштейт… Айрымдары аны режимдеги көзөмөлдөөчү күч дешет, каалаган убакта өлкөнү башкарып, бир маселе жаралса, аны башка бирөөнүн мойнуна илип койуу үчүн бийликтен кетип, маселени өздөрүнө жүктөй ала турган башканы алып келип, кийин кайра бийликке келишет. Британияда болуп жаткандай. Кээ бирөөлөр муну Америкада Трамптын доорунда болуп жаткандай активдүү партиялардын ортосундагы чыр-чатакка мүнөздөшөт. Кээ бирлери аны өздөрүнүн башкаруудагы кемчиликтери жана мүчүлүштүктөрү үчүн улак катары пайдаланып, муну терең мамлекет (үчүнчү күчтөр) деп атаган нерсеге шылтоолошот. Кээ бирлери элди бир нерсе менен алаксыткысы келгенде ушул сөз менен ойноп, ушул сөздү же башка сөздөрдү колдонуп эскеришет. Алардын кээ бирлери колониялык державаларды колонияларындагы терең мамлекет деп эсептешет. Бул маселенин туура маанисин тактоо үчүн биз төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:

Биринчи: терең мамлекеттин кээ бир аныктамалары:

  1. Дүйнөдөгү эң байыркы сөздүктөрдүн бири болгон Webster’s Dictionary терең мамлекетти мындайча сүрөттөйт: “Өкмөттүн саясатына жана аткаруусуна таасир этүү үчүн мыйзамдан тышкары иштеген жеке, шайланбаган мамлекеттик кызматкерлердин жана кээде жеке жактардын жашыруун тармагы, чөйрөсү. Бул түзүм жана конституциянын көлөкөсүндө элди башкарган тереңирээк күч бар дегенди билдирет. Бул күчтүн өзүнүн планы бар болуп шайланган өкмөттүн чечимдерине доо кетириши мүмкүн.
  2. Википедияда мындай деп айтылат: (Түркиядагы терең мамлекет түрк тилинде мындайча белгилүү: “Дерин Девлет” — ички жана тышкы чалгын кызматтарынан, түрк армиясынан, коопсуздук органдарынан, сот бийлиги жана мафиянын ичиндеги жогорку даражалуу элементтерден турган Түркиянын саясий түзүлүшүндөгү таасирдүү антидемократиялык бирикмелердин тобу. Тарыхый жактан алганда, зордук-зомбулук жана башка мажбурлоо каражаттардын негизинде тымызын түрдө саясий жана экономикалык элитаны манипуляциялоо.  Саясий аренада “демократия урааны” алкагында белгилүү бир кызыкчылыктардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн колдонулат.
  3. “Терең мамлекет” термини менен эмнени айткысы келгенин изилдөө менен биз саясий системаны көзөмөлдөгөн мамлекеттик аппараттын ичинде же анын тышында жашыруун күчтүн болушун көрөбүз. Башкача айтканда, өзүнүн саясатын, пикирин, багыттарын мыйзамдуу түрдө шайланган саясатчыларга таңуулайт… Бул жашыруун күч –  аскердик, коопсуздук жана саясий күчтөр сыяктуу сезимтал борборлорго кирип, шайланган өкмөттөн көз карандысыз иштеген инсандардын уюшкан тармагы… Кээде бул жашыруун тармакка ишара кылыш үчүн ар кандай терминдер колдонулат… мисалы, “терең мамлекет”, “параллел абал”, “көмүскө күчтөр” же “мамлекет ичиндеги мамлекет”.
  4. Бийликте же шайлоодо жеңилген саясатчынын дагы бир башкача аныктамасы бар. Анын башкаруудагы же шайлоодогу ийгиликсиздигине шылтоо катары пайдаланат. Башкача айтканда, бул жаңылтуучу түшүнүк болуп, өлкөдө коррупция жана адилетсиздик кеңири жайылган учурда же чыккынчылык кылынган учурда акимдерди актоо үчүн колдонулат. Бул акимдин айла амалы, муну менен ал терең мамлекет деп атаган  (үчүнчү күчтөрдү) көмүскөдөгү адамдарды күнөөлөп, анын натыйжасында ал жооптуу болгон иштерден кутулуп эл аны  алмаштырылышы керек эмес деп түшүнүп калышат, ошону менен элди адаштырат.
  5. Колонизатор өлкөлөр колонияларынын системаларын көзөмөлдөп, бир акимди калтырып, экинчисин кетирип жаткандыктан, колонияларындагы терең мамлекет деген сөз бар.

