Кыргызстандагы орус агенттеринин кармалышы: Жалданмачылыкпы же төңкөрүш аракетиби?

23
0

Кыргызстандагы орус агенттеринин кармалышы: Жалданмачылыкпы же төңкөрүш аракетиби?

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 17-апрелде Ош шаарында төрт адамды “жалданмачылык” беренеси негизинде кармады. Аларга “кыргызстандыктарды Украинадагы согушка азгырышкан” деген айып коюлган. Кармалгандар “Россотрудничество” каржылаган “Орус үйү” уюмунун кызматкери Наталья Секерина, Ош шаарындагы мэриянын маалымат бөлүмүнүн адиси Сергей Лапушкин, Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери жана Орусиялык жаран Виктор Васильев экени маалым болду.

Окуянын артынан эле орус маалымат каражаттарында кыргыз бийлигин айыптаган бир катар билдирүүлөр чыкты. Маселен, “Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Наталья Секеринаны бошотуп алаарын айтып, мындай деди: “Бул чагым. Натальяны чыгарып алабыз. Биз өзүбүздүкүлөрдү таштабайбыз. Жыйынтык чыкты: ал натыйжалуу жана жагымсыз болот”. Секерина бул уюмда 2024-жылдын июль айынан бери эле иштеп келаткан. Ал эми, дагы бир айыпталуучу Васильев бир катар телеграмм каналдарын түзүп, алар аркылуу Россиянын пропагандалык маалыматтарын таркатып келген. Ал эки апта мурдагы маегинде жарым жылдан бери Африкада жашап жатканын билдирген. Васильев “Вагнер” аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожиндин өлүмүнөн кийин Африкадагы Буркина-Фасо мамлекетинде Орусиянын таасирин арттыруу өнөктүгүн жүргүзүп келген. Анын телеграмм жана социалдык тармактагы каналдары Кыргызстанда да активдүү иш алып барат. “Регнум” маалымат агенттигинин башкы редактору Марина Ахмедова Телеграмга Васильев алардын Африка жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперти экенин билдирди.

Ал эми, 25-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусунун артынан Секерина менен дагы бир айыпталуучу үй камагына чыгарылды. Бул болсо кыргыз бийлигинин Орусия алдында чөгөлөөгө карай кадам таштаганын билдирет.

Коош, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамиленин чыңалуусуна эмне себеп болду? Төмөндө окуянын келип чыгуу себептерине токтолобуз.

Алгач, Орусиянын үстөмдүгү Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда союз таркагандан кийин да сакталып келгенин эске алуу керек. Ал ар дайым өлкөдөгү бийликке каршы калктын нааразылыгын малай акимдерди алмаштыруу аркылуу басып келген. Маселен, 2005-жылдагы төңкөрүштө Акаевди Бакиевге алмаштырды. Кийин Бакиев Америка менен мамиле түзүп баштаганда 2010-жылы Атамбаевдин командасына өзгөрттү. Андан соң Атамбаевдин терсаяктыгынан кутулуп, толук моюн суна турган Жээнбековду президенттикке алып келди. Бул мезгилдин аралыгында Орусия ар дайым өзүнө адат кылып алган басым өткөрүүчү катуу кол саясатын жүргүздү. Ал эми, 2020-жылдагы шайлоолордун артынан башталган көтөрүлүштө абактагы Жапаровду өзүнө кадр кылып тандоого мажбур болду. 2022-жылы Украинадагы согуштун башталышы болсо Орусияны Борбор Азияны өзүнүн таасир чөйрөсүндө кармап туруу үчүн саясатын жумшартууга аргасыз кылды. Мындан улам, кыргыз бийлиги Кытай менен кызматташтыкты күчөтүп, Батыш үчүн айрым эшиктерди ачып жиберди. Муну Кытай менен стратегиялык келишимдин түзүлүшү, өлкөдөгү маанилүү ресурстардын баарын Кытай компанияларына тапшыруусу жана эки өлкө ортосундагы соода алмашуунун арыштап өсүүсү айгинелеп турат. Ошондой эле, ондогон жылдар бою Орусия тоскоолдук кылып келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору 2024-жылдын 27-декабрында расмий башталды.

