Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
“Лаа илааха иллаллах”тын салмагы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ أَبِي عَبْدِ الرَّحْمَنِ الْحُبُلِيِّ قَالَ سَمِعْتُ عَبْدَ اللَّهِ بْنَ عَمْرٍو يَقُولُ قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُصَاحُ بِرَجُلٍ مِنْ أُمَّتِي يَوْمَ الْقِيَامَةِ عَلَى رُءُوسِ الْخَلَائِقِ فَيُنْشَرُ لَهُ تِسْعَةٌ وَتِسْعُونَ سِجِلًّا كُلُّ سِجِلٍّ مَدَّ الْبَصَرِ ثُمَّ يَقُولُ اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ هَلْ تُنْكِرُ مِنْ هَذَا شَيْئًا فَيَقُولُ لَا يَا رَبِّ فَيَقُولُ أَظَلَمَتْكَ كَتَبَتِي الْحَافِظُونَ ثُمَّ يَقُولُ أَلَكَ عَنْ ذَلِكَ حَسَنَةٌ فَيُهَابُ الرَّجُلُ فَيَقُولُ لَا فَيَقُولُ بَلَى إِنَّ لَكَ عِنْدَنَا حَسَنَاتٍ وَإِنَّهُ لَا ظُلْمَ عَلَيْكَ الْيَوْمَ فَتُخْرَجُ لَهُ بِطَاقَةٌ فِيهَا أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ قَالَ فَيَقُولُ يَا رَبِّ مَا هَذِهِ الْبِطَاقَةُ مَعَ هَذِهِ السِّجِلَّاتِ فَيَقُولُ إِنَّكَ لَا تُظْلَمُ فَتُوضَعُ السِّجِلَّاتُ فِي كِفَّةٍ وَالْبِطَاقَةُ فِي كِفَّةٍ فَطَاشَتْ السِّجِلَّاتُ وَثَقُلَتْ الْبِطَاقَةُ ” أَخْرَجَهُ اِبْنُ مَاجَهْ وَابْنُ حِبَّانَ فِي صَحِيحِهِ وَالْحَاكِمُ وَالْبَيْهَقِيُّ, وَقَالَ الْحَاكِمُ : صَحِيحٌ عَلَى شَرْطِ مُسْلِمٍ
Абу Абдур-Рахман аль-Хубулий риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Менин үммөтүмдөн бир адам Кыямат күнү бардык жаратылгандардын алдында аты угузулат жана ал үчүн токсон тогуз түрмөк жайылып, ар бир түрмөк көз кыйыры жеткенче созулган болот. Ошондо Аллах Таала айтат: “сен булардын кайсы бирин жокко чыгара аласыңбы?». Ал айтат: “Жок, Раббим”. Ошондо Аллах айтат: “Менин катчыларым, сакчыларым (күнөө жана сооп иштерди жаза турган периштелер) ага зулумдук кылыштыбы. Сен үчүн бул түрмөктөрдө жакшы амалың барбы?”,- дейт. Ал киши коркуп: “Жок” дейт. Аллах айтат: “Ооба, чындыгында, сенин Бизде жакшы амалдарың бар жана бүгүн сага зулумдук болбойт”. Андан кийин ага “Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берем” деп жазылган алкандай түрмөк чыгарылат. Ал айтат: “Оо, Раббим, бул түрмөктөр менен алкандай жазуу кантип тең болот? Анан Аллах: “Сага зулум кылынбайт”, – дейт. Андан кийин түрмөк түрмөк жазуулар таразанын бир жагына, ал эми алакандай түрмөк экинчи жагына коюлат. Андан кийин түрмөк түрмөк жазуулар учуп кетет жана алкандай түрмөк оор болуп калат”. (Ибн Маажа, Ибн Хиббан өзүнүн “Сахихинде”, Аль-Хаким жана Байхакий китептеринде риваят кылган. Хаким Муслимдин шарты боюнча сахих экенин айткан).
Сунан Ибн Маажанын шархында Ас-Синдий мындай деген: “Анын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтан башка кудай жок экендигине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк берем” деген сөзү. Хаким Ат-Тирмизиде айтты: “Бул тавхид күбөлүгү эмес, анткени бир нерсенин бир жагына анын карама-каршысын экинчи жагына коюу тараза табияты болгондуктан, жакшы амалдар бир тарапка, жамандыктар экинчи тарапка коюлат. Бул мүмкүн нерсе. Анткени пенде экөөнү (Лаа илааха иллалоох Мухаммад расулуллохту) тең бириктире алат жана куфрду да, ыйманды да чогуу келтириши мүмкүн эмес. Бир пенде таразанын бир жагына ыйман, экинчи жагына куфр коет. Ошол сыяктуу эле тавхид күбөлүгүн таразага коюу мүмкүн эмес. Ал эми пенде ыйман келтиргенден кийин анын “Лаа илааха иллаллах” деп айтуусу башка бардык жакшылыктар менен бирге таразага коюла турган жакшы амал дешти. Тавхид жана ыймандын күбөлүгү да жакшы амал. Эгер пенде бул экөөнү айта турган болсо ага карама каршы келген нерсе жок, таразада ал экөөнө каршы коюла турган нерсе жакшылыктын тескери болгон жамандык амалы болот. Ыймандан кийин “Лаа илааха иллаллах” деп айтылышында да ага эч кандай карама-каршы келген нерсе жок дегенди билдирет. Ал эми кимде-ким намазды эч качан таштабаса, анын кылган намазы жакшы амал болуп саналат, ага карама-каршы келген эч кандай жаман иш ага тең келбейт….