Экинчи маселе: эң ыктымалдуу аныктама:

  1. Бул аныктамаларды изилдеп, аларда айтылгандарды пикирлөө менен, эң ыктымалдуу аныктама: бир өлкөдө терең мамлекет деген, мейли саясий же экономикалык күчтөр же ошол өлкөнүн калкынан чыккан таасирдүү аристократиялык үй-бүлөлөр болсун, ички же тышкы таасирдүү бир күчтүн бар экендигин билдирет. Ал расмий түрдө мамлекеттик аппаратта эмес, мамлекетке тымызын же жашыруун таасир этет. Ал каалаганын ишке ашыруу, же аны өзгөртүү үчүн расмий мамлекеттик органдарга эффективдүү жана таасирдүү кысым көрсөтөт.
  2. Ал эми акимдин өзүнөн коррупциялык айыпты алып салуу жана аны башка тарапка жабыш үчүн адамдарды адаштырып, аны терең мамлекет деп шылтаганына келсек, бийликтин начар иштегендиги жана коррупцияга баткандыгын алдоо катарында терең мамлекет деп айтуу бул аныктамага туура келбейт. Себеби, бул башка тараптын акимге  каршы эмес, акимдин өзү тарабынан жасалган алдамчылык.
  3. Ал эми колониялык мамлекеттерди терең мамлекет катары кароого келсек, бул да туура эмес, анткени колонизатор мамлекеттер өз колонияларын башкарып турган жат мамлекеттер жана алар өлкө калкынан башка, жашыруун, шайланган башкаруучу күчтөрдөн жашыруун иштеген күчтөр эмес.

Үчүнчүсү: Андан ары тактоо үчүн терең мамлекеттин кээ бир өлкөлөрдөгү көрүнүштөрүнүн мисалдары:

  1. Түркия.

А. “Терең мамлекет” термининин түпкү теги Түркиядан келген. Осмон дөөлөтүнүн аягында Батыш идеяларынын таасиринде калган Биримдик жана Прогресс партиясынын офицерлери 1909-жылы төңкөрүш жасап, Халифа II Абдул Хамидди бийликтен кулатып, анын бир тууганы Мехмед Решадды ыйгарым укуктары азыраак халифа кылып дайындашкан.

* Бул халифага караганда күчтүүрөөк класстын пайда болушунун башталышы болгон, анын аман калышына же кулашына ачык жана жашыруун эмес таасири болгон. Бирок алар халифатты жана исламий башкарууну кулатышкан жок. Алар чындыгында мамлекеттин ичиндеги мамлекет да, терең, жашыруун мамлекет да эмес. Алар мамлекеттин ичинде көрүнүп турат, бирок бийликте үстөмдүк кылышкан.

Б. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин англистерге берилген Мустафа Кемал өкмөттү колго алып, кийин Халифатты талкалап, шариятты кулатып, мыйзамдарын ишке ашыра алган. Республиканы жарыялап, аны светтик негизде куруп, бийликке каршы төңкөрүштөрүн Ислам өкүмүнө каршы ишке ашырды. Ал тургай, исламий көрүнүштөргө каршы, мисалы, түрк тилинин тамгаларын арабчадан латынчага алмаштырып  “алфавит революциясы” же “диний кийимдин” батыш кийимине алмаштырылышы жана башка нерселер. Ошентип, Исламдын бийликке кайтып келишине жана кайрадан халифатты тикелөөгө жол бербөө үчүн армия жана коопсуздук күчтөрү республиканы жана секуляризмди коргоо үчүн белгилүү стандарттарга ылайык түзүлдү. Армия өкмөттү көзөмөлдөгөн, Кемализмден кандайдыр бир четтөө байкалганда өкмөткө кийлигишкен, Британияга көз каранды болгон кубаттуу күчкө айланды. Кемалисттик режимдин зулуму жана Англиянын колдоосу бул режимге каршы “терең мамлекеттин” пайда болушуна тоскоол болду.