Буга кошумча кыргыз бийлиги Евро Биримдик менен 2024-жылдын 25-июнунда “Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” стратегиялык келишимге кол койду. Анын алкагында эки тараптуу бир катар келишимдерге кол коюлуп, Европанын өлкөдө таасирин кеңейтүүсүнө эшик ачылды. Муну менен катар Өзбекстандын Самарканд шаарында 3-апрелде өткөн Евробиримдик–Борбор Азия саммитинде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен “Аалам каалгасы” долбоорунун алкагында Борбор Азияга багытталган 12 миллиард евролук инвестициялык пакетти жарыялады. Бул инвестициялар негизинен аймактагы баалуу металлдарды өндүрүп, ташып кетүүгө багытталган. Кыргыз өкмөтү муну менен эле чектелбей, өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин апрель айындагы Вашингтонго жасаган сапарынын алкагында, сейрек кездешүүчү кендерди казып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Ошондой эле, Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу долбоору талкууланды.

Булардын баары Кремлди тынчсыздандырып, өзүнүн эгин зары катары эсептеген аймакка карата саясатын өзгөртүүсүнө түрткү берди. Айрыкча, Трамптын бийликке келишинин артынан Орусиянын эл аралык майдандагы позициясы убактылуу болсо да бекемделип, Борбор Азияга көңүл бурууга шарт жаралды. Мунун белгилери алгач Орусиядагы мигранттарга каршы мыйзамдарды катаалдатууда көрүнө баштаган. Андан соң Орусиянын күч түзүмдөрү кыргыз мигранттарын мончодо ур-токмокко алуусу калк арасында катуу нааразылыкты пайда калды. Бул окуялар менен катар Кыргызстан бийлиги өлкөдө төңкөрүш жасоо аракети үчүн бир нече жолу шектүүлөрдү  камакка алды. Анын артынан болсо Орусия агенттери камакка алынып, айрымдары үй камагына чыгарылды.

Жогорудагылардан маалым болгондой, кыргыз бийлигинин орус тектүү кыргыз жана орус жарандарын камакка алуусун Орусияга тиш кайроо эмес, өз тактысын сактап калуу аракети катары кароо керек. Ал эми, кармалган адамдарга “Украинадагы согушка Кыргызстандан адамдарды жалдаган” деген айыптын коюлушу калкты адаштыруу үчүн ойлоп табылган. Анткени, буга чейин Украинадагы согушка 360 кыргызстандык катышып, 38и курман болгону айтылган. Бирок, бул окуялар Орусия менен эч кандай келишпестикке себеп болгон эмес. Демек, мындан ары Орусиянан өлкө бийлигине карата басымы дагы да күчөшүнүн ыктымалы чоң. Бул басымга туруштук берүү үчүн болсо кыргыз режими башка колонизатордун койнуна кирүүсүнө туура келет. Эгер Америкага таяна турган болсо, Трамптын саясаты белгилүү. Анын соодагер табияты Кыргызстандын чоң эмес ресурсу үчүн Орусия менен келишпестикке барууга ыраазы болбойт. Ал материалдык кызыкчылыкка жетүү үчүн малай акимдерди курмандыкка чалуудан эч айбыкпайт.

Ал эми, Европага таянуу мүмкүнчүлүгүн карай турган болсок, Европанын алсыз позициясы Украина маселесинде ачык-айкын болду. Европа Орусия менен болгон тиреште Америкасыз бизге окшогон үчүнчү дүйнө өлкөлөрү бул жакта турсун, Украина сыяктуу коңшуларын коргой албашын көрсөттү.

Кытайга келсек, ал ар дайым экономикалык кызыкчылыкты алдыга коет. Ошондой эле, жылма саясаты менен ээлик кылган мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырагысы келбейт. Айрыкча, Кытайга таянуу Шинжаңдын тарыхы көрсөткөндөй, бүтүндөй калкты кытайлаштырууга алып келет. Учурда ал жердеги боордошторубузга жасалып жаткан адам чыдагыс зулумдуктар баарыбызга белгилүү.

Ушундай болгон соң, эй кыргыз бийлиги! Силер мусулмандарга, Исламга жана Аллага таянгыла. Каапыр колонизаторлорду ыраазы кылуу үчүн кабыл алып жаткан Исламга каршы мыйзамдар аларды эч качан канааттандырбайт. Андыктан, Аллага таянуу менен эки дүйнө бактылуулугуна жетишкиле! Аллах Таала айтат:

 وَعَلَى ٱللَّهِ فَتَوَكَّلُوۤا۟ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِینَ

“Эгер момун болсоңор, Жалгыз Аллага гана таянгыла!” (5:23).

Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here