Газа эли баскынчылык оту жана заалимдердин олжолору ортосунда!

22
0

Газа эли баскынчылык оту жана заалимдердин олжолору ортосунда!

Газа дайыма туруктуулуктун чеби, ар-намыстын бекем дубалы болуп келген. Ал ар дайым баскынчылар үчүн тамакка сайылган сөөктөй. Курчоого, ачарчылыкка, кыйроого карабай, абадан тынбай жааган бомбаларга жана жакын туугандардын да, алыс элдердин да таштап кетишине карабай, тикесинен тик турду. Бирок качан коңшуң, тууганың болгон адам куткарылуу жолун доллар менен баалап, гумжардамды өзүнүн байышы үчүн колдонсо, кайгы-капа андан да оор болуп калат экен. Яхудийлердин акыркы чабуулу башталгандан бери элдин көзү түштүккө, Египет тарапка бурулду. Эл жардамга жол ачылышына, согуштан качкандарга же дарыланууга муктаждарга тоскоолдуктар жоюлат деп үмүт кылды. Бирок турмуш чындыгы элестеткенден да кайгылуу болуп чыкты.

Газа чек арасында ач көздүк дубалы өрүлдү:

Египет тараптан Рафах чек арасынан басып кирсеңиз эле, дароо коопсуздук кызматтарынын көзөмөлү астында, бийликке байланышы бар соодагерлер башкарган, системалуу эксплуатациянын торуна түшөсүз. Булардын эң алдыңкы сабында мамлекеттин түзүмдөрүнө жакындыгы менен белгилүү болгон ишкер Ибрахим Аль-Арджани турат. Анын ысымы “Хала компаниясы” деген желектин алдында уюшкан тоноочулуктун символуна айланды.

Арджани жана анын өнөктөштөрү Газадан чыгып кетүүгө аракет кылган элден өтө чоң акчалай төлөмдөрдү талап кылышууда. Көпчүлүк учурда адам башына беш миң долларга чейин алып жатышат. Мунун ордуна эч кандай чыныгы кызмат көрсөтүлгөн жок, эч кандай жеңилдик болбоду. Өзгөчө таң калычтуу жагдай, бул космостук сандардын трагедия, азаптын учурунда талап кылынганы. Барынан ажыраган, бирок тирүүлүгүн сактап калган адамдар акыркы калган үмүтүн күрөөгө коюп, балдарын куткаруу же жарадарларын дарылоо үчүн ушунча акча төлөөгө мажбур болушту.

Ал эми ачарчылык менен оорулардын бетин кайтарууга арналган тамак-аш жана дары-дармек жүктөлгөн жардам фуралары эмне болду? Алар арам соода келишимине айланды! Эл аралык жана жергиликтүү кайрымдуулук уюмдарынан ар бир фура үчүн миңдеген доллар талап кылынууда. Кээ бир уюмдар Египет коопсуздук кызматтарына түз эле пара берүүгө мажбур болушкан. Бир фура үчүн 5000 доллар, айрым учурларда 10 000, ал тургай 20 000 долларга чейин! Бул кандай ыплас амал?! Жарадарлардын, оорулуулардын дарысын, балдардын тамагын тоногон бул кандай режим?!

Бул Рабиа жана Нахда аянттарында Египет элин танктар менен тебелетип, сөөктөрүн эксковатор менен көтөрүп кеткен Сиси режими. Өз элине мээрими жок бул режимдин Газа элине мындай мамиле кылышы таң калычтуу эмес. Бул көрүнүш кокустук эмес, ашыкчалык да эмес. Бул башкаруудагы капиталисттик системанын натыйжасы, ар бир кырсыкты пайда табуунун мүмкүнчүлүгү катары көргөн бузук саясий түзүмдүн көрүнүшү.

Аржани беткабы артында чыныгы “бизнес” Египет режиминин атынан жүрүп жатат. Бул режим мындай эксплуатацияны колдоп, анын жолун ачып, коопсуздук жана логистика жаатында бардык шарттарды түзүп берген, ал тургай, бул иштерге башка эч кимди аралаштырбастан, Аржаниге өзгөчө укуктарды ыйгарган.

Ачыгын айтканда, Египет режими муну өз алдынча кылып жаткан жок. Ал Вашингтондогу жана Тель-Авивдеги кожоюндарынан буйрук алып аткарууда. Алар үчүн бул режим идеалдуу чек ара күзөтчүсү. Ал куралдын киришине жол бербейт, жардамдын кечигишин камсыз кылат, элдин ар бир демин көзөмөлдөйт. Ал курчоонун тең салмактуу шериги. Канчалык “арачы” катары көрүнсө да абал ушундай.