  1. Эрдоган Түркияда шайлоо үкөктөрүнүн жыйынтыгы менен жана Американын саясий, финансылык жана экономикалык колдоосу менен бийликке келгенде, ал англистерге баш ийген армия генералдардын, секуляризм сакчыларынын күчүн, алар мамлекеттин таянычы болуп саналаарын жана кааласа аны кулатып жибере аларын билген. Ошондуктан, ал демократиянын жана эркиндиктин баалуулуктарын жайылтып, аларды өзүнө каршы көтөрүлүшкө жол бербөө үчүн мыйзамдуулуктун күчү менен курчоого алды. Америка финансылык жана экономикалык тамыры аркылуу түрктөрдүн шилекейин агызып жатты. Эрдоган бул аскерийлерден коркуп, алардын көптүгү жана жылдар бою армияда тамырлашып кеткендиктен аларды кызматтан кетире алган эмес. Бирок ал тез эле түрк турмушунда жаңы вакыйды (жараянды) жаратты, анын негизги темасы “демократия” жана төңкөрүшкө бөгөт болгон “экономикалык ийгилик” болду.

Бул мезгил аралыгында Түркия мамлекеттик аппараттын ичинен, өзгөчө армиянын ичинен тымызын иш алып барган, шайланган премьер-министр Эрдогандын багыттарына каршылык көрсөтүп, каршы чыгып, бут тосууга аракет кылгандыгы “терең мамлекеттин” бар экендигинин так сүрөттөлүшү.

Алар үстүрт көз караштагыларга көрүнбөгөн тармак болчу, баары эле баш мыйзамга, мыйзамга берилген деп ойлогон. Бул түрк тармагы аскер, сот жана министрликтердин ичинде бекемделгенинен тышкары, мамлекеттен тышкаркы  оппозициянын өкүлү болгон секулярдык партиялар менен байланышта болгон. Ал Лондондогу борбор менен байланышып, анын адамдары тымызын жолугуп, кеңешип, Эрдоган режиминин маселелерин талкуулашчу, а түгүл 2016-жылы төңкөрүш жасоо чечими кабыл алынды бирок андан майнап чыккан жок. Андан кийин Эрдоган муну шылтоо катары колдонуп, аларды армиядан, алардын жолдоочуларын сот жана министрликтерден тазалоо иштери университеттин профессорлоруна чейин жетти. Ошентип Эрдоган түрк армиясынын ичиндеги британдар менен байланышы бар “терең мамлекетти” жок кылууга жетишти жана анын бар-жогуна чекит коюуга аз калды, бирок алардын дагы деле тарапкерлери бар. Алар мурдагыдан алсызыраак болсо да, режимдин алдында “терең мамлекет” сыпаттамасын жандантуу аракетинде.

  1. Америка Кошмо Штаттары.

