Египет менен Яхудий түзүмүнүн ортосундагы чыңалуунун акыйкаты

24
0

Египет менен Яхудий түзүмүнүн ортосундагы чыңалуунун акыйкаты

Газадагы калкка каршы баскынчы түзүмдүн чабуулу уланып жаткан учурда, Египет режими менен яхудий түзүмүнүн ортосунда медиа жана саясий чыңалуу күчөп жатат. Бул чыңалуу, еврей басылмалары атагандай, Египеттин Кэмп-Дэвид келишимине карата “кылган кысымдары” деген шылтоого байланыштуу болуп жатат. Еврейлердин “Йедиот Ахронот” гезити Синай аймагында Египет армиясы аскердик инфратүзүмдү куруп жатканы тууралуу кабарлап, бул иштер “тынчтык келишимин жана коопсуздук беренесин бузуу” деп жарыялады.

Алардын айтымында, бул абал яхудий армиясында тынчсыздануу жаратып, яхудий түзүмүнүн Коопсуздук министри Исраил Кац АКШга расмий түрдө кайрылып, Египетти бул объектилерди жок кылууга мажбурлоону талап кылган. Бул талап “көп улуттуу байкоочу күчтөрдүн” отчеттору менен колдоого алынган. Ошентип, яхудийлер Египетке тыңчылык кылуудан, касташуу ниетиндеги билдирүүлөрдү жөнөтүүдөн жана аскер күчтөрүн ачык шылдыңдоодон тартынбай жатканын көрсөтүүдө!

Белгилүү болгондой, Кэмп-Дэвид келишимине кол коюлган күндөн тартып Синай жарым аралы де-факто куралсыз аймакка айландырылган жана ал АКШ күчтөрү тарабынан көзөмөлгө алынган. Египет армиясына ал жакта күчтөрүн жайгаштырууга тыюу салынган жана бул үчүн яхудий түзүмү менен алдын ала координация талап кылынат. Анда кантип мындай ойлосо болот? Нил суусун, Тиран менен Санафир аралдарын оңой эле берип жиберген режим, эми Америка менен яхудийлердин эркине каршы чыга турган болуп калганбы?

Яхудий маалымат каражаттары таратып жаткан билдирүүлөр жана Египеттин “кысым көрсөтүүлөрү” тууралуу дооматтар жөн гана саясий соодалашуу менен шантаж оюнундагы басым кагаздары. Бул аркылуу яхудий түзүмүнө кошумча жеңилдиктерди камсыздоо же коомдук пикирди дагы бир ирет баш ийүүгө даярдоо максат кылынууда. Андан да кейиштүүсү Египет режими бул шылдың сөздөргө мамлекеттин суверенитетине ылайык келген татыктуу жооп кайтаруунун ордуна уяттуу унчукпай туруу менен чектелүүдө. Бул өз элинин сезимин атайылап тоготпоо. Калк бүгүнкү күнгө чейин чек арада сионисттер тарабынан шейит кеткен египеттик аскерлерди унута элек! Ал окуялар болсо “кокустук, каталар” катары акталган.

Бул абал ушундай улана бериши мүмкүн эмес. Ислам намысын, жихад түшүнүгүн жана Аллага жана Анын Элчисине ﷺ  болгон бекем ыйманын көкүрөгүндө көтөргөн үммөт уул-кыздары муну кабыл албайт. Анткени яхудийлер менен болгон бул күрөш чек ара үчүн эмес, вужуд (аймакта бар болуу же жок болуу) үчүн жүрүп жаткан күрөш. Алардын пландары Палестина менен гана чектелбестен, Батыш үстөмдүгүнөн чыныгы эркиндикти самаган ар бир саясий түзүлүшкө каршы багытталган. Ошондуктан, чыныгы өзгөрүү сөзсүз түрдө түп-тамырынан болушу керек. Үммөттү көз карандылыктын сазынан толугу менен арылтып, анын тартып алынган чечим укугун кайра кайтарып берип, үммөттү толук азаттыкка алып чыгуучу жолго салууга тийиш. Бул болсо пайгамбарлык жолундагы Халифалык мамлекети астында гана ишке ашат. Ал үммөттү бириктирип, анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн жандандырып, аскерлерин ыйык жерди — Байтул-Макдисти — бошотууга алып чыгат. Бул үммөттү уяттуу келишимдердин жана нормалдашуу жолдорунун туткунунда калтырбайт.

