9-май биздин майрам эмес

29
0

    بسم الله الرحمن الرحيم

 9-май биздин майрам эмес

9-май жөнүндөгү пикирибизди айтуудан мурун оболу тарыхты бир эске алалы. Падышалык Россиянын Борбор Азияны басып алышы:

Падышалык Россия 1853-жылдан тартып Кокон хандыгынын аймагына чабуул уюштурууга киришти.

1859-жылы падыша Александр II кеңеште Түркстан өлкөсүн басып алуу зарылдыгын баса белгиледи жана өзүнүн берилген малайларына бир катар көрсөтмөлөрдү берди, алардын катарында, каршылык көрсөткөн шаар жана калаалардын калкын кыргын кылууну буйруду.

1860-жылы 29-августта полковник Циммерман жетектеген падышанын кошууну Пишпекке (азыркы Бишкекке) чабуул жасап 4-сентябрда басып алды. Калаанын күлү көккө сапырылып, тирүү калган коргоочулар өлтүрүлдү.

1861-жылы 28-июнь күнү Петербургда падышанын катышуусунда өткөрүлгөн жыйында Кокон хандыгын басып алууну жыйынтыктоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

1865-жылы 9-майда Ташкен шаарын ээлөө үчүн жапырт чабуул башталды. 17-июнда ташкендиктер моюн сунушту.

1868-жылы 13-февралда Кокон ханы Кудаяр Россия империясынын өкүлү фон Кауфман менен келишим түздү. Келишимде Кокон хандыгы мындан кийин Россия империясынын вассалы болору айтылды жана мамлекет эгемендигин жоготту.

1873-жылы жазында орус кошууну Хива хандыгына каршы согуштук аракеттерди баштады.18-майда Кауфман кошууну Амударыядан кечип өтүп, 23-майда Хазараспты басып алды. Бир нече күн ичинде Коңгурат, Кожайлы жана Маңгыт сыяктуу шаарларды басып алды. Хива ханы согушуунун ордуна чөлгө жашынды. 29-майда Хива орустарга баш ийди.

1875-жылы 22-августта Кудаярдын уулу Насриддин Маргыланда Кауфман менен келишим түздү. Келишимге ылайык, Сырдарыянын оң жээгиндеги аймактар, Наманган жана Чуст шаарлары Россия империясынын курамына кирди, хандык 2 млн рубль компенсация төлөшү шарт кылынды жана башка…

Андан кийин 1917-жылы Россияда коммунисттер бийликти ээлеген соң, 1937-38-жылдарга чейин Борбор Азиядагы калктарды улуу каармандарынан, аң-сезимдүү жетекчилеринен, аалымдарынан, жада калса ыйманын ашкере айта алган катардагы адамдардан да тазалоо иштерин жырткычтык менен алып барышты. Коммунисттер аларды “эл душманы”, “басмачылар” деп каралоо менен бирге бул жалган-жалааларына баёо калкты ишендирүү үчүн түндөсү “басмачы” болуп алышып, элдин мал-мүлкүн талап-тоноо, аялдардын абийирине тийиштик кылуу, кыздарды уурдоо сыяктуу ыплас иштерди кылышып, бул иштерди элибиздин эр жүрөк каармандары жасашты деп шылтоолошту. Андан кийин алар эртеси “кызылдар” болуп алышып, элге жардам колун сунушуп, жашоо шарттарын оңдоого жардам беришкен. Коммунисттер ушул сыяктуу жырткыч иштери, айла-амалдары менен өздөрүнүн чыныгын жүзүн жашырып, өздөрүн жүрөгүндө кири жок, даанышман, мазлумдарга жардам берген инсандар катары көрсөтүштү.

Алар бул иштердин чындыгын түшүнгөндөрдү жок кылып турушкан. “Орус биздин агабыз”, “орустарда ыйман жок, бирок ынсап бар”, “орустар чынчыл болот”, “жетекчиликти, техниканы орустарга берели, биз кетменибизден калбайлы” деген сыяктуу ураандар негизинде Борбор Азиядагы калктарды Россияга кулдук кылган рухтагы үгүттөр жайылды.

Ошол кезде Экинчи дүйнөлүк согуш башталды. Тарыхы унуттурулган, “Россия кожоюнубуз” деп сиңдирилген коомубузда да немис фашисттеринен коргонуу үчүн ата-бабаларыбызды кыргын кылган, байлыктарыбызды ээлеп алган экинчи бир жырткычка жардам берүү үгүтү күчөдү, курал көтөрө алган бардык эркектер согушка сапарбар кылынды, согуштан качкандар күч менен коркутулду, өлкөдө калып кеткендердин да негизги иши армияны камсыздоо болуп, үй-бүлөнү, балдардын тарбиясын эч ким ойлобой калды.

Бирок коммунисттер да орус падышасы сыяктуу бизге кулдардай караган, орустар артта болуп, фронттун алдында, кооптуу жайларда Борбор Азия калктары турган. Ошондуктан миллиондогон мекендештерибиз, ата-бабаларыбыз согуштан кайтып келишпеди…

Согуш бүткөндөн кийин да орусташтыруу, калктарга кулдардай мамиле кылуу саясаты уланды. Согуштагы ата-бабаларыбыздын эрдиги, энелерибиздин өздөрү жешпесе да аларды азык-түлүк менен камсыздаганы да кулдарга мамиледей каралды. Кыргызстан Евразия бажы биримдигине мүчө экендигине карабастан, жакында эле Россия бийлигинин кыргызстандык мекендештерибизге кылган мамилеси буга жаркын далил.