А. Америкада бийлик эки реалдуу деңгээлге бөлүнөт: Биринчи деңгээл бул президентти жана бул өкүлдөрдү шайлаган элдин эркине жетүү үчүн иштеген элдик легитимдүүлүктүн (башкача айтканда шайланган мыйзамдуу бийлик) өкүлү катары көрүнөт. Мамлекеттин сырткы көрүнүшү – бул “демократиялык” көрүнүш. Бирок бул биринчи мыйзамдуу деңгээл экинчи деңгээл каалагандан башка өлкөнүн саясатын жетектей албайт. Бул ички, көрүнбөгөн жана тандалбаган деңгээл. Башкача айтканда, “демократиялык” система боюнча мыйзамсыз. Муну алар “терең мамлекет” деп аташат. Бул деңгээлдеги инсандар, башкача айтканда, терең мамлекеттин өкүлдөрү мамлекеттик органдарда сезимтал кызматтарды ээлеген адамдар. Алар башкарган аппараттар алар аркылуу гана биринчи даражадагы багыттар боюнча жүрө алат, анткени алардын борборлору сезимтал. Америкадагы бул адамдар же ири капиталисттер же алардын өкүлдөрү. Американын ири капиталисттери мамлекеттик органдарда жогорку кызмат адамдарынын өз кызыкчылыктарын коргошуна кызыкдар болгондуктан, алар өздөрүнүн кызыкчылыктарына жетүү үчүн бул кызматкерлер менен дайыма байланышта болушат. Мисалы, каржы компаниялары салык кызматынын кызматкерлеринин чөйрөсүнө ээ болууну каалашат. Курал-жарак компаниялары Пентагондо жана Мамлекеттик департаменттин аскердик контракт департаменттеринин чөйрөсүнө ээ болууну каалашат. Фармацевтикалык компаниялар Саламаттыкты сактоо министрлигинде жана мамлекеттик камсыздандыруу бөлүмдөрүнүн чөйрөсүнө ээ болууну каалайт. Ошентип, көптөгөн убакыттын ичинде чоң корпорациялар Америкада мамлекетти сезимтал кызматтардагы бул кызматкерлер аркылуу жана басым лоббилери аркылуу эффективдүү башкарууга жетишкен.

Б.  Бул Америкадагы саясий системанын чындыгы. Ошого жараша ири капиталисттер жана чоң корпорациялар Америкадагы терең мамлекеттин өзөгү жана тирүү тамыры. Бул мамлекеттин саясий багыттарынын артында турган жашыруун, тымызын  күч – бул сезимтал кызматтарда иштеген кызматкерлерди ошол компаниялардын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, мамлекеттин багыттарына каршы турууга түрткү берет. Бул сыпат мамлекеттик аппараттын сыртында да, ичинде да жайгашкан жана каржы, бизнес, өнөр жай тармактарында активдүү. Бирок анын ишмердүүлүгү Америкадагы мамлекеттик аппараттын ичинде ачык көрүнүп турат.

В. Дональд Трамп 2016-жылы президент болуп келгенде, ал жогорку мамлекеттик кызматкерлердин жана ар кандай агенттиктердин, өзгөчө коопсуздук агенттиктеринин нааразычылыгына туш болгон. Ал алардын өзүнүн саясатына каршылыгын сезди, андан кийин бул козголоң сыяктуу Америкадагы штаттын ичиндеги катуу каршылыкка айланды. Ал тууралуу коопсуздук жана чалгын кызматтары тарабынан ыңгайсыз маалыматтар чыгып кеткен учурлар көп болгон… Андан кийин ага каршы көптөгөн иштер козголду, алардын эң белгилүүсү шайлоодо Орусиянын аны колдогону болду. АКШнын Юстиция министрлиги анын ашкере душманына айланганга чейин Конгрессте тергөө жана импичмент жарыялоо аракеттери башталган. Ага  каршылык мамлекеттин ичинде гана болгон жок. Корона вакцинасын тапкан фармацевтикалык компаниялар Байдендин шайлоодогу жеңиши 2020-жылдын аягында жарыяланганга чейин бул ачылыштарды жарыялоодон карманышты. Башкача айтканда, Трамптын бул ачылыштардан шайлоодон пайда көрүшүнө жол бербөө үчүн. Анан мына ушул тымызын, ага каршы иштеген уюшкан күч менен азап чеккен, президент шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санап, аны тааныбай, көз боёмочулук катары баалап, жеңиш андан уурдалып кеткенин айтып чыкты. Ал өзүнүн душмандарынын катарына өкмөттүн шайлоо комиссиясын да кошту. Президенттиктен кеткенден кийин, Трамп 2023-жылы Техастагы өзүнүн тарапкерлеринин алдында мындай деди: “Же терең мамлекет Американы жок кылат, же биз терең мамлекетти жок кылабыз”. Биринчи Трамп башкаруусу учурундагы Американын бул чындыгын жана Америкада шайланган президентке өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тоскоол болгон жашыруун күчтүн сүрөттөлүшүн карап чыгуу менен, биз бул сүрөттөмө Американын башкаруу системасынын акыйкатынын сүрөттөлүшү экенин көрөбүз.

