Аялдын саясий укуктары: Ислам менен капитализмдин ортосунда

91
0

Аялдын саясий укуктары: Ислам менен капитализмдин ортосунда

«Аялдын саясий укуктары» деп аталган түшүнүк — капиталисттик идеология аялга сунуш кылган укуктардын ичиндеги эң өзгөчөсү десек болот. Бул укуктар дүйнө жүзүнө, өзгөчө тарыхы терең ислам цивилизациясына ээ мусулман өлкөлөрүнө таңууланып келет. Ал эми исламда аялдын саясий укуктары жана коомдогу өзгөчө ролдору бар. Бирок бул укуктар Батыштагы аялдардын саясий укуктарынын көчүрмөсү эмес. Анткени Батыштагы “аял укуктары” деген ураандар чындыгында аялга эч кандай чыныгы эркиндик бербей, тескерисинче, аны сасык капитализмдин казанында эритип, аялды акча табуунун куралына айландырды. Ал жерде аял — товар, ал эми анын эксплуатациясынан пайда көргөн — байлар менен капиталисттер.

Буга карама-каршы түрдө, исламда аялдын саясий укуктары урмат жана адилеттүүлүккө негизделет. Бул укуктар аялдын Жаратуучусу ыраазы болгон милдеттер менен укуктардын негизинде берилген.

Батыштагы аялдардын саясий турмушка катышуусуна кылдат көз салган киши, анын катышуусу негизинен аты эле бар, заты жок, формалдуу катышуу экенин түшүнөт. Көп учурда аялдардын маселелери шайлоого талапкерлердин программасында добуш алуу үчүн гана пайдаланылат. Бул болсо капитализмдин бардык маселелерге карата мамилеси, тагыраагы, мамлекеттин башкы максаты болгон материалдык пайда. Эгер аял мамлекетке экономикалык жактан пайда алып келбесе, анда ал маанилүү маселе катары каралбайт. Аял секулярдык экономикалык системага пайда алып келбесе же шайлоодо жеңиш алып келмейинче, анын баасы нөлгө барабар.

Ал эми аялдар үчүн мыйзам чыгаруу органдарында же парламентте белгилүү сандагы орундарды кепилдөө деген “аялдар квотасы” деп аталган нерсе алдамчылык. Бул жалганды жана көз боёмочулукту элге сиңирүүнүн бир ыкмасы. Бул максатта саясий партиялардын түзүмүндөгү бардык деңгээлдерде аялдар үчүн орун бөлүүнү милдеттендиришет. Сыягы, алар аял үчүн атайын “ролдорду” жаратып жатышкансыйт, бирок бул ролдор аялга адилеттүүлүк же укук берүү үчүн эмес, аны алдоо жана жасалма көрүнүштөрдү түзүү үчүн.

Өзү парламент деген нерсе элдин көңүлүн буруу үчүн түзүлгөн бир каражат. Ал “мамлекетте силердин өкүлдөрүңөр бар” деп, элге болгон нааразычылыктан бошонууга жардам берет. Чыныгы абал башкача, бийликти башкарып, элдин тагдырын чечкендер капитализмдин кожоюндары, акчалуу байлар жана ишкерлер. Парламенттеги мыйзамдарды добушка коюу же кандайдыр бир мыйзамды аткаруу тууралуу чечимдерди кабыл алуу эл өкүлдөрүн чыныгы темалардан алаксытуу үчүн гана колдонулат. Чыныгы эсеп-кысап, чыныгы жоопкерчилик деген нерсе капиталисттик Батыш цивилизациясында дегеле жок.

Парламенттер жана мыйзам чыгаруу кеңештери жөн гана декорация, алар өзүнө жүктөлгөн чыныгы милдетти аткарбайт. Аялдар маселеси да капитализм ойлоп тапкан жана аялды пайдалануу үчүн гана колдонулган жасалма темалардын бири.

