Яхудий лидерлери үйлөрүн өз колдору менен кыйратып, өлүмгө өз буттары менен барышууда

106
0

Яхудий лидерлери үйлөрүн өз колдору менен кыйратып, өлүмгө өз буттары менен барышууда

Өткөн бейшемби күнү яхудийлердин Кнессети (парламенти) сот реформасы долбоорунун алкагында судьяларды дайындоо комитетинин курамын өзгөртүү тууралуу мыйзамды кабыл алды. Бул оппозициянын бойкоту жана Жогорку Сотко кайрылып жаткан чакта болду. Сунушту 120 депутаттын ичинен 67си колдоп, бирөө каршы добуш берди.

Бул “жаңы-эски” кадам яхудий өкмөтү (премьер-министр Нетаньяхунун жетекчилиги алдында) 2023-жылдын башында баштаган сот реформасы долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Бул долбоор ошол кезде нааразылык толкунуна алып келген, бирок 2023-жылдын октябрында согуш башталгандан кийин ал толкун басаңдаган.

Жаңы мыйзам судьяларды тандоо комитетине байланыштуу өзгөртүүлөрдү камтыйт. Бул мыйзам боюнча судьяларды тандоо комитети 9 мүчөдөн түзүлөт: Жогорку Соттун төрагасы, ал жактан дагы эки судья, Адилет министри жана дагы бир министр, коалициядан бир Кнессет мүчөсү, оппозициядан бир Кнессет мүчөсү, жарандык коом өкүлдөрүнөн экөө. Алардын бирин коалиция, экинчисин оппозиция дайындайт. Азыркы учурда судьялар, анын ичинде Жогорку Соттун судьялары, 9 адамдан турган комитет аркылуу тандалат. Анын курамында судьялар, депутаттар жана Адвокаттар ассоциациясынын мүчөлөрү бар жана алар Адилет министринин көзөмөлүндө иштешет.

Бул өзгөртүүнүн маңызы сот системасын, айрыкча Жогорку Сотту, аткаруу жана мыйзам чыгаруучу бийликтен көз карандысыз абалда калтыруунун ордуна, аларга көз каранды кылуу болуп саналат. Мисалы, бул мыйзам аркылуу министрлер (аткаруу бийлигинен), Кнессеттин мүчөлөрү (мыйзам чыгаруучу бийликтен) жана башка өкүлдөр сот системасына түздөн-түз таасир бере алат. Ошентип, сот бийлиги өкмөттү көзөмөлдөй турган эмес, тескерисинче ага баш ийген же анын багытында иш алып барган түзүм болуп калат.

Оппозиция муну “жаңы мыйзам чыгаруучу жана аткаруу бийлигин көзөмөлдөп туруучу механизмдерди жоготуп, демократияны либералдуу эмес башкарууга түртүшү мүмкүн” деп сыпаттады.

Ал эми өкмөт, Адилет министри Ярив Левиндин айтымында, бул мыйзам “мыйзам чыгаруучу жана сот бийлигинин ортосундагы баланс”ты камсыз кылууга багытталган.

Яхудий түзүмүндө ички жаңжалдын күчөшүнө өбөлгө түзгөн нерсе, бул мыйзам ички коопсуздук кызматынын башчысы Ронен Барды кызматтан алуу аракеттери жана башкы прокурор Гали Бахарав-Меараны кызматтан четтетүү жараяны менен кошо келүүдө. Бул жагдай оппозиция тарабынан Нетаньяху жана азыркы өкмөттүн оңчул жана ашынган оңчул партиялары Яхудий түзүмүндө үстөмдүккө жетүү жолунда олуттуу кадамдар катары бааланууда. Ошентип, Нетаньяху жана анын өкмөттөгү союздаштары аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигин бир колго топтоо менен бийликтин бардык рычагдарын өзүнө топтоп жатат.

Чынында, бул өзгөрүүлөр коррупция боюнча айыптоодон жана соттолуудан Нетаньяхунун кутулуу аракети катары бааланууда. Бул өзгөрүүлөр Нетаньяхунун жеке кызыкчылыктарына кызмат кылып жатканы талашсыз. Мисалы, алар аны шантаждан коркпогон күчтүү адамга айландырып коёт. Ал тургай, ал Шабак (ички коопсуздук кызматы) жетекчисин кызматтан алуу аракетин “менден шантаж аркылуу бир нерсе талап кылды” деп негиздеген. Бирок бул жерде андан да маанилүүсү либерал агымдагы жана “терең мамлекеттин” айрым фигураларынын олуттуу кооптонуулары. Алардын коркуусу Жогорку Соттун ыйгарым укуктары жана судьяларды тандоо философиясына байланыштуу.

