Макрондун Египетке болгон сапарынын артында эмне турат?

18
0

Макрондун Египетке болгон сапарынын артында эмне турат?

Ички кризистер курчуп, аймактагы абал күйүп, эл аралык колонизатор державалардын колдоосу күчөп турган шартта, Франциянын президенти Эммануэл Макрон Каирге расмий сапары болуп өттү. Аны өлкө президенти Сиси ашыкча жылуу тосуп алды. Бул мамиле жөн гана саясий протоколдорду же экономикалык жана маданий келишимдерди түзүүнү билдирбейт. Бул сапар Египет режиминин эл аралык тартип менен болгон мамилесин айкын көрсөтүп турат. Анткени, Франция эл аралык майданда үстөмдүк кылуучу жана колонизатор башчылардын бири. Ошондой эле Египет режиминин көз каранды абалын дагы бир жолу айгинелейт. Айрыкча оор экономикалык кризиске туш болгондуктан, ал Батыштын саясий колдоосу үчүн өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн сатууга даяр.

Макрондун сапары өтө сезимтал мезгилге туш келди. Анткени, Газа секторунда яхудийлер тарабынан геноцид күчөп жатат. Эгер Макрон чын дилинен боорукер болсо, ал Газаны зыярат кылмак же яхудийлердин кылмыштарын ачык айыптамак. Бирок, ал андай кылган жок. Анткени Франция, бүтүндөй Батыш сыяктуу эле, яхудий түзүмүнүн коопсуздугун “кызыл сызык” деп эсептейт. Мындан да кооптуу жагдай, Франция менен Египет ортосунда бул сапардын алкагында курал-жарак, энергия, билим берүү, транспорт жана инфратүзүм долбоорлорун камтыган ири келишимдер түзүлдү. Бул болсо Египетти Франциянын товарларын сатып алуучу базарга айландырып, ага кедейлик жана көз карандылыктан башка эч нерсе алып келбейт.

Египет режими бул сапарды өтө ашыкча салтанат менен тосуп алды. Макронду кызыл килемден өткөрүп, аскердик параддар уюштурулду, жылуу жолугушуулар болуп өттү жана Франциянын тарыхый ролу ашыкча даңазаланды.

Бул көрүнүштөр Сайкс-Пико келишими менен пайда болгон майда мамлекеттердин башкаруучулары Батыштын аларга болгон ыраазычылыгын сыймык катары көрүшөрүн, ал эми анын нааразычылыгынан Аллахтан да катуу коркушарын айгинелейт! Алар Батыштын буйруктарын аткаруу шарты менен тактыда калышкан кызматкерлер.

Ислам болсо эч качан баш ийүүгө жана кор болууга негизделген мамилелерди тааныбайт. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَلَن يَجْعَلَ اللهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾

«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса сүрөсү, 141-аят)

Башкача айтканда, каапыр колонизаторлор мусулман өлкөлөрүнө үстөмдүк кылуусуна жол бербейт. Мусулмандардын экономикасын, коопсуздугун же эгемендигин аларга тапшырууга болбойт. Албетте, Аллахтын динин ачык душман туткан адамга ишенүү мүмкүн эмес. Макрон Францияда хижабга жана никабга каршы күрөшүп жатат! Андай адамды жеңүүчүдөй тосуп алуу акылга сыйгыс иш!

Бул сапарды «экономикалык кызматташтыкты бекемдөө» же «инвестицияны өнүктүрүү» катары көрсөтүү атайын жасалган саясий көз боёмочулук. Мунун артында Батыштын бизге болгон үстөмдүгүн жашыруу максаты турат. Франция мусулмандарга жардам берүү үчүн эмес, алар менен келишим түзүп, өзүнүн компанияларына биздин ресурстарды ээлөөгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн келет. Андан соң тапкан кирешесин өзүнүн экономикасына жумшайт.

Франция бизге кредиттерди, адистерди, кеңешчилерди жана подрядчы кызматтарды берет. Ал эми бизден ачык базарды, чийки заттарды, арзан жумушчу күчтү жана саясий моюн сунууну алат. Бул мамлекеттер ортосундагы өнөктөштүк эмес. Бул жумшак формадагы колонизатордук мамиле. Анын негизи саясий таасирди кеңейтүү, пикирий көз карандылык жана экономикалык баш ийүү.

Сыртынан көрүнгөн “кызыктуу кызматташтык” маданий жана интеллектуалдык деңгээлде жүргүзүлүп жаткан атайын пландалган саясат болуп саналат. Колониализм бүгүн мурункудай жоокерлерин жиберип жерди басып албайт. Ал өзүнүн компаниялары, маданий мекемелери, билим берүү программалары жана “орток долбоорлор” аркылуу үммөттүн өздүгүнөн алыстатууну көздөйт. Ал коом жана жашоо тууралуу өзүнүн түшүнүгүн таңуулоо менен иш алып барат.

Билим берүү жана маданият жаатындагы кызматташтык аркылуу Франция өзүнүн секулярдык түзүмүн, Батыштын баалуулуктарын жайылтат, өзүнүн окуу программаларын мектептерге жана университеттерге киргизет. Ал “жаңыланууга багытталган” изилдөө борборлорун колдойт. Бул борборлордун чыныгы максаты Исламдын негизги баалуулуктарына сокку уруу.

