Сирияда жаңы өкмөттүн түзүлүшү: Шам элинин үмүтү менен Батыштын аңдып турган көзү арасында

24
0

Сирияда жаңы өкмөттүн түзүлүшү: Шам элинин үмүтү менен Батыштын аңдып турган көзү арасында

2025-жылдын 29-мартында Дамаскта Эл сарайында Сириянын жаңы өкмөтүнүн курамы жарыяланды. Жаңы өкмөттө 23 министр бар, алардын арасына бир аял да кошулган. Сириянын президенти Ахмад Аш-Шара бул жаңы өкмөттүн курамы биздин биргелешкен эркибиздин жаңы мамлекетти куруу чечимибиздин көрсөткүчү экенин айтты. Жаңы өкмөттү жарыялоо аземинде сүйлөгөн сөзүндө ал: «Сирия азыр ири сыноолорго туш болуп жатат жана бул татаал мезгилде биримдик менен ынтымак өтө зарыл», — деди.

Ал ошондой эле жаңы өкмөттүн артыкчылыктуу багыттары катары коррупция менен күрөшүүнү атады. Өкмөт мамлекеттик мекемелерди жоопкерчилик жана ачык-айкындык принциптеринин негизинде кайра түзүүгө аракет кыларын билдирди. Мындан тышкары, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылган «улуттук армияны» куруу өкмөттүн башкы максаты болорун дагы бир ирет баса белгиледи.

Жаңы өкмөттүн түзүлүшүнө болгон реакциялар ар түрдүү болду: кээ бирлери колдосо, башкалар этият мамиле кылышты же тескерисинче түз сынга алышты.

Америка Кошмо Штаттары бул жаңы бийликке карата азырынча так жана ачык позициясын билдире элек, бирок этият мамиле менен кээ бир жылуу билдирүүлөрдү жасаган. Ошентсе да, АКШнын Жакынкы Чыгыш жана Сирия боюнча мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары Наташа Франчески 2025-жылдын 18-мартында Брюсселде өткөн Сирияга жардам көрсөтүү конференциясынын алкагында Сириянын Тышкы иштер министри Асад Аш-Шайбаниге АКШ тарабынан бир нече шарттарды койгонун «Рейтерс» агенттиги билдирди.

Бул шарттардын башында төмөнкүлөр турат:

  • «Терроризмге каршы күрөшүүдө» кызматташтык кылуу
  • Өлкөдө жогорку кызматтарда чет өлкөлүктөрдүн болбошун камсыз кылуу
  • Сирияда калган бардык химиялык куралдарды жок кылуу.

2025-жылдын 25-мартында «Рейтерс» агенттиги америкалык расмий булактарга таянып билдирген маалыматка караганда, АКШ эгерде Дамаск бул талаптардын баарын аткарса, анда кошумча санкцияларды жеңилдетүүгө, жаңы жеңилдиктерди берүүгө жана мурдагы президент Жо Байдендин тушунда берилген санкциялык жеңилдиктерди узартууга даяр экенин айткан.

Сирия президенти Ахмад Аш-Шара жаңы өкмөт түзүлгөнүн жарыялаган соң, химиялык куралдарды тыюу боюнча эл аралык уюмдун башчысынан куттуктоо телеграммасын алган. Ал эми Германиянын тышкы иштер министри Аналена Бербок болсо бул өкмөт тууралуу мындай деген: «Эгер бул өкмөт туура эмес жолго багыт алса, биз аны колдобойбуз».

Өкмөттүн курамы тууралуу терең токтолбостон, айрым өзгөчөлүктөрдү белгилей кетели. Өкмөттүн курамында мусулмандар да, мусулман эместер да бар. О.э сунний, алавий, друзий, күрд жана христиандар да кездешет. Булардын арасында Асад режими учурунда кызмат өтөгөндөр, мурунку оппозициялык коалицияларда же саясий чөйрөлөрдө көрүнгөндөр да бар. Кээ бирлери болсо «секталык ар түрдүүлүктү» сактоо максатында тандалганы көрүнүп турат. Бул болсо Батыш өлкөлөрү талап кылган шарттардан болуп саналат. Бирок биз ушул жерден айрым маанилүү маселелерге көңүл буруп өтөлү:

Биринчиден, маселе ким бийликке келишинде эмес, эң негизгиси эмне менен башкарылат деген суроодо. Тигил же бул министрлер эң такыба, эң калыс жана чынчыл болсо да (эгер ушундай деп элестетип көрсөк), бул жетиштүү эмес. Себеби бардыгын аныктаган нерсе өлкөдө колдонулуучу Конституция жана ошол Конституциянын негизинде башкарылчу мыйзамдар. Өкмөт дал ошол мыйзамдарды жүзөгө ашырат.

Адилеттүү башкаруу Халифа Умардын (р.а) тушунда болгондой гана ишке ашат. Ал кезде Исламдын түзүмү, өкүмдөрү жана мыйзамдары толук колдонулган. Адамдарды бактылуу кылган жана Аллахты ыраазы кыла турган Конституция – бул бир гана ислам акыйдасына негизделген Конституция. Мына ушундай түзүм Шам элинин жана 14 жылдан бери күрөшүп келе жаткан көтөрүлүшчүлөрдүн максаттарына жооп берет. Алар ушул убакыт ичинде болжол менен эки миллионго чукул шейит берген жана бул курмандыктардын жыйынтыгы Исламдын өкүм сүрүшү, Ислам мамлекетинин курулушу, анын Конституциясы жана мыйзамдары менен башкарылышы болушу керек.

Бул болсо Ислам динин толук, түп-тамыры менен өзгөртүүчү башкаруу системасын: саясатта, экономикада, эл аралык мамилелерде жана башка бардык тармактарда ишке ашырууну талап кылат. Башкаруу системасынын жана мыйзамдардын жалгыз булагы ислам акыйдасы болушу керек. Ал эми мыйзам чыгаруу укугу Аллах Таалага гана таандык, адамдарга эмес. Бирок бүгүнкү күндө мыйзам чыгаруучу болуп алган светтик бийликтер элдин эркине каршы мыйзамдарды таңуулоодо.

Шариаттын колдонулушу менен гана бардык кутумдарга каршы туруштук берүү мүмкүн. Бул маселеде “баскычма-баскыч”, “саясий кызыкчылык”, “эл аралык мамиле” деген шылтоолор менен Батышты ыраазы кылуу туура жол эмес. Себеби саясат Шариат өкүмдөрүнө негизделиши керек, адамдын кыял-жоругуна, жеке кызыкчылыгына эмес.

Экинчиден, биз дайыма айтып келебиз, Аллахтын ыраазычылыгы менен Америкага жагынуу карама-каршы нерсе. Алар эч качан бир багытта жолукпайт. Аллах Таала бизге Исламды толук колдонуу милдетин жүктөгөн, ал эми Америка болсо ошол Исламды «терроризмге каршы күрөш» деген шылтоо менен жок кылууга аракет кылууда. Ошондуктан, санкцияларды алып салуу деген шылтоо менен чыгыш менен батыштагы өлкөлөрдүн макулдугун алууга умтулуу алсыздыктын белгиси. Бизге керек болгон нерсе, принциптүү позиция, Аллахтын ыраазычылыгын көздөгөн чечкиндүү кадам. Себеби, маселелердин чыныгы, түпкү чечими Ислам өкүмдөрүнө негизделген саясий багытта жатат.

Калк башкаруусу да, калкты камкордукка алуу да биздин динге, үммөткө, маданиятка жана Ислам идеологиясына, өкүмдөрүнө ылайык болушу керек. Батыштын таасиринен эркин болуусу шарт. Болбосо Батыштын басым-кысымдарына баш ийип, алардан мыйзам алып, алардын системасына баш ийген мамлекеттин келечеги жок.