9-май күнүн түшүндүрүү үчүн бир мисал келтиремин. Бир зөөкүр, арамза жырткыч канкор, бейкүнөө мусулман эр азаматты өлтүрүп, аялын, балдарын, байлыктарын, мал-мүлкүн ээлеп алганын көрүп башка бир жырткыч андан мал-мүлк, таасир талашып калса, жетим калган балдар атасын өлтүргөн тарапка жардам берип, атасын өлтүргөн тараптын жеңип чыкканын майрамдоосун кандай түшүнөсүз?!

Муну туура аңдоо үчүн бизге жүргүзүлгөн саясатты бир аз түшүнүшүбүз керек. Мурун интернет жок, мамлекетке көз каранды газета-журналдар, радио-телевидениялар аркылуу гана кабарлар таратылган. Окуу жайлары, алардын программалары да куфр саясатына көз каранды. Маалымат каражаттары өз атасын “басмачы”, “эл душманы” деп сиңдирип, канкорду болсо куткаруучу, элге кам көргөн, мазлумдарга жардам берген, гений инсан деп кайра-кайра сайраса, душмандын майрамын да белгилөө табигый көрүнүшкө айланып калат. Пикирлөө жоголуп, ээрчимелик күчөгөн убакта ар бир иш ээрчүү менен болуп калат, жада калса жетекчилер да өнүккөн мамлекеттерди ээрчишин жашырбайт.

21-кылым – интернет доору, чындыкты издеген инсан оңой таба алган доор. Эми дос-душманды жакшылап таанууга мүмкүнчүлүктөр көбөйүп турганда ээрчимелик кылып, душмандарды эрчүү абдан шерменделик болуп эсептелет. Мурункулардын 9-майды майрамдаганына бирер үзүр-шылтоону көрсөтүүгө болот, бирок азыркы инсандарга эч кандай үзүр-шылтоо жок.

Ушул сымал “конституция күнү” да – куфр кул кылууну курал-жарак менен эмес, саясат менен башкарууга өткөн күн. Анткени, конституцияны колониализмди бекемдеген негиздерде гана даярдалган. Маселен, конституциянын негизи болгон “динди мамлекеттен бөлүү” да куфрдун негизги талабы болуп, биздегилер аларды сокурларча ээрчип жатышат. Себеби алардын христиан дини коомду башкарууда залим, диктатор өкүмдарларды куурчагы болгондугунан улам өкүмдарлардын калкка кылган зулумдарын актап, эркин пикирлегендерге каршы күрөшкөн. Адамдар алардан арылуунун чарасы катары дин жашоодон бөлүнүшү керек деген жыйынтыкка келишкен. Биздечи?! Дин бардык жетикшкендиктердин, ийлигиклертидин негизи болгон, дүйнө моюндаган белгилүү аалымдарды дин тарбиялаган. Дин жашоонун бардык тармагын өнүктүргөн. Эмне үчүн динди жашоого, мамлекетке аралаштыруу мүмкүн эмес деген пикир конституциянын негизи болду?!

Эгемендик майрамы да куфрдун “бөлүп жарып, өкүмдарлык кыл” деген эрежесинин негизинде бөлүнгөн өлкөлөрдүн кайра биригип кетишин алдын алуу үчүн түзүлгөн колонизаторлук план болуп эсептелет.

Даъватчыларды “басмачылардай” көрүү, хижаб, сакалдан коркуу, динди үйрөнүүгө каршылык кылуу сыяктуу калкка каршы үгүттөр, зулум саясат да келечегибизди өнүктүрбөстөн кыйратууга багытталган куфр саясаты болуп саналат. Бирок, эми алардын айла-амалдарына, жалгандарына эл ишенбейт. Алар элди маңкурт кылууга мүмкүнчүлүк таппай калышты, чындыктар ашкере болууда. Ким дос, ким душман экени баарына маалым, куфрга жардам берип, колонизатор тарапта болгондорго эч кандай үзүр калбады.

Биздин ийгилик-нажат жолубуз – Ислам. Аны жакшы үйрөнөлү, ар бир иште шариатты өлчөө кылалы, ошондо Расулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) дайындагандай, таптакыр адашпайбыз. Имам Малик риваят кылган хадисте Расулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) коштошуу ажылыгында минтип дайындаган:

تركتُ فيكم أَمْرَيْنِ لن تَضِلُّوا ما تَمَسَّكْتُمْ بهما : كتابَ اللهِ وسُنَّةَ نبيِّهِ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ

“Силерге эки нерсени калтырып жатамын, эгер бекем кармасаңар эч качан адашпайсыңар: Аллахтын Китеби жана Пайгамбары соллалоху алайхи ва салламдын Суннаты.

Ислам Рамазан айтын, Курман айт күндөрүн жана ар аптада жума күнүн майрам кылып белгилеген. Анас ибн Малик (р.а.) риваят кылат:

قدِمَ رسولُ اللَّهِ صلَّى اللَّهُ عليهِ وسلَّمَ المدينةَ ولَهم يومانِ يلعَبونَ فيهما فقالَ ما هذانِ اليومانِ قالوا كُنَّا نلعبُ فيهما في الجاهليَّةِ فقالَ رسولُ اللَّهِ صلَّى اللَّهُ عليهِ وسلَّمَ إنَ اللَّهَ قد أبدلَكم بِهِما خيرًا مِنهما يومَ الأضحى ويومَ الفطرِ

“Расулуллах соллалоху алайхи ва саллам Мадинага келгенде адамдар эки күндү майрамдап, ойношот эле. Бул эки күн кандай күн?” – деп Расулуллах сурады. “Биз жахилиятта ал күндөрү оюн-күлкү кылат элек” – деп жооп беришти. Расулуллах соллалоху алайхи ва саллам: “Албетте Аллах ал эки күндү андан жакшыраак күнгө өзгөрттү, Курман күнү жана Фитр күнү” – деди”. (Абу Давуд риваяты).

Абу Мастур ибн Мухаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here