Г. 2023-жылдын 21-мартында Трамп видероликте 10 пункттан турган планды жарыялап, видеодо мындай деди: “Ушундай жол менен мен терең мамлекетти жок кылам жана өкмөттү элдин көзөмөлүндө жана эл үчүн калыбына келтирем”. (Daily Mail Британия, 21-март, 2023-жыл).

Бул Америкадагы саясий системанын чындыгы, ошого жараша ири капиталисттер жана чоң корпорациялар Америкадагы терең мамлекеттин өзөгү жана тирүү тамыры. Бул мамлекеттин саясий багыттарынын артында турган жашыруун, тымызын  күч – бул сезимтал кызматтарда иштеген кызматкерлерди ошол компаниялардын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, мамлекеттин багыттарына каршы турууга түрткү берет. Бул сыпаттама ал мамлекеттик аппараттын сыртында да, ичинде да жайгашкан жана каржы, бизнес, өнөр жай тармактарында активдүү. Бирок анын ишмердүүлүгү Америкадагы мамлекеттик аппараттын ичинде ачык көрүнүп турат.

  1. Британия. Британияга келсек, ал жерде башкаруучу системаны консерваторлор көрсөткөндүктөн, ал терең мамлекетке ээ. Алар Британиянын аристократиялык үй-бүлөлөрү жана анын бай элитасы. Алар Британиянын чыныгы башкаруучулары, бирок алардын жарыяланган тенденциялары кээде өлкөнү кризистерге алып келет. Башкача айтканда, кээде мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирет, ошондуктан Консервативдик партия тыныгуу алып, өлкөнү лейбористтик партия башкарат. Эмгек партиясынын миссиясы кризистерди чечүү жана мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүүнү токтотуу болуп саналат, анда ал бийликтен кетет. Жакында биз күбө болгон нерсе, консервативдик партиянын талкаланган жеңилүүсү жана лейбористтик партиянын ишенимдүү жеңиши – консерваторлордун иши болуп эсептелет. Brexitтен кийин Британия оор экономикалык кризисти башынан кечирүүдө. Тескерисинче, анын Евробиримдиктен чыгышы Британиянын Европа боюнча референдумундагы туура эмес эсептөөлөрүнүн натыйжасы болду. Консерваторлор бул кризисти жаратып келгендиктен, азыр Лейбористтик партия аны чечүүгө милдеттүү. Британиядагы терең мамлекет илгерки бай манап үй-бүлөлөр. Алар ар дайым Британиянын башкаруучулары. Эгерде алар бийликтен четтеп кетип, Лейбористтик партияны алып келишсе, бул консерваторлор тарабынан келип чыккан кризисти чечет жана Британиядагы “терең мамлекет” өкмөттү оңой жана жылмакай көзөмөлдөйт. Башкача айтканда, Британиянын тектүү үй-бүлөлөрү жана бай адамдары бийликтин булагы жана анын камкорчулары, мейли алар бийликти өздөрү колдонушабы же аны ишке ашыруу үчүн башка тарапты “жалдашабы” айырмасы жок алар бийлик жүргүзүшөт. Бул көзөмөл ушунчалык жеңил жана жылмакай уланышы үчүн, Британиядагы “натыйжалуу башкаруунун булагы” жана анын “тирүү тамыры” өзгөрүүнү четке кагып, эскиликти жана өткөндөгү текеберчиликти көтөргөн баалуулуктарды жайылтат. Улуу Британияда королдук үй-бүлөгө, анын жаңылыктарына, окуяларына, ханзаадалардын туулган күндөрүнө жана жашоо-турмушуна болгон элдин катуу кызыгуусу да бул нерсени айгинелеп турат!

