Депутаттарга кызматтык унаалар берилет

45
0

Депутаттарга кызматтык унаалар берилет

Жогорку Кеңештин 90 депутатына кызматтык унаалар берилет. Бул тууралуу жобо парламенттин 3-апрелдеги жыйынында белгилүү болду. Учурда Жогорку Кеңештин төрагасында жана орун басарларында, бир катар айым депутаттарда кызматтык унаа бар.

          Айрым маалымат каражаттары парламенттеги жеке булактарына шилтеме берип, депутаттарга Li Xiang L7 жана Li Xiang L9 үлгүсүндөгү электромобилдерди алуу пландалып жатканын жазышкан. Бул унаалардын базар баасы 40 миң доллардан 60 миң долларга чейин жетет.

Комментарий:

Тилекке каршы, мусулман калктан чогулган салыктар динибизге каршы мыйзамдарды кабыл алган депутаттардын кымбат унааларда жүрүүсү үчүн сарпталып жатат. Алар дин тууралуу мыйзамдын алкагында никабга, дааватка тыюу салууну колдошту. Бузукулуктун булагы болгон казинолорун өлкөдө ачылышын колдоп беришти. Мусулмандардын ар кандай шылтоолор менен камалып жатышына үн чыгарышпайт. Карапайым калктан чогулган салыктар депутаттарга ушундай амалдары үчүн сыйлык катары берилип жатабы?

Мунун каршысында, Халифалык доорунда азирети Умар жетекчилердин калктан айырмаланып кийинип, тамактануусуна да тыюу салган. Өзүнүн да кийим жана тамагын калктын абалына карап белгилеген. А түгүл, ачкачылык каптаган мезгилде май, эт жегенден да тыйылган.

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here