Яхудий түзүмүнүн негиздөөчүлөрү жана “терең оюнчулары” сот бийлигине көз карандысыздыкты жана аткаруу бийлигине үстөмдүк кылуучу ыйгарым укуктарды бериш үчүн атайын мындай структураны тандашкан. Алар киргизген “акылга ылайыктуулук мыйзамы” сыяктуу жоболор Нетаньяхунун өкмөтү 2023-жылдын октябрына чейин сунуштаган өзгөртүүлөрдө талаш-тартыш жараткан негизги маселелерден болгон. Ошол өзгөрүүлөргө каршы массалык демонстрациялар болгон. Бул негиздөөчүлөр жана “акыл калчагандар” сот системасын сактап калуу аркылуу бийликтин чектен чыгышын, Яхудий түзүмүнө тикелей же кыйыр зыян келтире турган шашылыш чечимдерди токтотууну максат кылышкан.

Азыркы кырдаалда, оңчул жана ашынган оңчул партиялар Кнессет менен өкмөттү толук көзөмөлгө алганы үчүн, аларга бардык чечимдерди кабыл алууга эркин жол ачып берүү диний кыялдарга жетүүгө аракет кылууга, согуштук кагылышууларга алып келүүгө түрткү болушу мүмкүн. Бул болсо, акыл калчагандар көргөндөй, Яхудий түзүмүнүн өзүнүн жок болушуна себеп болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, Жогорку Сот жана сот системасынын ролу бийликтегилердин ашынган кадамдарын токтотуп туруу, опурталдуу чечимдердин алдын алуу болуп саналат.

Бүгүнкү көрүнүп турган абал – яхудий түзүмүндө мыйзам чыгаруу жана элдик көпчүлүк – оңчул жана ашынган оңчул күчтөрдүн колунда. Ушундан улам солчулдар жана секулярчылар Нетаньяхуну жана анын өкмөтүн кулата алышкан жок. Анын чечимдерине бөгөт коё алган да жок. Канча кызматтан кетүүлөр, бойкоттор жана мөөнөтүнөн мурда шайлоого чакырыктар болсо да бул аракеттери натыйжа берген жок. Өкмөт азырынча бекем кармалып турат жана ашынган оңчулдар парламент аркылуу саясий сахнага үстөмдүк кылып турушат.

Биз, мусулмандар үчүн, бул окуялардан маанилүүсү Нетаньяху жана ашынган оңчулдардын азыркы багыты жана ылдам аракеттери өздөрүнүн түзүмүн жана өздөрүн үммөт менен сөзсүз боло турган кагылышууга карай сүйрөп бара жатышканы. Алар өздөрү байкабастан Ислам үммөтү менен кагылышууну тездетип жатышат. Бул болсо Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнүн чындыгын көрсөтөт:

﴿وَقَضَيْنَا إِلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ فِي الْكِتَابِ لَتُفْسِدُنَّ فِي الأَرْضِ مَرَّتَيْنِ وَلَتَعْلُنَّ عُلُوّاً كَبِيراً﴾

«Ошондой эле, биз бани Исраилге ал Китепте: «Силер албетте (Шам) жергесинде эки ирээт бузукулук кыласыңар жана чоң менменсинүүгө берилесиңер», деп кабар бердик». (Исра, 4)

﴿فَإِذَا جَاء وَعْدُ أُولاهُمَا بَعَثْنَا عَلَيْكُمْ عِبَاداً لَّنَا أُوْلِي بَأْسٍ شَدِيدٍ فَجَاسُواْ خِلاَلَ الدِّيَارِ وَكَانَ وَعْداً مَّفْعُولاً﴾

«Анан, качан ал (бузукулук)тардан биринчисин жасоо убагы келгенде, Биз силердин үстүңөргө (кылган иштериңерге жараша жазалоо үчүн) күч-кубат ээлери болгон пенделерибизди жибердик. Алар (силерди жок кылуу, туткунга алуу үчүн) короо – жайларды аралап тинтишти. (Бул убада) аткарылуучу убада болду». (Исра, 5)

﴿ثُمَّ رَدَدْنَا لَكُمُ الْكَرَّةَ عَلَيْهِمْ وَأَمْدَدْنَاكُم بِأَمْوَالٍ وَبَنِينَ وَجَعَلْنَاكُمْ أَكْثَرَ نَفِيراً﴾

«Кийин (тообо кылып өзүңөрдү ондогонуңардан кийин) Биз силерди кайрадан алардын (Бабил өкүмдарынын) үстүнөн жеңишке ээ кылдык жана силерге мал – дүйнө, бала – чака (атаа кылуу) менен жардам берип, саныңарды көбөйттүк». (Исра, 6)

﴿إِنْ أَحْسَنتُمْ أَحْسَنتُمْ لِأَنفُسِكُمْ وَإِنْ أَسَأْتُمْ فَلَهَا فَإِذَا جَاء وَعْدُ الآخِرَةِ لِيَسُوؤُواْ وُجُوهَكُمْ وَلِيَدْخُلُواْ الْمَسْجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَلِيُتَبِّرُواْ مَا عَلَوْاْ تَتْبِيراً﴾