Газа баскынчылыктын балтасына, саткын режимдердин балкасына кабылып турат! Ислам үммөтү! Газада болуп жаткан нерсе жөн гана курчоо эмес. Бул толук кандуу чыккынчылык! Газанын балдары бомба менен өлтүрүлүп жатса, тирүү калганын ачарчылыкка таштап коюп, Египет чек арасында акча сурап кор кылышууда. Өзүн “туугандардын” туңгуюктагы бир тууганы деп атаган бирөө, башына мүшкүл түшкөндөрдөн жашоо деми же дары таблеткасы үчүн акча талап кылып жатат. Бул кандай бетпактык!

Газанын эли эмне күнөө кылышты?! Алар силерден эмеспи?! Газа мусулмандардын жери эмес беле?! Анын курчоосун алып салуу силердин мойнуңардагы парз эмеспи?! Анда эмне үчүн алардын муктаждыгын пайдаланып, азабы соодага айланууда?! Чек аралар шартсыз жана тоскоолдуксуз ачылышы керек эмеспи?! Анда эмне үчүн чек аралар жабылып, акчага гана ачылат?!

Бул кырсык адамды мүлкүнөн башка эч нерсеси менен баалабаган капиталисттик түзүмдүн бир көрүнүшү. Бул системада кандын эч кандай наркы жок, ар-намыс корголбойт, жакыр адамдын кадыр-баркы болбойт. Бул режимде өкмөттөр эл үчүн эмес, корпорациялар үчүн иштейт. Чек аралар акчалууга ачылат, куугунтукталганга жабылат.

Египет режими жасап жаткан иш Батыштагы колонизатор кожоюндардын түздөн-түз буйругун аткаруу. Анткени алар Газанын көтөрүлүшүнөн, Палестинанын бошонуусунан, үммөттүн ойгонуп, жардамга келишинен коркушат. Ошондуктан Газаны курчоого алышкан, чек араларды жаап коюшкан, жардамды талап-тоноо менен токтотушкан. Булардын максаты элдин кайратын сындырып, жеңилүүгө макул болууга мажбур кылуу.

Эй, Египет эли, Кинананын уул-кыздары! Газа чек арасында силердин атыңардан жасалып жаткан бул иштер силердин тарыхыңардагы уяттуу так болуп калат. Заалимдин өртүнө отун болбоңуздар! Туугандарыңыздардын азабын пайдаланып жаткан режимге унчукпай турбаңыздар! Бул чыккынчылыкка каршы үн чыгарыңыздар!

Эй, мусулман үммөтү! Газаны жалгыз таштабагыла! Анын алсыздыгы пайдаланылып жатканын кабыл албагыла! Өз каныңарга Сиси жана анын шериктери күзөтчү болушуна жол бербегиле! Бир үммөт болуп кайрадан биригүүгө аракет кылгыла! Ал үммөт Аллахтын шариаты менен өкүм жүргүзөт, жерлерин бошотот, элин колдойт. Газа ырайым күтүп жаткан жок! Аны колдой турган, бошото турган, абийирин кайтарып берчү армияларды күтүп жатат!

Биз, Хизб ут-Тахрир, силерге айкын жана түп тамырынан чечиле турган жолду көрсөтөбүз. Бул жол Пайгамбарлык жолундагы Рошид Халифалыкты куруу. Бул мамлекет Индонезиядан Мароккого чейинки бардык мусулмандарды бириктирет, Батыштын сызып кеткен жалган чек араларын жокко чыгарат, Палестинаны жана мусулмандардын бардык оккупацияланган жерлерин бошотот. Алла Таала айтат:

﴿وَلَا تَحْسَبَنَّ اللهَ غَافِلاً عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ﴾

«(Эй Мухаммад) Сен эч качан: «Алла заалим адамдардын кылып жаткан ништеринен бейкапар (кабарсыз)» деп ойлобо! Бар болгону Алла алардын (жазаларын), көздөр (айбат-коркунучтан) катып кала турган, (коркунучтуу Кыямат) Күнүнө гана калтырууда». (Ибрахим сүрөсү, 42-аят)

Устаз Махмуд Ал-Лайси

Хизб-ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы Маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here