Палестина жыйындарды эмес, боштондукту күтүп жатат

43
0

Палестина жыйындарды эмес, боштондукту күтүп жатат

2025-жылдын 25-мартында шейшемби күнү Йемендин борбору Санаа шаарында “Палестина – үммөттүн борбордук маселеси” деген ураандын алдында өткөн үчүнчү конференция жыйынтыкталды. Бул конференция төрт күнгө созулуп, жергиликтүү жана араб-ислам дүйнөсүнөн жана эл аралык деңгээлдеги өкүлдөрдүн катышуусунда өттү. Конференцияда Йемен, Палестина, Ливан, Тунис, Ливия, Египет, Индия, Малайзия жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн келген катышуучулар, изилдөөчүлөр жана активисттер тарабынан даярдалган 173 илимий баяндама жана талкуу баракчалары ар түрдүү багыттар боюнча каралды.

Конференциянын жүрүшүндө Газа эли жана палестиналык качкындар үчүн туруктуу гуманитардык жардам көрсөтүү максатында эл аралык жардам фонддорун түзүү чакырыгы көтөрүлдү. Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү сионизмге каршы күрөш жүргүзгөн боштондук кыймылдары менен биригип, Палестина маселеси боюнча кеңири колдоо алуу сунушталды. Конференциянын жыйынтыктоочу билдирүүсүндө Яхудийлердин товары жана алардын негизги каржылоочусу болгон Америка продукцияларын бойкот кылуу өнөктүгүн кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Биз эч кандай күмөнсүз айта алабыз: бул башкаруучулар Алланын алдында да, анын пенделеринин алдында да чиркейдин канатындай да бааланбайт. Алар элди сактабайт, жерди да коргобойт. Алар каапыр оторчуларга бул өлкөлөрдүн байлыктарын, абасын, жерин, асманын жана сууларын ачып беришти. Алар болсо ушул жерлерди колдонуп, мусулмандардын өлкөлөрүн басып алууда. Ушул себептен улам биз буларды эске алууну токтотконбуз. Андыктан, сөзүбүздү бул башкаруучуларга эмес, үммөткө жана анын аскерлерине багыттайбыз. Алардын намысын ойготуу үчүн жана бул башкаруучулар үммөт үчүн зыян жана залал экенин түшүнүшү үчүн айтабыз. Исламда зыяндуу нерсени жок кылуу парз. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан: “لاَ ضَرَرَ وَلاَ ضِرَارَ فِي الإِسْلاَمِ”

«Исламда зыян келтирүү да, зыянга жооп кайтаруу да жок».

Ар бир зыянды кечеңдетип жок кылуу анын кооптуулугун күчөтүп, зыянынын жайылышын кеңейтет. Натыйжада, өкүнгөн менен пайда болбой турган күн келет. Мусулмандардын тагдыр чечүүчү маселеси Халифалык. Анткени ал үммөттү бириктирет, саптарын жыйнайт, халифа алар аркылуу душмандарына каршы күрөшөт, аларды коргойт, артын бекемдейт, жерлерин бошотот. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

Имам — калкан, анын артынан туруп согушулат жана аны менен корголот.”

Үммөт бүгүнкү башкаруучулар жана жетекчилер менен өзүнүн ортосунда чоң ажырым бар экенине бекем ишенип турат. Үммөт намыс жана улуулукка толгон зоо тоолордун боорунда турушса, жаштары асман менен жарышып көтөрүлүп жатса, алардын башкаруучулары кордук менен кемсинтүүгө толгон терең өрөөндөрдө жашап жатышат. Үммөт балдарынын баатырдыгы аркылуу Палестинаны бошотуу үчүн яхудийлерге каршы турууга болгон чыныгы ниетин көрсөтүп жаткан чакта, башкаруучулар болсо конференциялар менен багынуунун демилгелерине умтулуп жатышат.

Ошондуктан, эгерде бул чыккынчы башкаруучулар жана алардын саткын түзүмдөрү сакталып турса, яхудийлерге каршы да, башка душмандарга каршы да жеңишке эч качан жетпейбиз. Бул башкаруучулар каапыр Батышка жерди, абаны, ресурстарды, атүгүл армияларды да берген. Алар мусулмандарды дүйнөнүн бардык бурчтарында зулумдан куткаруунун ордуна, яхудийлердин баскынчы куралын колдоп, Батыш ээлеринин кызыкчылыгы үчүн согуштарды жүргүзүшүүдө. Бул башкаруучулар дал ушул яхудий куралын сактап келаткан алдыңкы күзөтчүлөр, алар ага калкалоо, коргоо жана колдоо берип, бул караңгылыкка толгон жети он жылдыкты улантууга шарт түзүштү. Ошондой эле, алар мусулмандардын жүрөгүнө үмүтсүздүк жана багынуу сезимин сиңирүүгө аракет кылып келишет. Алар “душмандарды жеңе албайбыз” деген жалган ишенимди жайышууда. Халифалык кулатылгандан бери ушул үммөттүн жеңишине, анын ичинде Палестина сыяктуу ыйык жерлерди бошотуусуна негизги тоскоол болуп келатышат.