Ким ызаа жана кор болууну токтотууну, Палестинаны куткарууну жана Египеттин ар-намысын кайтарууну кааласа, пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткан адамдар менен бирге аракет кылсын. Анткени дал ушул Халифалык чечим кабыл алуу эркиндигин кайтарып берет. Армияларды акыйдага негизделген тарбия менен кайра куруп, бул чыккынчы келишимдерди жокко чыгарып, Масжид ал-Аксага азаттык алып келүүгө багытталган жашоо баштайт.

Көкүрөктө кайнаган ачууну чыныгы өзгөрүүгө айлантууга убакыт жеткен жокпу? Үммөт азыркы кор абалын силкинип, өзүбүздү басып турган коркуунун кишендерин талкалачу учур ушул эмеспи?

Газада күн сайын болуп жаткан кыргындарды өз көзү менен көрүп, режимдердин унчукпай турганын, керек болсо алардын бул зулумга ортоктош болуп жатканын байкаган эл, өкмөттөргө таянуу эми аманатты сатуу экенин түшүнө баштады. Эми биздеги жоопкерчилик элдин уюшкан түрдө көтөрүлүшү. Бул көтөрүлүш мечиттерден, аянттардан, университеттерден башталып, казармалардын эшигин кагып, армияны дароо Ал-Акса мечитин бошотууга жана камоону бузууга чакырууга чейин жетиши керек.

Бул жерде эң маанилүү суроо туулат. Египеттик жоокер мыйзамсыздыкта жашап, душмандын кучагына түшүп калган режимдердин буйругуна баш ийип жашай береби? Же болбосо анын Ислам намысы, шариаттагы милдети жана ыйманындагы бекем ишеними бул курчоону бузууга жана урандынын алдында жардам сурап кыйкырып жаткан Газадагы мазлум бир туугандарын коргоого түртөбү? Эми кечигүүгө орун жок! Шейиттердин каны жардам чакырууда, Куддус жардам сурап жатат. Ал эми канкор яхудий жоокер үчүн египеттик менен палестиналыктын айырмасы жок.

Кайдасыңар эй Кинана уулдары! Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«Азап көрүп жаткан туткунду бошоткула, ачтарды тойгузгула, ооругандарды зыярат кылгыла».

Яхудий түзүмүнүн Египетке карата жасаган агрессиясы бул жөн гана саясий кысым же медиа айласы эмес. Бул үммөттүн бекемдигине, элдеринин аң-сезим деңгээлине жана режимдер ондогон жылдар бою сиңирип келген коркунуч менен баш ийдирүү даярдыгына коюлган чыныгы сыноо. Бул ар-намыстын, инсандык өзөктүн жана үммөттүн тандоо жасай билүү жөндөмүнүн сыноосу. Сырткы душмандын зулуму менен ички режимдердин аны коргоп, элдин каарын чыныгы аракетке айлантпоо үчүн болгон аракет ортосундагы айла амалдар.

Демек, үммөт же ойгонуп, аң-сезимдүү марштар менен казармаларга агылып, армиялардан коркунучтун жана баш ийүүнүн тозогунан чыгууну, боштондук күрөшүнө кошулууну талап кылат… же болбосо, кыйроо алсыздануу уланат. Географиялык гана эмес, маани-маңыз жагынан да ушундай. Акыры, көз карандысыздыктан бир аталыш, мамлекеттен бир кабык, ар-намыстан болсо алыстаган эскерүүлөр гана калат!

Исламдагы армиялар режимдерди коргоо үчүн же кордук келишимдерди сактоо үчүн эмес, үммөттү коргоо, Исламды дүйнөгө жайылтуу, мусулмандардын жерин коргоо жана алардын душмандарына коркунуч салуу үчүн түзүлгөн!

Силер үчүн Саъд ибн Абу Ваккас жана Халид ибн Валид үлгү болсун эй төңкөрүшчүлөр! Силерге Кэмп-Дэвид келишимине кол койгондор үлгү эмес! Курал-шайманыңар силердин мойнуңардагы аманат. Ал Алланын жана үммөттүн душмандарына гана көтөрүлүшү керек. Газа силерди чакырууда… жооп берген барбы? Куддус жардам сурап жатат… жардам берчү барбы? Алла Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар». (Анфал сүрөсү, 24-аят)

Устаз Саид Фадл

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here