Корутунду:

Терең мамлекет – учурдагы бийликтин ичиндеги таасирдүү күч жана өлкөнүн ичиндеги жана анын сыртындагы адамдардан турган чөйрө. Ошол өлкөнүн башкаруучу табына каршы аны өзгөртүү же алсыздандыруу үчүн тымызын же жашыруун ишмердик алып барат. Бирок, эгерде бул түйүн ошол өлкөнүн элинен эмес, тескерисинче, чет өлкөлүк күч болсо, мисалы, ага каршы иштеген колонизатор мамлекет же ага каршы душман мамлекет болсо. Бул күчтөр терең мамлекет деп эсептелбейт, тескерисинче, алардын талкуусу колониализм, согуш жана агрессия категориясына кирет.

Ошондой эле, эгерде бул түйүн бийлик табы тарабынан  мамлекетке каршы иштерди жана анын пландарын сыпаттоо үчүн даярдалган болсо, башкача айтканда акимдин бузукулугу жана жөндөмсүздүгүн элди алдоо үчүн айыпты акимден оодарып, аны өзүнүн ойдон чыгарылган бир тармагына өткөрүп берүү үчүн колдонулса, анда бул терең мамлекет деп эсептелбейт. Кыскасы, терең мамлекет – өлкөдөгү режимге каршы аракеттенип, аны өзгөртүү же алсыздандыруу үчүн ошол өлкөнүн ичиндеги же сыртындагы  адамдардан турган чөйрө.  Бул жагынан алганда, ал адамдар тарабынан чыгарылган мыйзамдар менен башкарылган өлкөлөрдө гана бар. Ичинде же сыртында алар каалаган эреженин түрү боюнча айырмаланган чөйрөлөрдүн ​​болушу мүмкүн болсо, алардын ортосунда талап кылынган эреженин түрүнө байланыштуу конфликт пайда болот.

Ал эми өкүм ааламдардын Раббисинин мыйзамына негизделсе, мусулмандар өлкөнүн ичинде болобу, сыртында болобу айырмасы жок алардын арасында Ислам өкүмдөрүнөн башка, башка өкүмдөр менен өзгөртүүгө аракет кылган терең мамлекет болбойт. Өлкө  ичиндеги же тышындагы мусулмандар сырткы колонизатор же баскынчы күч тарабынан айдакталса, анда биз жогоруда айкандай терең мамлекет эмес. Ошондуктан, Пакистанда, Бангладеште же Египетте болуп өткөн же болуп жаткан кээ бир мусулман өлкөлөрүндөгү өзгөрүүлөр же төңкөрүштөрдө байкалып жаткан нерселерди терең мамлекет деп айтууга болбойт, анткени колонизаторлук ага малай мамлекеттердеги окуяларга түрткү берет.

Ал эми мусулман өлкөлөрүндө адамдар тарабынан чыгарлыган мыйзамга каршы иш алып барган  бир кыймыл болсо жана бул кыймыл мусулман өлкөлөрүндөгү илманий башкарууну Ислам өкүмүнө Халифалыкка өзгөртүү үчүн иштеп жатса, бул кыймыл терең мамлекет деп аталбайт, тескерисинче, Аллах Таала жана Анын Элчиси саллаллаху алейхи уа салламга нусрат кылган  адамдар деп аталат.

Ислам жана мусулмандар даңкталып, куфр менен каапырлар кор болушу үчүн Алла Тааладан дагы бир жолу рошид Халифалыкты тикелөө үчүн жардам жана ийгилик тилейбиз.

﴿وَعَدَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْقَبْلِهِمْ﴾

Аллах силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандарга, алардан мурункуларды халифа кылганы сыяктуу, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды.

1446-х, 6-зул каада.

2025-ж, 5–май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here