Билбегендер үчүн белгилей кетели, Батыштагы капиталисттик колониалдык цивилизация аялга добуш берүү укугун башында такыр берген эмес. Батыш аялдары шайлоого катышуу укугуна узак жылдар бою күрөшүп жатып гана жетишкен. Мисалы, АКШ аялга шайлоого катышуу укугун 1922-жылы гана берген. Ал эми “жалган эркиндиктердин энеси” деп аталган Франция болсо, бул укукту 1944-жылы гана тааныган. Бул аялдардын саясий турмушка катышуусунун чыныгы жүзү, капиталисттик Батыш цивилизациясынын чындыгы.

Ал эми мусулман өлкөлөрүндө аялдардын саясий аралашуусу аялдын азап-тозогун жеңилдетүүдө ийгиликке жетмек тургай, тескерисинче, жогорку деңгээлдеги ийгиликсиздикти көрсөттү. Аялдар ачарчылыкта, жакырчылыкта, согуштун азабында каза болууда. Ал эми Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү тармагындагы стандарттар жөнүндө сөз кылуунун өзү ашыкча! Булардын баары аялдар парламенттерде, министрликтерде, а түгүл мамлекеттин жогорку кызматтарында көп санда болушуна карабастан жүз берип жатат. Себеби капиталисттик саясаттын табияты ушундай. Ал адамзаттын көйгөйлөрүн чече турган максат менен эмес, материалдык пайда табуу үчүн гана иш алып барат. Анткени, капитализм өзү ички карама-каршылыктарга толгон түзүм. Ал өзүнүн негизги принциптерин да жутуп жиберүүгө даяр, болгону өзүнүн пайдапарастык мүнөзүн сактап калуу үчүн алдоочу куралдарды ойлоп табат.

Ал эми Исламда аялдын саясий активдүүлүгү ачык-айкын жана илгерки доордон белгилүү. Ал Пайгамбарыбызга ﷺ  алгачкы вахий келген күндөн тартып эле көрүнө баштаган. Хадича энебиз (رضي الله عنها) чыныгы саясий аял болгон. Ал дааваттын жүгүн өз ийинине көтөрүп, колунда бар нерсеси менен Расулуллахты ﷺ  колдоп, кеңешчи жана таяныч болгон.

Экинчи Акаба байатында да аялдар болгон. Нусайба бинт Ка’б (Умм Умара) жана Асма бинт Амр бин Ади. Алар да элчи болгон делегациянын ичинде болгон жана бул байат саясий колдоого, аскерий коргоого берилген убада болгон.

Халифа Умар ибн аль-Хаттаб (р.а) каза болгондон кийин, Абдуррахман ибн Ауф (р.а) мусулмандар менен кеңешип, кимге байат берилерин аныктоо үчүн элдин, анын ичинде аялдардын да пикирлерин угууга аракет кылган. Ал тургай, үйлөрүндө отурган жаш кыздардын да оюн сураган.

Ал эми саясий кеңеш боюнча Пайгамбарыбыз ﷺ  Худайбия келишиминде өтө оор саясий кырдаалга туш келгенде, жубайы Умм Салама رضي الله عنها  менен кеңешип, андан эң акылдуу, пайдалуу кеңеш алган.

Умар ибн аль-Хаттаб (р.а) адатта эркектер менен аялдарды мечитке чогултуп, алар менен ар түрдүү маселелерди талкуулап, алардын пикирлерин угуп турчу. Ал айрыкча Шифаа бинт Абдуллахтын пикирин саясий иштерде көп сурап турчу, анткени ал акылы зирек жана көрөгөч аял болгон. Көп учурда анын оюн башкалардыкынан артык көрчү.

Ошентип, Исламда аялдардын саясий укуктары саясатка чыныгы катышуу, коомдун көйгөйлөрүн чечүү, акыйкат дааватты көтөрүү жана үммөттү көтөрүүдө маанилүү рол ойнойт. Бул капиталисттик цивилизациядагы аялдын саясий катышуусу тууралуу жалган ураандар менен салыштырганда асман менен жердей айырманы билдирет. Анткени Батыштын алдамчы чакырыктары чындыгында материалдык кирешенин гана кызыкчылыгын көздөйт. Ал эми Ислам аялды чыныгы өзгөрүүгө шерик кылат.

Гада Абдуль-Жаббар, Умм Ауаб

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here