«Эгер (ушундан кийин) жакшы иштерди жасасаңар – өзүңөрго жакшылык кылган болосуңар. Эгер жаман күнөө иштерди кылсаңар да өздөрүңөр үчүн. Анан, качан кийинки (бузукулуктун) убакты – сааты келгенде, жүздөрүңөрдү кара кылуулары, абалкы ирээт киргендери сыяктуу Масжид (ал-Аксага басып) кирип, (аны тебелеп тепсөөлөрү) үчүн ошондой эле ээлеп алган (бардык) жерлерди ойрон кылуулары үчүн (дагы душмандарыңарды силердин үстүңөргө жиберебиз)». (Исра, 7)

Демек, бул аракеттер алардын жер бетиндеги экинчи бузукулугуна себеп болуп, кийинки талкаланышынын башаты болот. Аллах Таала айтты:

﴿وَإِنْ عُدتُّمْ عُدْنَا وَجَعَلْنَا جَهَنَّمَ لِلْكَافِرِينَ حَصِيراً﴾

«Эгер (дагы бузукулукка) кайтсанар, биз да (силерди жок кылууга) кайтабыз. Биз каапырлар үчун тозокту (эч чыга алгыс) зындан кылып койгонбуз». (Исра, 8)

Буга чейин Яхудий түзүмүн сакталып келишине себеп болгон алардын ичиндеги айрым акылдуулардын сабырдуу жана эсепчил мамилеси болчу. Эгер бул акыл-эстүүлүк жоголсо, анда ал сөзсүз түрдө жаңжалдын күчөшүнө, бузукулукка, жана кырдаалдын жарылып кетер чекке жетишине алып келет. Бул нерсени яхудий түзүмүнүн негиздөөчүлөрү жакшы түшүнүшкөн. Бирок бүгүнкү бийликтегилер аны унутуп, текебердик жана аша чабуучулук менен алек болуп калышты. Өздөрүн күчтүү жана чечкиндүүмүн деп ойлошууда. Муну алардын премьер-министри Нетаньяху өзү да айтып жатат:

«Биз 7 фронтто согушуп жатабыз жана душмандарыбызга каршы жеңишке жетүүдөбүз».

Ошентип, азыркы учурда Нетаньяху жана анын башкаруучу коалициядагы өнөктөштөрү өздөрүн чынында эле күчтүүмүн деп ойлошууда. Алар кереметтерди жарата алабыз деп ишенишет. Анткени алар ошол жети фронтто (алардын көбү мамлекеттер эмес, топтор менен болгон) эч ким аларга туруштук бере албаганын көрүштү. Аларга Америка жана бүтүндөй Батыш ар тараптан жардам берип жатканы көрүнүп турса да, бул колдоону өздөрүнүн акылы жана күчү менен байланыштырууда. Батышты өз тарабына тартып, мусулмандардын башкаруучуларын өздөрүнө кошо алдык деп, текеберленүү жана көкүрөк каккандыкка малынышты. Натыйжада, алардын көздөрү көр болуп, жүрөктөрүн мөөр басты.

Бул — алар үчүн Аллахтын уруксаты менен акыркысы болот. Анткени Аллах Таала алардын экинчи жолу көтөрүлүп, бузукулук кылышы менен жок болорун кабар берген. Алар ошол жолдун соңуна жакындап калышты.

Үммөт болсо кайнап жаткан казандагы суудай болуп турат. Яхудийлердин текеберлиги Трамп жетектеген Америкадагы текеберчилик менен коштолуп, бардык аймактагы элдердин абалынан башкаруучулардын көзөмөлү чыгып бара жатат. Бул кудум Аллах Тааланын сааттай так башкаруусу, үммөт менен душмандар ортосундагы чечкиндүү кагылышууга шарт түзүүдө. Аллах Таала мындай деген:

﴿هُوَ الَّذِي أَخْرَجَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ مِن دِيَارِهِمْ لِأَوَّلِ الْحَشْرِ مَا ظَنَنتُمْ أَن يَخْرُجُوا وَظَنُّوا أَنَّهُم مَّانِعَتُهُمْ حُصُونُهُم مِّنَ اللهِ فَأَتَاهُمُ اللهُ مِنْ حَيْثُ لَمْ يَحْتَسِبُوا وَقَذَفَ فِي قُلُوبِهِمُ الرُّعْبَ يُخْرِبُونَ بُيُوتَهُم بِأَيْدِيهِمْ وَأَيْدِي الْمُؤْمِنِينَ فَاعْتَبِرُوا يَا أُولِي الْأَبْصَارِ﴾

«Ал (Алла Таала) ахли Китептен (яхудийлерден) каапыр болгон кимселерди, биринчи топтогондо эле өз мекендеринен айдап чыгарган Зат. (эй момундар), силер алардын чыгып кетүүлөрүн ойлогон да эмес элеңер. Алар да өздөрүнүн коргон-калааларын Алла (нын азабынан) тосот деп ойлошкон эле. Ошентип, Алла(нын азабы) алар эсепке албаган тараптан келди, жана жүрөктөрүнө коркунуч салды. Алар үйлөрүн өз колдору жана момундардын колдору менен бузушат. Демек, эй акыл ээлери, (алардын акыбалынан) үлгү алгыла!» (Хашр, 2)

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук Маалымат бөлүмүнүн мүчөсү Бахир Салих

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here