Биргелешкен маалымат каражаттары жана маданий борборлор аркылуу Франция “заманбаптык”, “адам укуктары”, “түшүнүшүү” деген ураандардын аркасында жумшак пропаганда жүргүзөт. Ошол эле маалда Францияда мусулман аялдарды куугунтуктап, хижаб менен никабга, мечиттерге каршы согуш жүргүзүп келет. Коопсуздук келишимдери аркылуу Франция Египеттеги маанилүү инфраструктураны көзөмөлдөөгө, коопсуздук маалыматын алмашууга, полиция органдарын үйрөтүүгө жетишет. Бул болсо мамлекеттин ичине сүңгүп кирип, Египетти өз кызыкчылыктарынын күзөтчүсүнө айлантуу үчүн жасалган иш.

Газа менен тилектешмин деген режим, кантип яхудий түзүмүнө эч убакта колдоосун жашырбаган Макронду тосуп алат?! Франция — яхудий түзүмүнө эң ыктаган Батыш өлкөлөрүнүн бири. Ал эң алгачкылардан болуп яхудий түзүмүнүн коопсуздугун “кызыл сызык” деп жарыялаган. Ал алардын агрессиясын “өзүн коргоо” деген шылтоо менен актап келет. Андай өлкөгө кантип ишенүүгө болот?!

Макрон сыяктуу колонизатор өлкөлөрдүн жетекчилерине карата чыныгы жооп, аларды тосуп алуу же алар менен карыз жана курал келишимдерин түзүү эмес. Чыныгы жооп төмөнкүдөй болууга тийиш:

  1. Мындай өлкөлөрдүн элчилерин мусулман өлкөлөрүнөн кууп чыгуу. Алардын мусулман өлкөлөрүндө болуусу шариатка туура келбейт. Анткени, бул колонизатор каапырларга мусулмандардын жеринде саясий өкүл катары басым кылуу жана багыт берүү мүмкүнчүлүгүн берип коюу болот.
  2. Аларга таяныч түзүп берген бардык биргелешкен долбоорлорду токтотуу. Анткени бул долбоорлор экономикалык кызматташтыкка жамынган беткап. Өзгөчө транспорт, энергетика, курулуш, билим берүү жана медиа тармактарында мындай иштешүүлөр үстөмдүк орнотуунун куралы болуп саналат.
  3. Алардын аскердик жана чалгындоо базаларын жабуу. Расмий түрдө болобу же “биргелешкен машыгуулар” деген шылтоо менен жашырылган болобу айырмасыз. Мусулмандардын жеринде чет элдик аскер күчтөрүнүн болушу ачык эле басып алуу болуп саналат.
  4. Алардын интеллектуалдык жана билим берүү тармактарындагы бутактарын тамырынан жулуп салуу. Бул маданий борборлор, даярдоо программалары, чет жактан алынып келинген окуу пландары жана элчиликтери каржылаган уюмдар мусулмандардын жаш муунунун аң-сезимин өзгөртүү максатын көздөйт.
  5. Батыштын каржы үстөмдүгүн токтотуу. Мисалы, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк же Франциянын колониалдык багыттагы институттары сыяктуу мекемелер бизге карыз берип, бизди көз каранды абалда кармап турат.
  6. Коопсуздук жаатындагы координацияны жана улуттук деңгээлдеги маалыматтарды бөлүшүүнү токтотуу. Бул шариатка да, акылга да туура келбейт. Анткени, мамлекеттин маанилүү маалыматтарын жана башкаруу түзүмдөрүнө байланыштуу маалыматтарды мусулман үммөтүнө каршы чыккан, анын эгемендигин бузган чет элдик күчтөргө берүү таптакыр туура эмес.

Бул кадамдардын бирөөнүн да бүгүнкү күндөгү саткын режимдердин тушунда ишке ашуусу мүмкүн эмес. Анткени алар үммөттүн кызыкчылыгын коргоо үчүн эмес, Батыш колонизаторлоруна кызмат кылыш үчүн түзүлгөн. Бул иштер Пайгамбарлык минхажындагы экинчи Халифалыкты тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Бул Халифалык Батыш каапырларынын мусулмандардын өлкөлөрүндөгү болгон саясий, экономикалык жана маданий таасирин жок кылат. Үммөттүн энергиясын боштондукка жана өнүгүүгө багыттайт. Үммөткө өзүнүн урматы менен бийлигин кайра алып берет.

Биз, Хизб ут-Тахрир партиясы бул саясаттарды ашкерелеп, алардын динге жана дүйнөгө болгон коркунучун түшүндүрүп жатабыз. Египет элине, айрыкча анын аскерлерине кайрылып, аларды сахабалардай аракеттенүүгө чакырабыз. Саткындар үстөлүн оодаруу жана Пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты тикелөө үчүн көтөрүлүүгө үндөйбүз. Ушул жол гана Египетке жана бүткүл үммөткө урмат алып келет, жерлерди бошотот жана Палестинада, башка мусулман жерлеринде кысымга алынгандарга жардам берет.

Саид Фадыл

Хизб ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here