Биз эстен чыгарбашыбыз керек, Германиянын Тышкы иштер министри Дамасктан туруп: «Европа эч качан “исламий түзүмдөрдү” каржылабайт», деген жана «эгер зулум бийлик кулатылса, анын ордуна исламий өкмөт түзүлбөшү керек» деп эскерткен. Ошондой эле биз унутпашыбыз керек, Америка Сирияда бийликке карата ачык жана жашыруун түрдө өз шарттарын коюуда. Ал Батыш жана анын союздаштары бийликте исламга орун болбошун, Сирияда толук светтик башкаруунун орун алышын, ислам өкүмдөрүнүн четке сүрүлүшүн жана ислам мамлекеттик башкаруудан бөлүнүшүн каалашат. Алар жаңы бийликте өздөрүнүн адамдары жана куралы болушуна өзгөчө маани берип жатышат. Анткени алар өз кызыкчылыктары сакталарына ишенгиси келет. Ошондой эле АКШ өзүнүн асыраган баласы болгон яхудий түзүмүнүн коопсуздугуна кепилдик алууга аракет кылат. Ал өзүнчө топтордун (секталардын) укуктарын шылтоо кылып, аларга бийликте “рол” берүүнү колдойт жана Шам жергесин чек аралар менен чектелген, улутчулдукка негизделген тар ойлорго камап коюуга аракет кылат. Мунун баары Батыштын Ислам дүйнөсүндөгү үстөмдүгүн бекемдөө үчүн жасалууда.

Ошондуктан, заалимдин кулашынан кийин түзүлүүчү өкмөт Батыштын эмес, Шам элинин үмүтүн, талаптарын жана кан менен сугарылган революциясынын принциптерин чагылдыруучу өкмөт болушу шарт. Бул өкмөт бизге эмне кылууга болот, эмне кылууга болбойт деп буйрук берип турган Батыштын эмес, Аллахтын өкүмдөрүнө таянуусу зарыл. Анткени Батыш бүгүнкү күндө этникалык азчылыктар маселеси аркылуу өз таасирин сактап калууга аракет кылып жатат. Бирок бул алардын өз кызыкчылыктары үчүн, ал топтордун кызыкчылыгы үчүн эмес.

Үчүнчүдөн, Шам жергесиндеги революциянын чыныгы таянычы болгон калк үммөттүн тиреги экенин кайра-кайра далилдеди. Ар бир сыноодо жана кыйынчылыкта дал ушул эл революцияны, анын негизги ураандарын жана максаттарын коргоп келди. Бул калк көчөгө чыккан кыймылдын чыныгы күчү жана табигый таянычы. Ошондуктан, дал ушул калкка гана ишенүү керек. Бизге душман болгон режимдерге же мамлекеттерге таянып калууну ойлонуу туура эмес.

Газа менен Шамда яхудий түзүмүнүн кылган зомбулуктары буга мисал. Ал зомбулук жөн гана “жашыруун макулдук” менен эмес, Американын толук колдоосу менен ишке ашууда.

Акырында эстен чыгарбоо керек болгон нерсе, Шам жергесинде төгүлгөн кандын, берилген курмандыктын баасын эч нерсе толук жаба албайт. Мунун натыйжасы Ислам динине негизделген улуу мамлекеттин курулушу болушу шарт. Бул мамлекет кубаттуу, урматтуу жана бекем болуп, Ислам дининин желегин көтөрүп, анын башында Исламга берилген инсандар турушу керек.

Шам элинин үмүтүн ким чагылдырса, ошол адам Расулуллах ﷺ көтөргөн желекти көтөргөн, ошол адам Исламдын улуулугун жана үммөттүн өздүгүн коргогон адам болушу керек. Бул элди Аллахтын ыраазычылыгын бардыгынан жогору койгон, Шариатты колдонуу ишин биринчи орунга койгон гана адамдар башкара алат. Шам эли өз балдарын ушул жол үчүн курмандыкка чалган. Ошондуктан, биз Аллах Тааладан тилейбиз, бизге азыркы жеңиштерди берген Аллах, заалим Асад режими кулаган соң Өзүнүн ырайымын жана жеңишин берсин. Пайгамбарыбыз ﷺ  сүйүнчүлөгөндөй Ислам Халифалыгынын кайра кайтып келишине себепчи кылсын.

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Андан соң Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».

Устаз Насир Шейх Абдул Хай

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here