Аль-Ахвази өзүнүн “Тухфатында” мындай деген: Анын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) “алакандай түрмөк” деген сөзү “Ан-Нихаяда” мындай клген: “Алакандай түрмөк – бул кичинекей кагаз, ага сиз салган нерселериңиздин суммасы жазылган. Эгер бул объект болсо, анда анын салмагы же саны. Ал эми товар болсо, анда анын баасы анын наркы болуп саналат. Боо менен байлангандыктан ушундай аталып калган. Ал сөздүктө мындай деген: “Алакандай түрмөк кийимге чапталган кичинекей кагаздагы жазуу сыяктуу, анда анын баасы, номери жазылган. Кийимдин этегине боо менен байлангандыктан ушундай аталып калган.
Расул (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) андан кийин: “Сага зулум кылынбайт” деди. Башкача айтканда, сага зулум болбойт, бирок таразаны эске алуу керек, сага зулум жок экени айкын болушу үчүн таразага көңүл бур. Айтылды бул анын: “Алакандай түрмөк, түрмөк түрмөк болгон жазууларга кантип тең болсун” деп аны арзыбас нерсе катары санаганына жооп болду? Башкача айтканда, “Муну арзыбас нерсе катары санаба, анткени бул Аллахтын алдында улуу, Ал Улук, Аллахтын ысымы алдында эч нерсе оор келбейт, эгер Ага бир нерсе оор келе турган болсо, анда сага зулумдук кылынар эле” – деп жооп берди.
Анын “Аллахтын атына эч нерсе тең келбейт” деген сөзү күнөөлөрдүн эч бири ага каршы тура албайт деген маанини билдирет. Тескерисинче, Аллах Тааланы зикир кылуу бардык күнөөлөрдөн жогору келет. Нерселер, заттар таразаланат деп айтылса, амалдар жазылган китеби таразага тартылып, жагдайга жараша өзгөрүп турат же Аллах амалдарды жана сөздөрдү камтып, аларды таразага тартат, ошондуктан ибадат кылуу напсиге оор келет жана көңүл каалаган, күнөө иштерди кылуу напсиге жеңил келет деп жооп берилет. Башкача айтканда, жакшы иштерди кылууга моюн жар бербей аны кылуу оор болуп көңүл каалаган иштерди кылуу жеңил болгонун адам бул жашоодо эле сезе алат. Ошол сыктуу эле амалдар да таразага тартылат. Ошондон улам: “Бейишти кыйынчылыктар, тозокту каалоолор курчап турат” деп айтылган.
Шейхуль-Ислам Ибн Таймия (Аллах аны ырайымына алсын) айтат: Адам бир амалды Аллахка болгон ыкласын жана кулдугун толуктай тургандай кылып жасай алат. Аллах ал аркылуу жогоруда айтылган хадистегидей чоң күнөөлөрдү кечирет.
Урматтуу бир туугандар!
Аллах Тааланын ырайымы бүт нерсени камтыйт. Улуу Жаратуучу жана Мерчемдөөчү Ал Улук. Ал аз болсо да амалдарга эң жоомарт сооп берет. Абу Хурайрадан риваят, (Аллахтын Элчиси саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:
إِنَّ شَجَرَةً كَانَتْ تُؤْذِي الْمُسْلِمِينَ فَجَاءَ رَجُلٌ فَقَطَعَهَا فَدَخَلَ الْجَنَّةَ“
“Мусулмандарга зыян келтирип жаткан бир даракты кыйган киши бейишке кирди”. Башка бир хадисте Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деген:
“ مَرَّ رَجُلٌ بِغُصْنِ شَجَرَةٍ عَلَى ظَهْرِ طَرِيقٍ فَقَالَ وَاللَّهِ لَأُنَحِّيَنَّ هَذَا عَنْ الْمُسْلِمِينَ لَا يُؤْذِيهِمْ فَأُدْخِلَ الْجَنَّةَ “
“Бир киши жолдун жээгиндеги дарактын бутагынын жанынан өтүп баратып: Аллахка ант болсун, мен муну алып салам, мусулмандарга зыяны тийбесин дейт. Ошентип, ал бейишке киргизилди”.
Мусулмандардын жолунан жамандыкты кетирүүчү адамдын сообу бул болсо, анда бүткүл Ислам коомунан жамандыкты кетирүүчү, зыянкеч акимдерин жана алардын зыянын жок кылган, мусулмандардын жерлерин колония кылып алган каапырлардын зыянын жок кылган, алардын ордуна туура жолдогу башкаруучу жана аларды жамандыктан кайтарган адилеттүү Халифалыкты тикелеген адамдардын абалын сиз элестетип көрүңүз.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 23-шаввал.
2025-ж, 21-апрель.