Кан төгүү, Палестинадагы мусулмандардын азап-тозогу, энелердин көз жашы менен жетим балдардын ыйлары мусулмандардын армиялары Палестинаны толук бошотконго чейин бүтпөйт. Бул үммөттү басып турган азапты токтотуунун жападан-жалгыз, реалдуу жана түбөлүк чечими бул кыянатчы башкаруучулардын тактыларын кулатып, үммөттүн армияларын кан төгүүнү токтотуп, мусулмандардын жерлерин бошотууга багыттоо.

Эгер Батыш державалары өз куралдарын, байлыктарын бириктирип, яхудий куралын геноцид жүргүзүү үчүн колдосо, анда биздин армиялар биригип, ошол кандуу кыргындан бир туугандарын куткарууга милдеттүү эмеспи?! Душмандар менен баскынчылардын таңуулаган чечимдери үммөттү туура чечимден буруу үчүн колдонуудан башка эч нерсе эмес. Алар сунуштаган убактылуу, жарым-жартылай чечимдер үммөттү өз милдетинен алыстатуу үчүн берилген “уктатуучу” каражаттар гана.

Чыныгы чечим — Палестинаны бошотуу боюнча шаръий көз карашты эл эмне себептен кабыл албай жатканын баяндап берет. Ал ошондой эле аскерлер эмне үчүн казармаларда отуруп, кайра-кайра кайталанган үндөргө жооп бербей жатканын ачып берет. Бул чечим үммөт менен армиялардын ортосундагы ажырымды тереңдетүүгө аракет кылгандарды жана “аскерлер жөн гана башкаруучуларга баш ийген, эч пайдасы жок” деген калпты ашкерелейт. Ошондой эле бул жалган сөздөрдү аскерлердин арасындагы айрым ыкласуу мусулмандарды мисал келтирүү менен жокко чыгарат. Алар дин үчүн жанын берип, Аллахтын сөзүн үстөм кылуу үчүн курман болушкан. Мындан сырткары, коомдук аң-сезим менен жалпы пикирдин аскерлердеги чынчылдарды ыйык жер болгон Палестинаны жана башка бардык басып алынган мусулман өлкөлөрүн бошотууга түрткү берүүдөгү ролун баса белгилейт. Бул дүйнөгө жакшылык жайылтуунун жолу.

Ошондуктан, үммөттүн душмандарына жүгүнгөн, саткын башкаруучуларды тактан кулатып, Аллах ага милдет кылган ишти – мусулмандарды коргоо жана сактоо милдетин түшүнгөн жаңы жетекчилик жана түзүмдү алып келүү — парз. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«الإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

“Имам башкаруучу жана ал өзүнүн карамагындагылар үчүн жоопкер.”

Мындай жетекчилик Аллахтын буйругуна ылайык дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун зулумга кабылган мусулмандарды коргойт, бардык басып алынган мусулман жерлерди бошотот, динине жана үммөтүнө чын ыкластан кызмат кылат, душмандарга каршы турат, Ислам өлкөлөрүндөгү баскынчылыктын чынжырларын талкалайт жана үммөттүн армияларын анын чыныгы милдетин т.а. үммөттү жана динди коргоо ишин аткарууга үндөйт.

Хизб ут-Тахрир Пайгамбарлык жолундагы экинчи Халифалыкты куруу үчүн, бул ишти чечүү тепкичине жетти. Ал үммөттү, айрыкча анын күч жана кудурет ээлерин, өзүнүн бул улуу ишинде колдоого, жардам берүүгө жана акырет менен дүйнөнүн жеңишине ортоктош болууга чакырат. Анткени Аллах Өз ишин бүтүрөт, убадасын аткарат. Эгерде ушул оор мезгилде жашап жаткан муун бул улук урматка татыктуу болбой калса, анда аларга Аллахтын сөзү тийиштүү болот:

﴿وَإِن تَتَوَلَّوْا يَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُونُوا أَمْثَالَكُمْ﴾

«Эгер силер (Аллага моюн сунуудан) жүз буруп кетсеңер, Ал Зат (ордуңарга) силерден башка бир коомду алмаштырып койот. Андан кийин алар силерге окшогон болушпайт, (Тескерисинче Аллага моюн сунуп сыйынышат)!» (Мухаммад, 38)

Устаз Абдуллах аль-Кадий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here